Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:20

Пакистандык зордукчулардан аман калган Мухтар Маи турмушка чыкты


Сүрөттө Мухтар Маи
Сүрөттө Мухтар Маи

Мындан бир канча жыл мурда Пакистандын Пенжаб облусундагы Мээрвала аттуу айылынын аксакалдар соту 30 жаштагы Мухтар Маини инисинин айыбы үчүн зордуктоого өкүм чыгарган.

Бир канча адамдын зордуктаганына жана жергиликтүү элдин мындай иштерди коомчулукка чыгарууну уят деп эсептешкенине карабай Маи зордукчуларды сотко берип, маалымат каражаттары анын атын дүйнөгө угузушкан. Жакында эле ошол Мухтар Маи жергиликтүү полиция кызматкерине турмушка чыкты.

Мухтар Маини 2002-жылы Мээрвала айылынын аксакалдар сотунун чечимине ылайык бир канча киши зордукташкан. «Панчаят» деп аталган аксакалдар соту Маини анын 12 жаштагы инисинин кылыгы үчүн ушундай жол менен жазалашкан.

Пакистанда көбүнчө мындай чечимдердин курмандыгы болуп, абийири тебеленген аялдар үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын алдында уятына чыдабай өзүн өлтүргөнгө чейин барышат. Андыктан буга чейин алар көбүнчө полицияга кайрылбай келишкен.

Бирок билими жок болсо да тигүүчү болуп иштеген Мухтар Маи зордукчуларды сотко берип, өз укугун коргоого эрки жеткен. Ошондон кийин ал аялдардын укугун коргоочу катары дүйнөгө таанылып кеткен.

15-мартта Мухтар Маи көптөн бери созулуп келаткан сот ишинде өзүн кайтарууга алып жаткан жергиликтүү Насир Абба Габол аттуу полиция кызматкерине турмушка чыкты.

Ал Маинин кайратмандыгына жана жергиликтүү аялдарга жардам берүүгө багытталган эркине суктанганын айтат. Бирок анын учурда мыйзамдуу аялы жана беш баласы бар. Габол Мухтар Маиге үйлөнүү үчүн биринчи аялынан уруксат алганын айтат:

- Алгач мен өз үйбүлөмдүн макулдугун алдым. Андан кийин менин үй-бүлөм Маинин үй-бүлөсүнүн макулдугун сурады. Андан кийин менин биринчи аялым Маиге барып, андан кийин гана ал макул болду. Баары макул болушту, Маи да каршы болгон жок.

Батыштын маалымат каражаттары Габол өзүнүн биринчи аялына үйүн, жер үлүшүн менчикке берип, ай сайын алимент төлөөгө макул болгондон кийин гана Мухтар Маи анын аялы болууга макул болгонун жазып чыгышты. Маинин мындай аракети Габолдун биринчи аялы Рухсана Маинин укуктарын коргоого багытталган дешет.

Мухтар Маи мындай дейт:

- Албетте, биздин чогуу жашайлы деген оюбуз жок. Анткени Рухсана өз үйүндө калат. Мен өзүм туулган жерде калам, анткени мен Мээрваладан кете албайм.

Ал эми Габолдун биринчи аялы Рухсана Маи төмөнкүлөрдү айтат:

- Мен анын менин күйөөмө турмушка чыгууга макул болгонуна абдан ыраазымын. Мен Мухтар Маи менен чогуу жашоого үмүт кылам. Ал аябай жакшы адам болгондуктан балдарым менен бирге болушун каалар элем.

XS
SM
MD
LG