Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:57

Исламабадда уруу башчылары “кичи курултай” өткөрүштү


Бүгүн Исламабадда Ооганстандагы жана Пакистандагы уруу башчылары эки күндүк “кичи курултайын” – жыргагайын жыйынтыкташат. Жабык мүнөздө өтүп жаткан жыйынга эки тараптан 25тен өкүл катышууда.

Эксперттердин көбү соңку жылдары Ооганстанда жана Пакистандын тоолуу райондорунда уруштардын аймагы улам кеңейип,ал иш жүзүндө бир фронтко айланып калганын бир ооздон белгилеп жүрүшөт. Эки өлкөдөгү абройлуу уруу башчылары менен коомдук ишмерлер да дал ушул проблеманы талкуулаганы, колдон келсе өкмөттөргө аталган аймактарда бейкуттук орнотуунун жолдорун сунуш кылганы дүйшөмбү күнү Исламабадда жыргагайга – “кичи курултайга” чогулушкан эле.

Пакистандын Түндүк-Батыш чекара провинциясындагы пуштундардын өкүлү,ветеран саясатчы Афрасиаб Хаттак бу жолку жыйынды өтө маанилүү форум катары мүнөздөп, эки өлкөнүн өкмөттөрүндө саясий эрк жетишпей жатканын, болбосо маселени түпкүлүгүндө чечкенге болорун белгиледи.


Ооганстандын мурдагы тышкы иштер министри Абдулла Абдулла да өз сөзүндө бул жагдайга өзгөчө басым жасады. “Эки өлкөнүн жана эки элдин ийиндешип иштегенден, өз ара урматташып,эки тараптын тең жалпы кызыкчылыктарына төп келген максаттарга жетишкенден башка аргасы жок”,-деп айтты ал.


Бирок мындай ишенимдүү жана көтөрүңкү үмүттөргө карабастан жыйынга катышкандар көп маселелерде орток пикир таба алышкан жок. Буга карабастан жакынкы аралыкта эки өлкөнүн уруу башчылары менен коомдук ишмерлеринин Лойа жыргасын – чоң курултайын өткөрүүнүн пландарын талкуулашты. Жыйында кабыл алынган чечимдер бүгүн жарыяланат.


Жергиликтүү байкоочулар бу жолку аксакалдар курултайы деле Ооганстандагы жана Пакистандын тоолуу аймактарындагы кырдаалга олуттуу таасир көрсөтө аларына анчейин ишеним артышкан жок. Былтыр регионалдык курултайда өкмөттөргө сунуш кылынган чаралардан майнап чыккан жок. Пакистандын уруулар байырлаган провинцияларында өз ара араздашкан тайпалардын, талиптерге жан тарткан куралдуу топтордун каршылыгын басканга ырасмий Исламабаддын азырынча чамасы чакталуу. Анын үстүнө эки өлкөнүн тоолуу аймактарындагы уруулардын баары эле борбордук өкмөттөрдүн талиптерге каршы күрөштөгү күч-аракеттерин колдой беришпейт.


Дүйшөмбү күнү Пакистандын Түштүк Вазирстан провинциясында америкалык аскерлердин ракеталык соккусунан жыйырмадай адам мерт болду,алардын арасында талиптердин бир жаңбашчысы да бар дешет.


АКШ аскерлери соңку соңку үч айда Ооганстан менен Пакистан чектешкен тоолуу аймактарга абадан он сегиз жолу жапырык жасашты, бир ирет жер үстүндө операция өткөрүштү. Исламабаддын каршылыгынан улам Пентагон тактикасын өзгөртүүнү чечкенин дүйшөмбү күнү The New York Times гезити кабарлады. Америкалык командачылыктын өкүлдөрү азырынча бул маалыматты комментариялаша элек.

XS
SM
MD
LG