Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:51

НАТО менен Россия алакасы кандай жол менен жүрөт?


Түндүк Атлантикалык альянстын ишембиде өткөн чоң жыйынында Даниянын өкүмөт башчысы Андрес Фор Расмуссен НАТОго баш катчы болуп бекиди. Саммит учурунда Расмуссендин талапкердиги бир добуштан колдоого алынган. Ага дейре каршы чыгып аткан Түркиянын жетекчилигине АКШнын президенти Барак Обама арага түшүп, ынандыргандан кийин бир добуштан колдоого алынган.

Жыйын НАТОнун 60 жылдык мааракесине байланыштуу өткөн. Олтурум маалында альянстын Ооганстандагы согуштук аракетин кеңейтүү жана Орусия менен кайсы бир тармакта кызматташууну өнүктүрүү чечимдери кабыл алынган. Ошондой эле НАТОго ырасмий мүчө болуп Албания менен Хорватия кабыл алынган.

Страсбургда маараке аяктаганда Ооганстандагы америкалык жаңы стратегияны «кубаттуу жана бир добуштан» колдоого алгандыгы үчүн Түндүк Атлантикалык альянска кирген мамлекеттер лидерлерине АКШнын президенти Барак Обама ыраазы болгондугун билдирген.

Ал жерде НАТО менен Орусия алакасын да кеп кылган. «Алдыда болуучу мамилелер жакшы жана ишкердиктүү болууга тийиш» - деген президент.

Ошол эле маалымдоо жыйыны үстүндө альянска жаңы жетекчи болуп шайланган Даниянын өкүмөт башчысы Андрес Фор Расмуссенди «адилет көз караштагы адам» деп атап, куттуктаган.

Анализчилер айтымында, башаты «кансыз согуш» малында, дегинкиси СССРге каршы туруу үчүн уюшулган альянс алтымыш жылдык мааракесине баягы эле күч менен кармаша турган маанайда келди дешет.

НАТО уюмунун алдындагы орусиялык өкүл Дмитрий Рогозин айтканга караганда Түндүк Атлантикалык альянска Орусия керек. Ошол эле учурда ал Москванын Кавказдагы аракетин сынга да алат дейт.

Москвадан караган анализчилер арасы НАТОго жаңы башчы болуп келген Расмуссенди айрыкча Ооганстан кармашында жаагы катуу жетекчи болот деп каңкуулашат.

Былтыр анын өлкөсүндө жарыяланган пайгамбар Мухаммеддин сүрөтү тегерегинде чыр башталганда премьер-министр Андрес Фор Расмуссен журналисттер ишине кийлигише албайм деп эч чара көрбөй койгон дешет.

Баса, Түркиянын премьер-министри саммит учурунда былтыр Мухаммед пайгамбарды мазактап тартылган сүрөттөр үчүн эмдигиче кечирим сураган жок деп, Расмуссенди айыптаган. Ошондо Обама арага түшүп Эрдоганды кепке келтирген.

«Коммерсант» жазганга караганда НАТО күчтөрү бир эле Ооганстан менен чектелип калбайт, эми алар башка өлкөлөгө да тарайт, маселен - Сомалиге.

НАТОнун тарыхы кыска тасмада
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:27 0:00

XS
SM
MD
LG