Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:56

Үрүмчүдөгү коогалаң батыш басма сөз каражаттарынын көңүл чордонунда


Кытайдын уйгур автономиялык районунда өткөн аптада болгон тополоң, Борбор Азиялык мигранттардын абалы жана Казакстандагы коррупция батыш басма сөз каражаттарынын көңүлүн ээледи.

Wall Street Journal гезити Үрүмчүдөгү тополоңдон кийин жарыялаган көлөмдүү макаласында, уйгурлардын баш көтөрүү аракетинин түпкүрүндө жаткан чыныгы себептерге сереп салган.

“Кытай бийлиги тополоңду басууда колдонгон катаал чараларды “туруктуулукту сакташ үчүн күч колдонулду” деп актанууга аракеттениши мүмкүн. Бирок Бээжин эмне үчүн миңдеген уйгурлар адилетсиздикке каршы нааразычылык билдирүү үчүн көчөлөргө чыгууга аргасыз болгонун, же эмне үчүн жүздөгөн уйгурлар өздөрүнүн нааразылыгын билдирүү укугун пайдаланганы үчүн өмүрүнөн ажырашканын дүйнө коомчулугуна түшүндүрө албаса керек” деп айтылат макалада. Анда Кытай бийлиги Чыгыш Түркстанда чыңалып бараткан курч абалды калыбына келтирүү үчүн Шинжаңдагы кыргынды калыс иликтеп, уйгурларды өлтүргөн кишилерди сот жообуна тартуу зарыл экени айтылат.

Гезиттин ошол эле санында жарыяланган айрым бир макалада да Үрүмчүдө болгон тополоң жөнүндө ой жүгүртүлүп, “авторитардык өлкөлөр сыртынан байкалганынан алда канча туруксуз болушат. Бул чындык Кытайга да тийиштүү” делинет. Шинжаңда болгон тополоң, 1970-жылкы революциядан бери болгон эң кандуу тополоң экени белгиленген макалада, Кытай өкмөтү, ханзулар же башка этникалык азчылыктагылар болбосун, өзүнүн жарандарынын алдында чыныгы жоопкерчиликке ээ болмоюн, бул өңдүү баш көтөрүү аракеттери келечекте да уланары баяндалат.

Өткөн аптада EURASIA VIEW аттуу интернет баракчада чыккан бир катар макалалар Борбор Азия өлкөлөрүндөгү абалга арналды. Алгачкы макалада Сулайман тоо жөнүндө сөз козголуп, жакында ЮНЕСКО тарабынан дүйнөлүк мурастардын катарына кошулган тоонун бүгүнкү абалы тууралуу маалымат берилет.

“Алда качандан бери Фергана өрөөнүндөгү ыйык зыярат жайларынын бири болуп келген Сулайман тоо Совет доорунда бүгүнкү күндө туристтердин айынан кооптуу абалда” деп айтылат. Макалада Сулайман тоодо байыркы замандарда таштарга чийилген жазуу жана сүрөттөрдү камтыган 101 жай бар экени билдирилет.

Дагы бир макалада Орусиядагы Борбор Азиялык мигрант жумушчулардын көйгөйлөрү тууралуу сөз козголуп, улам көбүрөөк сандагы мигранттар мекенине кайтып жатканына карабастан Орусияда аларга каршы чабуулдар уланып жатканы белгиленет.

Мындан сырткары Казакстандагы коррупциянын жайылышына арналган да макала жарык көрдү. “Эгерде Астанадан келип жаткан кабарларга ишене турган болсок, коррупция жана начар башкаруучулук Казакстандын түбүнө жете турган сыяктанат. Расмий маалыматтарга караганда, министрлерден тартып төмөн карай бардык аткаминерлер мамлекеттик казынадан өздөрүн байытып, айрым учурларда туура эмес токтомдорду бекитүүлөрү аркылуу, мамлекетти миллиондогон доллар чыгашага учуратып жатышат. Бирок айрым оппозициялык саясатчылардын пикиринде, Казакстанда коррупциянын кеңири кулач жайуусу - сахнанын аркасында жүрүп жаткан күч таймашынын натыйжасы болуп эсептелет” деп көрсөтүлөт макалада.
XS
SM
MD
LG