Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:23

Президент Обама Иранга каршы экономикалык санкцияны дагы узартты


АКШ президенти Барак Обама, март, 2009
АКШ президенти Барак Обама, март, 2009

Ирандын саясаты Кошмо Штаттарга «чоң коркунуч» туудурганын белгилеген президент Обама Тегеранга каршы санкцияны бир жылга узартты. 1995-жылы киргизилген бул чара америкалык ишкерлерге Ирандын мунай өнөр жайын инвестициялоого жана соодалашууга тыйуу салат.

Санкцияга барууга Иран террорчул топторду колдойт, массалык кыргын салчу куралды өнүктүрүүдө деген бүтүм негиз болгон. Иран президенти Ахмединежад санкцияны «чоң жаңылыштык» деп атады.

Вашингтон соңку учурларда Тегеран менен түзмө түз сүйлөшүү ыкласын бир нече жолу билдирген. Ошол эле мезгилде президент Барак Обама Ирандын өзөктүк куралды жасоо иштерин улантуусуна жол бербесин эскерткен.

Ак Үйдүн 1995-жылы алгач киргизилген санкциянын мөөнөтүн дагы бир жылга узартуусу Обаманан кеңсеси Иранды уранды байытуудан баш тарттыруу үчүн дипломаттык жана экономикалык чараларды колдоноорун көрсөттү.

АКШлык компанияларга Ирандын мунай өнөр жайын өнүктүрүүгө катышууга, инвестициялоого жана соодалашууга тыйуу салган чаранын узартылышын ирандык талдоочу Бааман Агайи Диба табигый көрүнүш деп баалайт:

АКШнын жаңы саясатынын мазмуну жана анын кандайча ишке ашырылары азырынча белгисиз. Ушу тапта Обама мурдакы администрациясынын саясатын улантканы табигый иш.

Иранга каршы санкцияны президент Махмуд Ахмединежад «баланын идеясы», «чоң жаңылыштык» деп атады жана өлкөнүн өнүгүүсүнө жолтоо боло албасын айтты.

Санкцияны узартууну Тегеранда Обама Иран саясатын өзгөртөм деген сөзүн аткарбады деп да түшүнөт, дейт Вашингтондо жашаган Бааман Агайи Диба:

-Б ул чечим (Иранда) Обама АКШны өзгөртөм деген сөзүн аткарбады деп бааланат. Обама кырдаалды өзгөртөт деп күтүү реалдуу эмес болчу.

АКШнын Мамкатчысы Хиллари Клинтон марттын баш ченинде жасаган билдирүүсүндө Ооганстан боюнча 31-мартта өтчү эларалык жыйынга Иран чакырылышы мүмкүн деген. Өз кезегинде Иран чакырууну карап көрөрүн маалымдаган. Ушундан кийин кээ бир серепчилер Нидерландияда өтчү сүйлөшүү эки жактын Ирандын карама-каршылыктуу өзөктүк программасын талкуулоосуна жол ачат деп жоромолдошкон.

Бүгүн "The Wall Street Journal" гезити Обаманын кеңсеси Иран менен дипломаттык байланышты жандандырып, өлкөнүн руханий көсөмү Али Хаманейи менен түз сүйлөшүүнүн жолдорун издеп жатканын жазды.

Президент Обама 12-июнда Иранда болчу президенттик шайлоого чейин Хаменейиге кат жазып, дипломаттык алакага жол көрсөтүшү мүмкүн деп жазды экенин "The Boston Globe" гезити жазып чыкты.

Иранда бардык мамлекеттик маселелер Аятолла Хаменейинин макулдугу менен чечилет.

XS
SM
MD
LG