Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:39

Молдова: "Чаарбаштардын чатагыбы" же "бүтпөй калган ыңкылаппы"?


Молдовадагы окуялар коомдук пикирде бир беткей баа алган жок. Орус маалымат каражаттары Кишиневдогу аламан жыйындарды "чаарбаштардын чатагы" катары сыпатташты, батыштагылар аларга жалпысынан адам укуктарынын аңытында карашты.

Россиялык телеканалдарда чыгып сүйлөгөн эксперттердин көбү Кишиневдогу окуялардан "чет өлкөлөрдүн, алардын ичинде Румыниянын" кутумдугун көрүштү. Эл аралык мамилелер боюнча парламенттик комитеттин төрагасы демонстранттарды түз эле "террорчулар" деп атады. Ырасмий статусу бар "Российская газета" тополоңдор үчүн Батышты айыптап, Молдовада "жарандык согуш тутанганы турганын" эскертти.

"Москвалык бийликтер региондордо капыл-тапыл массалык тополоңдор чыгып кетеби деп өтө кооптонот, ошондуктан орус телеканалдары Молдовадагы окуяларды жалаң тетири кыяптан көрсөтүштү”, - дейт москвалык саясий эксперт Дмитрий Орешкин.

Heritage Foundation аналитикалык борборунун кызматкери Евгений Волк ичте быша баштаган нааразылыктарды сыртка чыгарганга жылчык калтырбай, Кремль элдик толкунга өзү шарт түзүп жатканын бөлүп көрсөттү. "Эгер экономикалык кырдаал кескин начарлап кетсе, мындан баарыдан мурда жаштар чоң азар көрөт. Алар аламандап, айгай салып көчөгө чыгып кетишеби деп бийликтер өзгөчө дал ушундан чочулашат".

Батыштагы басылмалар, башка маалымат каражаттары Кишиневдогу окуяларды жалпысынан молдован демонстранттарына жан тарткан кыязда баяндашты. Евросоюз эки тарапты тең зобун-зомбулук аракеттерден сактандырды, ошол эле учурда шайлоого нааразы болгондор тынч демонстрацияларды өткөргөнгө укуктуу экенине бийликтердин назарын бурду.

АКШдагы Мэриленд университетинин профессору,теги жагынан румын илимпозу Владимир Тисманэну Молдовадагы окуяларды бир кезде Чыгыш Европаны каптаган антикоммунисттик революциялардын бүтпөй калган этабы деп баалады. Атайы "Азаттык" үчүн жазган комментариясында ал азыркы окуялар ушуну менен эле токтобойт, жаш муундагы молдовандар өлкөдөгү коммунисттик бийликти кулатканда, анын ордуна демократиялык күчтөр келгенде гана ыңкылап аяктайт деген көз карашын билдирди. Воронин жетектеген азыркы башкаруучу партияны ал СССРдин тушундагы компартиянын мураскери деп эсептейт.

Эки ачакей мындай пикирлердин жөн-жайына кайрылып, "Россия глобалдык иштерде" деп аталган журналдын редактору Федор Лукянов "батыштагы басылмалар кокустан экс-совет республикаларында эл көчөгө чыга калса эле автоматтык түрдө алар адам укуктарынын бузулушуна каршы нааразы болуп жатышат деп тыянак чыгара салышарын, ал эми Россияда болсо Батыш бардык иштерге кыпчылып, кийлигишип жаткандай көрүшөрүн" белгиледи.

Молдован бийликтери президент Ворониндин өтүнүчү менен конституциялык сот кабыл алган чечимге ылайык парламенттик шайлоодогу добуштарды байкоочулардын көз алдынча кайра санап чыкмай болушту. Бул иш 15-апрелде – бир күн ичинде – жасалат.

Оппозициянын өкүлдөрү болсо кошумча шарттарды коюшту. "Өкмөттөн террор өнөктүгүн токтотууну, саясий айыпкерлерди токтоосуз түрмөдөн бошотууну, добуш бергендердин тизмесин текшерип чыкканы тийиштүү шарт түзүүнү талап кылабыз",-деп айтты либерал-демократтардын лидери Влад Филат.

XS
SM
MD
LG