Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:04

Лондон: Орусия менен АКШ президенттери жолугушту


АКШ президенти Барак Обама Орусиянын президенти Дмитрий Медведевдин чакыруусу менен июль айында Москвага иш-сапары менен келмей болду
АКШ президенти Барак Обама Орусиянын президенти Дмитрий Медведевдин чакыруусу менен июль айында Москвага иш-сапары менен келмей болду

Дүйнөнүн эң эле күчтүү өлкөлөрүнүн президенттери Лондонго келишти. «Чоң жыйырмалыктын» саммитинде алдыңкы жыйырма өлкөнүн президенттери дүйнөнү каптап кеткен экономикалык кризисти ооздуктоо чараларын талкуулашмакчы. Ал арада АКШ президенти Барак Обама менен Орусия президенти Дмитрий Медведев жолугушуп, ортодогу маселелерди тактап алышты.

Орусия менен АКШ мамилеси ар качан татаал болгон

Тарыхый фактылар айтып тургандай, АКШ менен Орусиянын мамилеси ар качан чыңалуулар, тирешүүлөр, карама-каршылыктар менен уланып келген. XX кылымдын экинчи жарымында Орусия башында турган СССР империясы башкы атаандашы болгон АКШ менен жарыша куралданууга өтүп, айрым учурларда эки тараптын мамлеси бычактын мизинде турган учурлар болгон. Айта кетсек, 1962-жылы СССР Кубага өзөктүк ракеталарын жайгаштырып, аз жерден аягы согушка айланып кете жаздаган «Кариб кризиси» орун алган.

СССР кулаган маалда жарыша куралдануу да токтогону менен Орусия дүйнөдөгү коркунучтуу каруу-жарактары бар бирден-бир өлкө бойдон кала берди. Кийинчерээк табигый байлыктарын пайдаланып кыйла тирденип алган Орусия куралдуу күчтөрүнө кайрадан көбүрөөк басым жасай баштады.

Дал ошол көптөгөн карама-каршылыктар «Чоң жыйырмалыктын» жыйыны алдында эки өлкө лидерлерин жолугуп, ортодогу негизги маселелерди талкуулап, тактап алууга түрттү.

Обама менен Медведев бирдиктүү билдирүү жасашты

Лондондогу «Чоң жыйырмалыктын» жыйынына келген АКШ президенти Барак Обама менен Орусия президенти Дмитрий Медведев бүгүнкү жолугушуудан кийин чогуу билдирүү жасашты.

Ага ылайык мындан ары эки өлкө тең чабуул жасоого багытталган стратегиялык куралдарынын санын кыскартууга өтүшмөкчү.

Билдирүүдө ошондой эле Европага ракетадан коргонуу системасын жайгаштыруу боюнча тараптардын пикир келишпестиги кала берип жатканы, бирок аймакты ракетадан коргоо жаатында эл аралык кызматташтык улантылары айтылат.

Эки өлкө лидери ошондой эле Түндүк Кореянын балисстикалык ракета учуруу планы чөлкөмдөгү коопсуздукту бузат деген тыянакка келишти. Андан тышкары Обама менен Медведев Ирандын өзөктүк курал жасоо дымагына байланышкан маселени дипломатиялык жол менен чечүүгө, эгер Тегеран өзөктүк долбоору жөн гана өзөктүк энергия өндүрүүгө багытталгандыгын ишендире алса, жолтоо болбоого макул болушту.

Тараптар былтыркы Грузиянын аймактык бүтүндүгүнө байланышкан маселеде эки ача пикирде экендиктерин жарыялап, маселени мындан ары тынчтык жолунда чечүү тууралуу келишишти.

Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү улантуу үчүн келаткан июль айында Москвага иш-сапары менен барарын айткан Обама буларга токтолду.

«Эки өлкө тең өзөктүк куралдарын азайтып, алардын жайылышына жол бербөөгө кызыкдар. Эки өлкөнүн тең террорчулукту азайтуу ниеттери бар. Эки өлкө тең дүйнөлүк экономиканын турукташышына кызыкдар жана жаңы энергия булактарын табууну, дүйнөлүк климатка коркунуч келтирген маселелерди чечүүнү каалашат»,- деди Барак Обама.

Орусиянын президенти Дмитрий Медведев жолугушуудан соң анын жыйынтыгы кыйла жемиштүү болгонун айтып, төмөкүлөрдү айтты.

«Биздин топтор жакшы иштерди аткарышты. Бүгүн кабыл алынган эки декларация, биздин туура багытта баратканыбызды көрсөтүп турат. Чабуулга багытталган стратегиялык куралдар боюнча декларация менен Орусия-Америка кызматташтыгы боюнча жалпы декларация биздин азыркы турумубузду көрсөтүп турат»,- Дмитрий Медведев.

Буга чейин АКШнын ректадан коргонуу системасын Европага орнотуу ниетин Орусия катуу сындап, андай болгон учурда өз ракеталарын Европаны көздөй мээлжетерин, сөзсүз мынай аракетке каршы чара көрөрүн билдирип келген. Эми Обама менен Медведевдин жолугушуусунан кийин бул маселе да жумшарып, кийинки сүйлөшүүлөрдө АКШ ал ниетинен баш тартышы мүмкүн дешет. Бирок ал үчүн Москва Ирандын өзөктүк курал өндүрүү ниетин ооздуктоого жардам бериши керек болот.

Жакында эле АКШнын Кыргызстандагы аба базасын ырасмий Бишкек Москвадан 2 миллиард доллардай насыя алуу тууралуу сүйлөшүүлөрдөн соң жабуу чечимин чыгарып, мындай жагдай Орусиянын АКШга карата каршы аракети катары бааланган. Обама менен Медведевдин жолугушуусунан соң бул жааттагы маселелер да оң жагына чечилет дешет.

XS
SM
MD
LG