Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:21

Батыш басма сөзү: Назарбаевдин тарыхтагы ролу чоң


Батыш басма сөз каражаттарында Кыргызстандагы Орозо айт, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев жана АКШнын Борбор Азия өлкөлөрүндөгү саясаты тууралуу макалалар жарыяланды.

“Кыргызстанда Орозо айт абдан жакшы белгиленди” деп жазат Түркияда чыгуучу Zaman гезити. Президент Курманбек Бакиевдин Орозо айт майрамына карата жасаган билдирүүсүнөн үзүндүлөр берилген макалада, кыргыз үрп-адаты боюнча ар бир мусулман айт учурунда, 7 үйдү кыдырып чыгышы салтка айланып калганына, быйыл мурдагы жылдардагыдан айт намазына келгендердин саны көп болгондуктан, кишилер борбордук мечитке батпай, намаз парламент алдындагы эски аянтта окулганына көңүл бурулат.

Түркияда чыгуучу Hurriyet Daily News гезитинде жарыяланган макалада Анкарадагы Гази университетинин эл аралык байланыштар бөлүмүнүн профессору Хайдар Чакмак, “ЕККУнун төрагалыгы Казакстандын Борбор Азиядагы лидерлик ролун күчтөндүрөт” деген пикир билдирген.

Хайдар Чакмак өз макаласында Казакстан эгемендүүлүк алгандан кийин акыркы 18 жылдын ичинде Борбор Азия жана Кавказ өлкөлөрү башынан өткөргөн көптөгөн саясий, экономикалык, этникалык жана аймактык маселелерден оолак болуп, ошол эле кезде чоң ылдамдык менен эл аралык коомчулукка интеграциялана алганын баса көрсөткөн.

Чакмак мырза Казакстандын кийинки кылымдын ичиндеги тарыхый, социалдык жана экономикалык өнүгүү таржымалына көз чаптырып, акыркы 18 жыл ичинде Назарбаевдин даанышман башкаруусу алдында өлкө Борбор Азиянын жаркыраган жылдызына айланганын белгилейт.

“Даанышман жана эл аралык аренадагы кадыр-баркы бийик Назарбаевдин, түрк дүйнөсүн бириктирүүдө ойной турган дагы бир маанилүү ролу бар. Эл аралык байланыштарда шериктер бат эле артын салып, кете берүүсү адаттагы көрүнүш болгондуктан, башка өлкөнүн калкы менен кайгыны тең бөлүшүп, бири-биринен жардам сурай алган чыныгы, ишенимдүү достор керек. Мында АКШ, Канада, Британия, Австралия, Германия менен Австриянын достугу мисал боло алат. Назарбаев жаңы бир эл аралык күчтү жарата алат. Эгерде үлгүрө алса, анын аты Түрк улуттарынын тарыхында өзгөчө бир орунга ээ болор эле” деп жыйынтыктайт автор.

Eurasia View интернет баракчасында чыккан макалада АКШ Борбор Азияда боло билүүчү ар кандай кокустук шартка жараша, аймакка атайын даярдыктагы күчтөрдүн (Special Forces) жайгаштырууну пландап жатканы маалымдалат.

Анда бул күчтөр жоочуларга каршы операцияларда Борбор Азия өлкөлөрүнүн аскерлерине машыгуу жана аскердик жардамдын башка түрлөрүн көрсөтөрү айтылат.

“АКШнын Борбор Азия өлкөлөрүндө атайын даярдыктагы күчтөрдү жайгаштыруу планы ар кандай пикирлерди туудурууда. Айрым серепчилер муну демейдеги иш деп бааласа, башкалары аны тобокелчилик катары кабыл алышууда” деп жыйынтыкталат макала.

The Financial Times гезити 19-сентябрда чыккан санындагы макалада АКШнын Түркияга “Патриот” ракеталарын сатуусу жөнүндө айтылат. Макалада басма сөздөрдө АКШ Чыгыш Европадагы ракетадан коргонуу системасын жайгаштырбоону чечкенден кийин, “ал ракеталарды Түркияга сатмай болду” деген имиш кабарлардын арты үзүлбөй жаткандыктан Түркиянын Тышкы иштер министрлиги билдирүү жарыялап, ракета сатып алуу планы менен Түркиянын кошуналарынан келе билүүчү кандайдыр бир коркунуч ортосунда эч кандай байланыш болбогонун баяндаганы билдирилет.
XS
SM
MD
LG