Соттун өкүмүндө беш айыпкер тең кылмыштуу иштерге камынышканы жана террордук уюмдарга финансылык жардам көрсөтүү үчүн каражат жыйнашканы айтылат. Мындан тышкары алар электрондук почта аркылуу террорчулар менен байланышып, Пакистанда жана башка жерлерде өкмөттүк күчтөргө, мекемелерге кол салмакчы болушкан.
Башкы прокурордун орунбасары - Пенжаб провинциясындагы өкмөттүн өкүлү - Рана Бахтиар соттун өкүмү менен беш айыпкер тең күнөөлүү деп табылганын, баары эки мөөнөткө түрмөгө кесилгенин тастыктады. Биринчи мөөнөт боюнча алар он жылдан түрмөдө отурушат, андан соң дагы беш жыл көзөмөлдө турушат.
Процесс Саргодха шаарында болду. Соттолгондор былтыр декабрда ушул жерде кармалган. Алардан экөө теги жагынан пакистандык болушат, калгандары Египеттен, Йеменден жана Эритериядан чыккан мусулмандар. Баары АКШнын жарандары. Былтыр ноябрда Виржиния штатынан белгисиз тарапка бет алып, дайынсыз болуп кетишкен.
Соттун жүрүшүндө айыпкерлер өздөрүнө коюлган күнөөлөрдү четке кагышты. Алар "болгону Ооганстанга барууну, ал жердеги мусулман боордошторго медициналык жана финансылык жардам берүүнү гана көздөгөнбүз" дешти.
Соттолгондор АКШнын федералдык чалгындоо мекемесин, Пакистан коопсуздук күчтөрүн айыпташып, аларды "кызылдай кыйноо ыкмалары менен өздөрү жасабаган кылмышты моюнга алдырышканын" айтышты.
Соттолгондордун адвокаттары өкүмдү буздурганы даттана тургандыгын билдиришти.
Сот процессине байланыштуу америкалык айрым өкүлдөр билдирүү жасашты. Атап айтканда, АКШ элчилигинин өкүлү Пакистан сотунун чечимин Вашингтон өкмөтү урматтай турганын ырастады.