Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:37

Эки корей өлкөсү атыша кетишти


Түштүк Кореянын Сары деңиздеги аскер базасы.
Түштүк Кореянын Сары деңиздеги аскер базасы.

Сары деңиздеги талаштуу чек ара тилкесинде түндүк жана түштүк кореялыктар шаршемби күнү артиллериядан аткылаша кетишти. Жабыркагандар тууралуу эки тарап тең эч кандай маалымат айткан жок. Бул талаштуу чек ара тилкеси башынан эле чыр-чатактын уюгу болуп келатат.

Түштүк Кореянын жаңылык агенттиктери окуя Сары деңиздеги чек ара тилкесинде болгонун кабарлашты. Таң куланөөк тарта элек маалда түндүк кореялыктардын аскер кемелери артиллериядан жабылта ок атып киришкен. Түштүк кореялыктар ошол замат аларга жооп кайтарышкан. Бир нече сааттан кийин атышуу кайра уланып, таң агарган маалда тынчып калган.

Түштүк Кореянын коргоо министрлигинин өкүлү бул окуяга олуттуу камтамачылык билдирди жана жоопкерчиликти толугу менен Пхенянга жүктөдү. Мындай "аракеттер кырдаалды ого бетер курчутарын" эскертип, Сэул өкмөтү түндүктөгү улутташтарынан кычастанган кадамдарын тезинен токтотууну талап кылды.

Ырасмий Пхенян муну кезектеги аскерий машыгуу маалындагы көнүгүүлөр деп атады жана алар мындан ары да улантыла турганын билдирди. "Бул пландуу машыгууларга даттанганга эч кимдин укугу жок",-деп айтылды мамлекеттик телеканалдагы билдирүүдө.

Шейшемби күнү Пхенян Корей жарым аралынын батыш кылаасындагы аймакты жапкан. Мындан түштүк корей өкмөтү кабардар экенин аскерий мекеменин өкүлү ырастап, бул аймакка Пхенян 29-мартка чейин кемелер киргенге тыюу салганын, Суэлда түндүк корейлердин аракеттерине кылдат көз салып турушканын маалымдады.

Байкоочулар Пхенян Сары деңиздин түндүк алабын эки айга жабык деп жарыялап, ракетасын же башка бир куралын сынагысы келип жаткан окшойт деп болжолдошот. Болбосо бул Түндүк Кореянын алты тараптуу сүйлөшүүлөргө кайра катышуу ыкыласын туюнткан ишаарасы болушу да ыктымал. Анткени Пхенян сүйлөшүүлөргө кайтып келерде ар бир ирет ушинтип аскери машыгуу өткөрө коюп жүрөт.

Дегинкисинде Сары деңиздеги талаштуу чек ара тилкеси башынан эле чыр-чатактын уюгу болуп келатат. Түштүк Корея 1953-жылы АКШ бир тараптуу тартипте орноткон ажырым тилкесин гана ырасмий түрдө чек ара катары тааныйт. Ал эми Сары деңиздеги тилке тууралуу жарашуу келишиминде эчтеме айтылган эмес, ошондуктан Пхенян аны чек ара деп эсептебейт. Былтыр ноябрда эле бул жерде эки тарап атыша кетип, түндүк кореялыктардан бир жоокер окко учуп, үчөө жарадар болгон эле.

Эки өлкөнүн ортосундагы кырдаалдын курчушуна бул жолу Суэлдагы аналитикалык борбордун бири жакында жарыялаган доклад да себеп болгон сыяктанат. Документте кокус Ким Чен Ирдин көзү жумулуп кетсе,Түндүк Кореяда же аскери төңкөрүш, же элдик козголоң чыгышы мүмкүн деп айтылган эле.

XS
SM
MD
LG