Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:23

Пакистанда полиция академиясы террорчулардан бошотулду


Пакистан армиясынын атайын күчтөрү Лахордо полиция академиясын террорчулардан бошотушту. Дүйшөмбү күнү эрте менен имаратты куралдуу экстремисттер басып алышкан эле.

Полиция академиясын армиянын жана полициянын атайын максаттагы күчтөрү сегиз саат камалап, курчооого алып турушту. Акыры алар имаратка жапырык салып киришип, сегиз террорчуну жок кылышты, алтоону колго түшүрүштү. Дагы эки террорчу атынып өлдү. Качып кутулгандар болгон-болбогону такталууда.

Полиция канча кишисин жоготкону тууралуу да бир жаңсыл маалыматтар жок. Айрым кабарларда он бир киши окко учканы айтылат, башка бир булактар террорчулар колунан 20дай курсант набыт болгонун ырасташат.

Окуяга күбө болгондордун бири ырастагандай, болжол менен эрте мененки саат жети жарымдарда курсанттар аянтта катарга тизилип жаткан учурда полиция формасын кийинген жоон топ киши коргондон ашып түшүп, төрт-беш колбомба ыргытышты, андан соң жабылта аткылап киришти. Курсанттар кымкуут түшүп качып беришти. Аерде эптеп аман калган төрт курсантты соопкерчилик уюмдардын бири куткарып алган.

Экстремисттер кол салган маалда имарат ичинде 700дөй курсант болгон дешет. Алардын бир тобун террорчулар барымтага алышкан эле, кийин аларды кимдер жана кандай шартта куткарганы белгисиз.

Өкмөттүн өкүлү Рехман Малик академиядагы окуяны “террордун жаңы толкуну“ деп атады. Армияда, аскерлештирилген бөлүктөрдө кесипкөйлүк камылгасы мыкты адамдар көп экенин айтып, ал бийликтер кырдаалды өз көзөмөлүнө аларына ишендирди.

Жергиликтүү журналисттердин жана укук коргоочулардын бири Рехман өлкө азыр радикал экстремисттерге толуп кеткенин, полиция академиясына кол салгандар артында “Ал-Каида“ менен “Талибан“, Пакистандын өзүндөгү уюмдар турганын, алар можахеддердин даярдап, бүт дүйнөгө аттанттып жатканын бу жерде баары билет деп ырастады.

Окуя үчүн жоопкерчиликти азыр эч ким өзүнө ала элек.

Оппозициядагы экс-премьер Наваз Шарифтин мусулман лигасы партиясынан Хавай Имран террорго каршы күрөштө Пакистанда бардык күч-аракеттерди бириктирүүгө чакырды. “Террорчулар өзгөчө Пенжабга толуп алышты, алар жалпы Пакистанга жайыла электе тез арада тийиштүү чараларды көрүү керек“,-деп айтты ал. Бул жагынан соңку жети-сегиз жылдагы өкмөттүн саясатын Имран таптакыр жараксыз деп баалады.

Экстремисттер мындан бир ай мурда да дал ушул Лахордо крикет оюну боюнча Шри-Ланканын курама командасына кол салып, кагылыш маалында алты полицмен окко учкан эле.

Өткөн аптада болсо Пакистандын түндүк-батышындагы Жамруд районунда жанкечти-террорчу мечитте жума намазга жыгылганы келгендер арасында бомба жардырып, 70тей кишини жер жазданган болчу.

XS
SM
MD
LG