Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:35

Молдова: Конституциялык сот добуштар толук кайра саналсын деп чечти


Кишиневдеги демонстрация, 12-апрель
Кишиневдеги демонстрация, 12-апрель

Молдованын Конституциялык соту президент Ворониндин суранычына жараша 5-апрелдеги парламенттик шайлоонун жыйынтыгы толук бойдон кайра эсептелсин деп чечти. Жекшемби күнү да Кишиневде саясый эркиндикти жана 7-апрелдеги тополоңдуу митингде кармалган адамдарды бошотууну талап кылган демонстрация өттү.

Молдованын Конституциялык сотунун чечимине ылайык, добуштар тогуз күндүн ичинде толук кайра эсептелик чыгууга тийиш. Добуштарды кайра саноону Молдова президенти, шайлоодо жеңген Компартиянын лидери Владимир Воронин сураган. Конституциялык соттун төрагасы Дмитрий Пулберенин сөзүнчө, шайлоочулардын тизмелери да текшерилет. Себеби оппозиция тизмеге өлүү жандар да киргизилген деп ырастоодо.

5-апрелдеги парламенттик шайлоодон кийин добуш берүүнүн жыйынтыгына канааттанбаган оппозиция нааразылык акцияларына чыга баштаган. 7-апрелдеги митинг тополоңго айлынып кетип, маалыматтарга караганда, ондогон адамдар жараат алган, жүздөгөн адамдар камакка алынган. Полиция менен тирешүүдө таяк жеген 23 жаштагы Валерий Бобко 8-апрелде ооруканага бараткан жолдо жан берген. Маркумдун ата-энесинин айтышынча, Валерийдин өлүмүнө полицияканада айоосуз сабалганы себеп болгон. Полиция Валерий элди тынчытуу үчүн колдонгон газдан өлгөнүн билдирди.
Молдова оппозициясынын жактоочулары, 10-апрель, Кишинев

Жекшемби күнү да Кишиневдун борбордук аянтында 5 миңдей адам катышкан нааразылык акциясы өттү. Аянтка чоң сандагы полиция күчтөрү көз салып турду жана оппозиция жактоочуларын аймактардан ташып келген автобустарды текшерип жатты.

Жыйында Либерал-демократтык партиянын башчысы Влад Филат сүйлөп, коопсуздук күчтөрүн шайлоодон кийинки нааразылык акцияларынын катышуучуларына орой мамиле жасады деп сындады жана саясый туткундарды абактан чыгарууну талап кылды:

-Биз өкмөттөн алар баштаган коркутууну токтотууну, полиция камакка алган бардык саясый туткундарды эч кандай шартсыз жана токтоосуз бошотууну, шайлоочулардын тизмесин текшерүү үчүн ылайыктуу шарт түзүүсүн суранабыз.

11-апрелде Молдованын Ички иштер министрлиги тополоңдо кармалган 166 адамга кылмыш иши ачылганын, башка 129 адамга административдик жактан чара көрүлөрүн билдирди.

БШК ишемби күнү президент Воронин башындагы Коммунисттик партия 49,5 процент добуш менен жеңгенин тастыктаган. Бирок комиссиянын тогуз мүчөсүнүн үчөөсү добуш берүү учурунда “орой мыйзам бузуулар” болгонун билдиришкен. БШКнын чечимине жараша, коммунисттер 101 орундуу парламентте 60 мандатка ээ болушат.

XS
SM
MD
LG