Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:19

Түркия президенти Кыргызстанга келатат


Абдуллах Гүл 26-майда баштала турган расмий сапарынын жүрүшүндө президент Курманбек Бакиев менен жолугушуп, кыргыз-түрк ишкерлеринин форумуна катышат. Эки тараптуу жолугушууларда бир катар келишимдерге кол коюлуусу күтүлүүдө.

Түркия президентинин Кыргызстанга сапары 28-майга чейин созулат. Анын учурунда Абдуллах Гүл президент Курманбек Бакиевден сырткары Жогорку Кеңештин төрагасы Айтибай Тагаев, өкмөт башчы Игорь Чудинов менен да жолугушат.

Андан сырткары түрк президенти кыргыз-түрк "Манас" университетинде, “Ата Бейит” мемориалдык комплексинде болот жана кыргыз-түрк ишкерлеринин форумуна катышат.

Тышкы иштер министринин орун басары Бактыгүл Каламбекова Кыргызстан Түркия президентинин сапарына чоң маани берип жатканын билдирди:

- Бул сапарга биз аябай чоң маани берип жатабыз. Себеби акыркы тогуз жылдан бери Түркиянын президенти бизге келе элек экен. Бирок 2006-жылы биздин президент Түркияга барып келген. Мына ошого жооп катары расмий сапар менен түрк президенти келатат. Сүйлөшүлө турган маселелер болсо көп. Алар жыйылып калган.

Президенттер эки тараптуу жолугушууда дүйнөлүк, регионалдык, андан сырткары эки тараптуу кызматташууларга байланыштуу маселелерди дагы талкуулашат. Сүйлөшүүлөр жыйынтыгында эки президент биргелешкен декларацияга кол коюшат жана билдирүү кабыл алышат.

Кыргызстан Түркияга болгон 53 миллион доллар карызын жеңилдетүү жагын күтүп жатканын Каламбекова белгилей кетти:

- Карыз маселесин өзгөчө бир бөлүп карай турган маселе катары көрбөйбүз. Бирок жолугушууда бардык маселелердин катарында саналып өтүшү мүмкүн. Себеби кыргыз тараптын күтүүсү бар, карыздын шарттарын жеңилдетүү боюнча.

Кыргызстандын Түркияга карызы эгемендик жылдарынын алгачкы убактысында пайда болгон. Ал кезде Түркия эми эгемендигин алган Кыргызстанга 70 миллион доллардын тегерегинде насыя бөлгөн. Анын ичинен 48 миллион долларды Кыргызстан алып колдонгон. Ал карыз үстөк пайызы менен 53 миллион долларга жетип олтурат.

Эки өлкөнүн ортосундагы сооданын көлөмү 2008-жылы 2007-жылга салыштырмалуу 44.7% өскөн. Ошону менен өткөн жылы Кыргызстандын Түркияга экспорту 49 миллион доллар, импорту 91 миллион долларга жеткен. Кыргызстан Түркияга негизинен төө буурчак, пахта экспорттоп, эл керектөөчү товарларды импорттоп келүүдө.

Кыргыз-түрк мамилесинде "Манас" университетине берилген жерге байланыштуу убагында чыр чыккан. Бишкек мэриясы ал жерди өзүнө кайтарып алуу максатында сотко кайрылып, төмөнкү сот инстанцияларында жеңишке жетишкен. Бирок Жогорку Сот жер маселесин университеттин пайдасына чечти.

-Жогорку Соттун чечими менен университетке кайра берилген ал жер. Мэрия төмөнкү сот инстанциялардан утуп алган болчу, бирок Жогорку Сот университетке кайтарып берген. Ал маселе ошентип чечилген,- дейт кыргыз-түрк "Манас" университетинин ректору Сулайман Кайыпов.

Түрк президенти Бишкектеги сапарынын жүрүшүндө "Манас" университетинде да болот жана анын натыйжасында университеттин маселелерин чечүүгө шарт түзүлөт.

Түрк президентинин сапарынын алкагында өкмөттөр аралык бир нече келишимдерге да кол коюлушу күтүлүүдө. Эки өлкөнүн ортосунда акыркы 17-жылдын ичинде өз ара карым-катнаштардын тейлеп турган жүздөн ашуун келишимге кол коюлган.



  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG