Жарылуу Пакистандын түндүк-батышындагы Сват өрөөнүнүн башкы шаары – Мингоранын чет жакасындагы Сайду-Шариф деген кыштакта, коопсуздук күчтөрүнүн көзөмөл бекетинин жанында болду. Армия башкарган Сват өрөөнүнүн медиа борборунун маалымат катчысы Мухаммад Муштагдын айтымында, жанкечти коопсуздук күчтөрүн бутага алган:
- Жанкечти моторлуу рикша ( жергиликтүү калк пайдалануучу үч дөңгөлөктүү унаа) менен келген. Ал унаасынан түшүп, көзөмөл бекетин көздөй басканда, коопсуздук күчтөрү ок чыгарып, ошондо жарылуу болду. Жанкечти көздөгөн бутасына толук жеткен жок.
Ал эми өзүн Рафиулла деп тааныштырган күбөнүн “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун Пакистан кызматы - “Машаал” радиосуна билдиргенине караганда, өлгөндөр арасында жаш балдар да бар:
- Мен жарылууну уккандан кийин, эмне болгонун көрөйүн деп келдим. Мен көргөндөн күзөттө турган коопсуздук кызматкерлеринин төртөөсү каза тапкан. Автоунаа ичинен күйүп кеткен төрт адамдын, андан тышкары улгайган дагы бир кишинин жана эки баланын сөөгүн көрдүм. Кийинчерээк аларды ооруканага алып кетишти.
Кыянатчылыктар убактылуу токтогон соң Пакистандын “ал-Каида” колдогон талибдери армиянын Ооганстан менен чектеш жана козголоңчулардын таяныч бекети болгон Түштүк Вазирстан чөлкөмүндөгү чабуулуна жооп кылып, кол салууларын кайра жандандыргандай. Бүгүнкү кол салуу - ушул апта ичиндеги жардыруулардын алтынчысы. Кечээ эле өлкөнүн чыгышындагы Лахор шаарында удама-удаа жардыруулардан 55 адамдын өмүрү кыйылган.
Бүгүнкү окуя ошондой эле Сват өрөөнүнүн коопсуздугуна көңүлдү кайрадан бурдурду. Башкалаа Исламабаддан 120 чакырымдай эле алыстыкта жайгашкан, бир кезекте кол тие элек табияты менен кызыктырган Сват өрөөнү борбордук бийликтин көзөмөлүнөн 2007 –жылдын июлунда чыгып кеткен. Талибандын жергиликтүү күчтөрү менен жетишилген тынчтык макулдашуусу оңунан чыкпай калгандан кийин, Пакистан армиясы былтыр жыл башында бул чөлкөмдө ири аскерий операцияга киришкен. Жыл ортосуна барып Сватта өкмөттүк күчтөрдүн көзөмөлү орнотулган болчу. Бирок кыянатчылыктар маал-маалы менен орун алып келет.