Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:10

О. Молдалиев: Качкындар Кыргызстанды коридор катары пайдаланышы мүмкүн


 Пакистандын Сват өрөөнүндө сүрүлгөн качкындардын лагери.
Пакистандын Сват өрөөнүндө сүрүлгөн качкындардын лагери.

Май айынынын соңунда Кыргызстанга НАТОнун эң ишенимдүү мүчөлөрүнүн бири Түркиянын мамлекет башчысы Абдуллах Гүл келип кетти. 1-июнда президенттин күч министрлери менен Ооганстан жана Пакистандагы абалды талкуулады. “Азаттыктын” таңдагы берүүлөрүнө саясат таануучу Орозбек Молдалиев катышып, тышкы жана ички саясатка байланыштуу айрым маселелер боюнча ой-пикирлерин бөлүштү.

-Орозбек мырза, сиз мына Ооганстандагы кырдаал менен жакында жерине барып да таанышып келдиңиз. Ооганстан жана Пакистандагы абал бизге кайсы жагынан коркунучтуу экени ачык көрүнүп калды. Бийлик органдары аны ачык карай баштаганына караганда коркунуч бар окшойт да?

- Ооганстандагы кырдаалдын, Пакистандагы азыркы болуп аткан окуялардын биздин Кыргызстанга, албетте, тиешеси бар. Бул биринчиден эл аралык терроризмдин таасири. Бул бизге 1999-жылдан бери эле ачык белгилүү болуп калган болчу. Андан кийин Ооганстандан башталган наркотранзит биздин мамлекеттер аркылуу өтөт. Өзүңүздөр билесиздер, биздин айрым жөнөкөй эле адамдар эмес, кызмат абалынан пайдаланып дагы наркобизнеске тартылып кеткендиги жөнүндө белгилүү болуп калган. Анын үстүнө Ооганстандын дагы бир коркунучтуу жагы бул дүйнөнүн ичиндеги эң чабал мамлекеттердин арасына кирет, бул жагынан мындан кийин Самоли мамлекети турат.

-Пакистандын Сват өрөөнүндө качкындар саны 2 миллионго жетти деген маалымат бар. Кыргызстан жакты бет алган качындар пайда болушу мүмкүнбү?

- Качкындардын толкуну биздин мамлекетке келбейт. Себеби алар биздин мамлекет жарды экенин билет. Булар биздин мамлекеттерди транзиттик мамлекет катары, Европа мамлекеттерине чыгып кеткенге пайдаланышы мүмкүн, теориялык жактан алып караганда. Негизинен алар Европанын жана Батыштын өнүккөн мамлекеттерин көздөй багыт алышат. Ал адамдардын биздин мамлекеттерди көздөй убактылуу туруш үчүн келип калышы мүмкүн. Биздин мамлекеттерде деле ал жактын адамдары бар, бирок азыраак санда.

-Түркстан Ислам кыймылына айланган Өзбекстан ислам кыймылынын өкүлдөрү да Пакистандын сүрүлүп, биздин аймакка ооп жатканы канчалык чындыкка туура келет?

- Биздин аймакка 2000-01-жылдарда деле бул кыймылдардан чыккан адамдар гана келген болчу. Калгандары болсо Ооганстан менен кошуна мамлекеттерде Пакистан менен Ирандын аймактарында калып калышкан жана башка мамлекеттерге чыгып кетишкен. Алар биз жакка келсе террористтик максатта келиши мүмкүн. Каптап биз жакка келет деген кооптонуу жок. Бирок азыр биздин кошуна мамлекеттердин ичинде өзүнүн ички террористтик уюмдары пайда болуп калды. Ошон үчүн бул маселе кооптуу. Албетте, алар менен байланышы жок деп эч ким айта албайт, финансылык байланыштары болушу мүмкүн.

-Экинчи жактан, мына ушул коркунучтар Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун чечүүчү жыйындары жакындап келатканда козголууда. Белгилүү болгондой ЖККУнун президенттеринин июнь саммитинде ыкчам аракеттенчү күчтөрдү түзүү маселеси чечилгени турат, андан кийин күн тартибине ЖККУнун Борбор Азияда ири аскердик тобун түзүү коюлуп жатат. Бул ири күчтөр Ооганстан, Пакистанга каршыбы, же глобалдык таймашуулар, теңтайлашуулар үчүнбү?

- Бул күчтөрдү түзүүгө биз терең талдап алып туруп анан макул болушубуз керек. Себеби бул күчтөрдү ким каржылайт деген маселе келип чыгат. Албетте, Орусия үчүн Борбордук Азияга өзүнүн согуштук аракеттерин ар кандай шылтоолор менен жайгаштырып алыш ыңгайлуу деңизчи, бирок анын эртеси күнү Грузиядагы бейпилдик күчтөрү деп Орусия КМШнын мандаты менен жайгаштырып коюп, аягы эмне болгондугун көрүп атабыз. Ушул жагын ойлонушубуз керек биз. Терроризмге каршы күрөшкөнгө ар бир мамлекеттин өзүнүн структуралары бар, бирок ошолор деп чыңдап чогуу координациялык аракеттерди жасаса болот эле. Мисалы, Бишкекте антитеррористтик борбор бар, бирок ошол борбордун иши канчалык натыйжалуу болду, ошону анализдеш керек. Шанхайдын регионалдык антитеррористтик структурасы турат Ташкенде, бизден көчүп кеткен. Ошолордун иш аракеттери кандай натыйжалуу болуп атат, ошолорго карап туруп анан иш кылсак болот эле, маалымат алмашуу жакшы болбой атып эле, анан күч структураларды түзө койгондон кандай пайда чыгат деген маселени карашыбыз керек.

- Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG