Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:30

Ванкуверде Олимпиаданын оту жанат


Канада -- Ванкувердин көрүнүшү.
Канада -- Ванкувердин көрүнүшү.

Ванкувердеги Кышкы Олимпиаданын оту жанарына саналуу сааттар калды. Оюндардын ачылышын Канаданын генерал-губернатору Микаэл Жан менен британ канышасы Елизаветта IIнин ырасмий өкүлү жарыялашат.

Коопсуздук жүйөөсүнөн улам уюштуруу комитети салтанаттардын башталышы кандай оюн-шооктор менен коштолорун так айткан жок. Болгону Олимпиада жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат он сегизде (Бишкекте ишемби күнү эрте мененки саат сегизде) ачылары гана белгилүү.

Салтанатка 35тей өлкөнүн мамлекет жана өкмөт башчылары катышат. Оюндар отуз алты спорт жайларында өтөт, алардын коопсуздугун камсыз кылганга он беш миңдей полицмен, армиянын жоокерлери жана менчик күзөт фирмаларынын кызматкерлери тартылат.

Быйылкы мелдештерде дүйнөнүн сексен өлкөсүнөн келген 2700дөй спортчу мөрөй талашат. Спорттун кышкы он беш түрү боюнча баары болуп 86 байге сайылган, атап айтканда, мелдештин катышуучулары алтын, күмүш жана коло медалдары үчүн күч сынашат.

Ванкуверге Борборазиядан Түркмөнстандан башка төрт өлкө өз өкүлдөрүн жөнөтүштү, алардын ичинде Тажикстандан – бир, Кыргызстандан –эки, Өзбекстандан – үч спортчу бар. Олимпиадага региондон жалгыз гана Казакстан эң чоң делегация – 38 өкүлүн жиберди.

Кыргызстандын вице-премьери Акылбек Жапаров өкмөт биринчи орунга 100 миң, күмүш медалга 70 миң, үчүнчү орунга 50 миң доллар өлчөмүндө кошумча сыйлык белгиленгенин кабарлады.

Ванкуверде Олимпиада ачылар алдында эл аралык комитет отуздай спортчуну оюндан четтетти. Алардын канынан медиктер тыюу салынган дары-дармектердин жугун табышты. Бирок "чынчыл оюндун кызыкчылыгы үчүн" антидопинг мекемеси алардын аты-жөнүн, кайсы өлкөнүн өкүлдөрү экенин жарыялаган жок. Айрым маалыматтарга караганда россиялык спортчулар көбүрөөк кадик санатып жаткандай.

Эл аралык Олимпиада комитетинин президенти Жак Рогге орустардын спорт министри Муткого бул жагынан кынтыксыз чараларды көрүү керектигин эскерткенин, атүгүл муну президент Медведев менен жолугушкан кезде да атайы сөз кылганын эске салды. Былтыр эле орус спортчулары кышкы оюндардын он бир түрүнөн допинг сынамыгынан өтпөй калышкан.

Алдыдагы эки апта ичинде бүткүлдүйнөлүк антидопинг агенттигинин кызматкерлери үчүн иш кычайт. Аларга миңдеген сынамыктарды алып, текшерүү жүргүзгөнгө туура келет.

Агенттиктин президенти Жон Фейи мелдеш маалында антидопинг мекемесинин көзүн жазгырып кетүү кыйын болоруна ишендирди.

"Мезгил өткөн сайын биздин ыкмаларыбыз да мыкты болуп баратат. Бир жыл мурдагыдан азыр алда канча "акылдуубуз", ишибизди мындан ары да өркүндөтө беребиз", - деп айтты ал.

Германия, АКШ, Россия, Австрия жана Канада спорттун кышкы түрлөрү жакшы өнүккөн өлкөлөргө кирет. Ванкуверде да ушул өлкөлөрдүн өкүлдөрү көбүрөөк мөрөй алып, байгелүү орундарга көтөрүлөт деп болжолдонууда.

Кышкы Олимпиада 28-февралга чейин созулат, мелдештердин мөрөйү ошондо саналат.

XS
SM
MD
LG