Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:47

Батыш басма сөзү: Борбор Азия жана радикал топтор


Батыш басма сөз каражаттарында өткөн аптада чет өлкөлөрдөгү медреселер жана Кыргызстандагы өзбек мигранттар тууралуу макалалар да орун алды.

Eurasia View интернет баракчасында чыккан макалада “Борбор Азиянын президенттери чет өлкөлөрдөгү медреселерде окуган өспүрүмдөрдүн аң-сезимине Исламдын экстремисттик формасын окуткан радикал топтордун таасиринен чоочулашат” деген пикир айтылат.

Кыргызстандын муфтийи Муратаалы ажы Жумановдун айтымында, бул өлкөдө бери дегенде 400 киши Түркия жана Араб өлкөлөрүндө диний мектептерде билим алышууда. Макалада өзгөчө Пакистанда каттоодон өтпөгөн медреселерде жаштардын аң-сезими экстремисттик идеялар менен толтурулуп жатканы бышыкталат.

Бул баракчада чыккан дагы бир макалада Кыргызстанда жумуш издеп жүргөн өзбекстандык мигранттардын абалына сереп салынган. Анда Өзбекстанда кеңири кулач жайган жумушсуздуктун айынан өзбек мигранттары Кыргызстандын түштүгүндө эң төмөнкү акы үчүн оор иштерди жасоого мажбур болгону белгиленет. Ошондой эле бул макалада экономикасы чабал Кыргызстанда өзбек мигранттары жумуш орундарын ээлеп жатышканы бышыкталат.

Institute for War & Peace Reporting аттуу баракчада 17-январда Жалал-Абаддын Момбеков айыл өкмөтүнө караштуу Чек айылына куралчан эки өзбек жоокери кирип келип, чатак чыгарганы кабарланат. “Начар кайтарылган чек ара жакшы кошуналыкка доо кетирүүдө” деп белгиленген макалада Советтер Союзу доорундагы шартка көнүп калган дыйкандар бүгүнкү күндүн жаңы шарттарына көнө албай, мурдагысындай эле бири-биринин жерин басып алмай көрүнүшү уланып жатканы белгиленет.

Түркияда чыгуучу “Yeni Şafak” гезити 25-январда Орусиянын президенти Дмитрий Медведевдин чакыруусу менен Сочи калаасында Азербайжан жана Армениянын президенттери ортосунда өткөн сүйлөшүүгө сереп салган.

Макалада 2008-жылы атышууларды токтотуу тууралуу келишимге кол коюлгандан бери Тоолуу Карабак жаңжалына байланыштуу 10 жолу жолуккан Азербайжандын лидери Илхам Алиев менен Армениянын президенти Серж Саркисяндын кезектеги сүйлөшүүлөрүндө алга карай жылуулар күтүлө турганы белгиленген.

Эгерде сүйлөшүүлөрдөн натыйжа чыкпаса, Азербайжандын бийлиги калк башка жолдорго даяр болушу керектигин билдиришкен. Азербайжан президентинин администрация башчысы сыналгы аркылуу сүйлөп, “биз маселени тынчтык жолу менен чечүүнү каалайбыз. Мындан майнап чыкпаса, биз башка чараларга даярбыз. Биз жерибизди эч кимге белек кылып бере албайбыз” деп айткан.
XS
SM
MD
LG