Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:55

Кыргызстандыктар Лукашенкону эл аралык сотко бериши мүмкүн


Беларустун Кыргызстандагы элчилигинин алдына нааразылык акциясына чыккандар кыргыз элинен кечирим сурап туруп, К. Бакиевди тез арада кайтарбаса президент А. Лукашенкону эл аралык сотко бермек болушту.



Бул нааразылык акциясын “7-апрель” кыймылы уюштурду.

Кыймылдын лидери Өндүрүш Токтонасыров Беларус элчилигинин жанына үчүнчү ирет нааразылык акциясына чыгышканын жана элчиликке коюп жаткан талаптарынын мазмуну тууралуу “Азаттыкка” буларды билдирди:

- Тез аранын ичинде Бакиевди өлкөсүнө кайтарып бер, жолдош Лукашенко. Экинчи саясый бозгун статусу жок Бакиевди өз өлкөңүздө жаап-жашырууңузга эч кандай укугуңуз жок. Эч качан качкын деген статус бербеңиз. Үчүнчү, Кыргызстандын ички иштерине кийлигишүүңүздү токтотуңуз. Дүйнөлүк массалык маалымат каражаттарына чыгып, кыргыз элин басынтып сүйлөгөнүңүз үчүн кечирим сураңыз.

Пикеттин катышуучулары Бакиевдин жоопко тартылбай калышына нааразы экендиктерин бир ооздон билдиришти. Анын Кыргызстандан чыгарылышын убактылуу өкмөттүн эл менен эсептешпеген фактысы катарында баалашты. Мурдагы Акаевге жасалган мамиленин эми Бакиевге келгенде да кайталанды дешти.

Апрелдеги ыңкылап окуяларында уулу каза болгон Арстан Сагындыков Бакиев жазаланмайынча көкүрөк көйү басылбай турганын айтат:

- Менин Талант Сагындыков деген уулум октон каза болду. Мынтип кайгырып турганыбызда, Бакиевдин Кыргызстандан чыгып кетиши, анан да Лукашенконун теледен сүйлөгөндөн кийин жеке эле жабыр тарткандар эмес, бардык эле элдин кыжыры келди. Митингге чыгабыз дегендер көп. Убактылуу бийликтин Бакиевди чыгарып жибергенге кандай акысы бар эле? Бакиевдердин бирисин да ушул күнгө чейин кармай элек. Бакиевдерди кармап, жок дегенде тергөө жүрүп, “минтип тергөө жүрүп жатат" десе, биздин кичине болсо да көксөөбүз сууйт эле да.

Арстан Сагындыков эгерде Бакиев Кыргызстанга кайтарылып, сот жообуна тартылбаса, өзү сыяктуу апрелдеги окуяда жабыр тарткандардын башын бириктирип, митинг-пикет сыяктуу ар кандай саясый акцияларды уюштурарын эскертти.

Анын сөзүн улаган укук коргоочу Урмат Акунов 2005-жылдагы март революциясына байланыштуу атасынын каза болгонун мисал кылып, жеке нааразылыгын ачыктады:

- Мен, 2005-жылкы март окуясына байланыштуу каза болгон Бектемир Акуновдун уулу боломун. Акаевге деле качып кеткенге шарт түзүлө берсе, Бакиевдин деле кетип калуусуна мүмкүнчүлүк бериле берсе, окко учуп өлгөндөрдүн, элдин тагдыры экинчи пландагы кеп экен да. Эмнеге Бакиевди сурагандар элдин баштан кечирип жаткан азап-тозогун сурабайт? Кан төгүлүп кетпесин үчүн жасадык дешет убактылуу өкмөт. Бакиевдин тагдырын элге салып бериш керек болчу. Эмнеге эл менен эсептешпей, сырттагы президенттер менен эсептешет?

Беларус элчилиги пикетке чыккандардын өкүлдөрүн кабыл алып, алардын көңүл жубатар сөздөн башка жарытылуу жооп беришкен жок. Ошондуктан Беларус элчилиги жана Лукашенко талаптарды аткарбаса, анда эл аралык сотко кайрылмак болушту.

- Биз Беларус элчилигинин кабыл алуусунда болдук. Ал биздин сурообузга жана талаптарыбызга карата Лукашенконун Бакиевди кабыл алуусун каталык катары белгиледи. Биз айттык: “Бул талаптарга жооп болбосо Лукашенкону кошуп эл аралык сотко беребиз” деген катыбызды колуна бердик, - деди Өндүрүш Токтонасыров.

Курманбек Бакиев 7-апрелде бийлиги кулагандан кийин 16-апрелде өлкөдөн чыгып кетип, соңку күндөрү Беларус президентинин жардамы менен Минскиге барып баш паанек кылууда.


К. Бакиевди алып келүү талабы коюлууда
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:04 0:00

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG