Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:36

Батыш басма сөзү: асмандаган баа, жабылган партия


Кыргызстанда диний экстремизмге каршы күрөш, отун-кубат үчүн баалардын өсүшү жана Түркияда күрттөрдүн партиясынын жабылышы батыш басма сөз каражаттарында да орун алды.

“Экономикалык кризис жана өкмөттүн катаал иш-аракеттери Кыргызстанда “Хизб-ут-Тахрир” уюмун коргонуу турумуна такады. Мүчөлөрүнүн саны азайып бараткан бул жашыруун уюм эми мурдагы күчүнө кайра ээ болууга аракеттенүүдө” деп айтылат Eurasia View интернет баракчасында жарыяланган макалада.

2008-жылдын октябрь айында Ноокатта болгон окуялар мисалга тартылган бул макалада, өкмөттүн катаал аракеттери жана башка бир нече себептерден улам “Хизб-ут-Тахрир” уюмунун эл ичиндеги таасири азайып баратканы белгиленет.

Institute for War & Peace Reporting деп аталган интернет баракчада чыккан макалада, энелердин өлүмү боюнча Кыргызстандагы абал талдоого алынган. Анда акушер-педиатрлардын, хирургдардын курултайында жасалган баяндамага таянуу менен, январдан август айына чейинки мезгилдин ичинде 58 аял кош бойлуу кезинде, төрөт учурунда жана төрөттөн кийин каза тапканы маалымдалат.

Бул баракчада чыккан дагы бир макалада Кыргызстанда отун-кубат үчүн баанын жогорулашы тууралуу өкмөттүн планына сереп салынып, “отун-кубатка, ысык сууга болгон баалардын өсүшү эл ичинде нааразычылыктарды туудуруп, алардын капчыгын жукартмай болду. Каржы кризиси менен алпурушуп жаткан өкмөт субсидияларды токтотуп, энергетиканы рыноктогу баа менен сатууга аргасыз экенин билдирүүдө. Бирок айрым адистер тарифтерди көтөрүүнүн ордуна, энергетиканы өндүрүүнүн өзүнө турган наркынын ушунчалык жогору болушуна шарт түзгөн системалык кемчиликтерге көңүл бурса дурусурак болот деген пикирде” деп жазылат.

Батыш басма сөз каражаттарында Түркиянын Конституциялык сотунун күрт улутундагылардын саясий партиясы ДТПны жабуу тууралуу чечими байма-бай талкууга алынып жатат.

Лондондун Daily Telegraph гезитинде чыккан макалада, жикчил ПКК уюму менен бекем мамиледе болгону үчүн айыптап, соттун ДТПны жаап салуу тууралуу чечими өлкөдө этностор аралык абалды татаалдаштырып, күрт маселесин чечүүнү көздөгөн өкмөттүн планын тобекелге салуусу ыктымал экени билдирилет.

The Guardian гезити “ДТПга тыюу салуу тууралуу соттун чечими Түркиянын Евробиримдикке мүчө болуу мүдөөсүнө тескери таасирин тийгизди” деген пикир баяндалат.

New York Times гезити “Конституциялык сот парламенттеги бирден-бир күрт партиясын жаап салды. Бул чечим күрт маселесин тынчтык жолдор менен чечүүгө багытталган иш-чараларды тобекелге салышы ыктымал” деп жазат.

Германияда чыгуучу Frankfurter Rundschau “күрт партиясы жабылды. Бул окуя күрт маселесин тынчтык жол менен чечүү максатында бир жылдан бери уланып келе жаткан демилгени жокко чыгарып, өлкөдө жаңы толкундоолорго себеп болушу ыктымал” деп белгилейт.
XS
SM
MD
LG