Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:37

Пакистан: Талаштуу видео талибдерге каршы кыжырдануу жаратты


Сват өрөөнүндөгү кыздар мектептерине быйыл февраль айына чейин жасалган ондогон кол салуулар үчүн талибдер жоопкер деп эсептелинет.
Сват өрөөнүндөгү кыздар мектептерине быйыл февраль айына чейин жасалган ондогон кол салуулар үчүн талибдер жоопкер деп эсептелинет.

Пакистандын батышындагы Сват өрөөнүндө он жети жаштагы кыздын сабалып жатканы тартылган видеотасманын элге тарап кетиши өлкөдө чоң талаш-тартыштарды жаратты. Өткөн дем алыш күндөрү болгон нааразылык акциялар коомчулукта Талибанга каршы кыжырдануунун деңгээли өсүп жатканын көргөздү.

Пакистандык өспүрүм кызды белгисиз эркектер сабоо жолу менен жазалап жатканы тартылган видеотасма өлкөнүн айрым телеканалдары тарабынан көргөзүлүп, интернет аркылуу тарап кеткен соң эл арасында кыжырдануу жаратуу менен катар, бул окуянын Сват өрөөнүндө орун алганы да өзгөчө көңүл бурдурду.

Быйыл февралда эле курамына Сват өрөөнү да кирген Түндүк – Батыш чек ара провинциясынын өкмөтү 1995-жылдан бери аймакта шарият мыйзамынын орношу жана шарият соттору иштөөсү үчүн аракеттенип келген шийит динаятчысы Маулана Суфи Мухаммад менен келишим түзүүгө барган эле.

Жергиликтүү өкмөт Сват өрөөнүндө шарият мыйзамынын киргизилүүсү менен коомчулукка көп чыкпаган бул динаятчы өзүнүн күйөө баласы, Талибандын ошол жердеги бөлүмүн башкарган Маулана Файзулланы тынчтыкка көндүрө алат деп үмүттөнүшкөн.
Бирок өспүрүм кыз сабалып жатканы тартылган талаштуу видео эми ошол тынчтык келишимине доо кетирип жаткандай. Өткөн дем алыш күндөрү пакистандык адам укугун коргоочулар менен саясий партиялар өлкө боюнча нааразылык акцияларын уюштурушуп, окуяны айыпташты.

Президент Асиф Али Зардари окуяны иликтөөнү буюруса, Жогорку сот ушул дүйшөмбү күнү алгачкы угуусун өткөрдү, соттун төрагалыгына жакында кайра дайындалган Ифтикар Мухаммад Чаудри бул көрүнүштү “адамдын фундаменталдык укуктарын мыкаачылык менен бузгандык” деп мүнөздөдү.

Талибдер менен Сват өрөөнүнүн бийликтери видеотасманын нукуралуулугунан шек санашууда. Пакистандын маалымат каражаттарынын кабарларына караганда, окуя быйылкы жылдын 16-февралына же тынчтык келишими түзүлгөнгө чейин болгондой.

Икбал Хайдер -Пакистандын адам укуктары боюнча комиссиясынын жетекчиси. Ал “Азаттык жана Эркин Европа” радиосунун кабарчысы менен маегинде өспүрүм кыздын эркектер тарабынан сабалуусу жана өлкөдө зордук-зомбулуктун күчөөсү Талибандын жана башка исламчыл согушчан уюмдардын өсүүсүн шыктандырган же муну менен келишүүчүлүккө барган өкмөт саясатынын натыйжасы экендигин белгиледи:

-Бул Талибан менен мурдагы президент Первез Мушарафтын тушунда кайра –кайра түзүлгөн макулдашуулардын айныксыз кесепети. Генерал Мушараф алар менен кеминде алты макулдашууга кол койгон. Андан кийин шайланган өкмөт да ошол эле саясат менен ыкмаларды улантты. Алар эки келишимге кол койду.

Бирок козголоңчулардын кыймылы күчтүү Түндүк –Батыш чек ара провинциясынын саясатчылары мындай түшүндүрмөлөрдү өтө эле жөнөкөй деп эсетешет. Пакистан парламентине ушул провинцияда бийлик жүргүзгөн Авами улуттук партиясынан шайланган Жамийла Гиланинин ырастоосунда, алардын партиясынан куралган жергиликтүү өкмөт талибдер менен февралда түзгөн келишим Сват өрөөнүндө тынчтык орнотууну көздөйт, бирок аялдардын фундаменталдык укуктарынын эсебинен эмес:

-Биздин партия аялдар укугунун бекем жактоочусу. Өрөөндөгү кыздар мектеби өрттөлгөндөн кийин биз тынчтыккка жана өзгөрүүгө муктаж экендигибизди сездик. Эгер биздин партия келишим түзбөгөндө, уруштар мурдагыдай эле улана бермек. Мындай көрүнүш жергиликтүү тургундар кандай кун менен болсо да тынчтык орнотууну талап кылуусуна дем берди. Биз тынчтык аялдар менен кыздарды курмандыкка чалуунун эсебинен келүүсүнө көнбөйбүз жана буга жол бербейбиз.

Бирок Сват өрөөнүн тургундары буга ишене бербейт. Жергиликтүү пуштун урууларынын жолбашчыларынын бири Муктар Хан Юсуфзай “Азаттыктын” ооган кызматындагы маегинде Сваттагы макулдашууну согушкерлерге толугу менен багынып бергендикке салыштырды:

-Алар негизинен Сваттын элин террорчулардын, “ал-Каиданын” жана дүйнөдөгү мыйзамдардын бирин да тааныбаган адамдардын колуна салып берди. Аялдарды сабоо жолу менен жазалоо - пуштун улутун кордогондук. Мунун баары үчүн биздин өкмөт жоопкер. Себеби алар адегенде сүйлөштү андан соң Сватты террорчулардын колуна өткөрүп берди.

Ал эми Пакистандын маалымат каражаттарына Сват өрөөнүнөн келген кабарларга караганда, жергиликтүү тургундардын бир бөлүгү белгисиздикке жана талибдер менен армиянын токтобогон атышууларынан адамдар бейажал өлүм тапкан күндөргө караганда, бир аз болсо да тынчтыкка артыкчылык беришет экен.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG