Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:34

Польша Лех Качинскинин өлүмүнө кайгырууда


Варшава шаарында президенттин резиденциясына миңдеген кишилер келип гүлдестелерди коюп кетишүүдө.
Варшава шаарында президенттин резиденциясына миңдеген кишилер келип гүлдестелерди коюп кетишүүдө.

Смоленскинин алдында учагы кыйрап кайтыш болгон Польшанын президенти Лех Качинскиге эли кайгырууда. Ту-157 учагы менен учушкан 97 жүргүнчү арасында Польшанын куралдуу күчтөр Генштабынын жетекчиси жана башка жогорку аскер жетекчилери, Борбордук банктын жетекчиси, парламент депутаттары, өкмөт мүчөлөрү, Катында курман болгондордун жакындары болушкан.

Польша президентинин милдетин аткаруучу – Сеймдин төрагасы Бронислав Коморовский өлкөдө 7 күндүк аза күтүү чечимин чыгарды.

Учак кыйрап түшкөн жерге Орусия өкмөт башчысы Владимир Путин менен Польша өкмөт башчысы Дональд Туск алдыңкы күнү барышты. Президент Дмитрий Медведев кыйроонун себебин текшерип чыгуу үчүн атайын комиссия түзүп, анын башына Путинди дайындады.

Катын аймагына польшалык делегация миңдеген польшалык офицерлерди НКВД аскерлери атканга 70 жыл толгонго байланыштуу аны белгилеш үчүн баратышкан.

Учактын кыйрашынын себеби жерге конуу маалында учкучтар кетирген жаңылыштыктан делген. Бирок башка да божомолдор бар эле. Маселен жөө туман каргаша болду деп бири айтса, техника бузук болгон деп бири, жок бирөөнүн кастыгы деген кептер айтыла баштаган.

Орусиялык журналист Федор Лукьянов баамында:

Ал (Качинский – ММ) орусиялык-польшалык же немистик-польшалык тарыхта эч кимге өз баасынан бир да кадам артка жылгысы келбеген поляк духун, улуттун таламын талашууда жемин жедирбегени менен аты чыккан”.

Президент Лех Качински жубайы менен
Кандай болгон күндө да дүйнөдө мындай кыйроону эч убакта көрө электигин айтышып, поляктар сыналгынын алдында ыйлап атышканын журналисттер жазышууда. Польшалык журналист Кристина Курчафрейдлих баасында президент Лех Качинскийди бирөөлөр жакшы көрүп, бирөөлөр жек көрөрү табыйгы көрүнүш болгон. Элге ошондой киши жакчу:

“Биз ушинтип саясатыбызга катышабыз. Ошон үчүн дайыма талаш-тартыш болуп турат”.

Ал эми учак кыйраган жерге барган Польшанын премьер-министри Дональд Туск сөз сүйлөп окуяга: “Польшанын согуштан кийинки тарыхында болгон эң кайгылуу окуя” - деп баа берди.

Ошол эле жерде Владимир Путин: “бул биздин эл үчүн да эң кайгылуу окуя”, – деп айтты. Андан соң поляк элине Орусия жетекчилигинин атынан көңүл айтты.

Баса, президент Дмитрий Медведевдин чечими менен 12-апрелди Орусияда аза күтүү күнү деп жарыяланды. Москвада кишилер Польшанын элчилигинин эшигине гүлдестелерди коюп кетип атышат.

Президент учкан Ту-154 советтик кезде, так айтканда 1990-жылы чыгарылган учак болгон. Аны кезегинде Польшанын мурдагы лидерлери: Войцех Ярузельский, Лех Валенский жана Алексей Квасневскийлер минишкен.

Агенттиктер жазганга караганда учактын акыркы ремонту 2009-жылы Орусияда жасалган. Ал туурасында “Авиакор” соотунун жетекчиси Алексей Гусев мындайча эскерет:

«Ремонт аяктаганда кабыл алышкан учкучтар маанайы эсимде. Абдан ыраазы болушкан. Капиталдык ремонт болгондон кийин текшерип учуп көрүү маалында”.

Акыркы келген маалыматка караганда, Орусиянын Иликтөө комитетинин жетекчиси Александр Бастрыкин: “Польша өкмөтүнүн Ту-154 учагынын кыйрашы, алдын ала чыгарылган жыйынтыкта, учактын бортунда техникалык жактан бузулган жери болгонго байланыштуу” - деп билдирди.

XS
SM
MD
LG