Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:57

Москвада Химки токоюн коргоого арналган жыйын өттү


Химки токоюн коргоо кыймылынын мүчөлөрү
Химки токоюн коргоо кыймылынын мүчөлөрү

Москванын борборундагы Пушкин аянтында 22-августта Химки токоюн коргоочуларга тилектештик митинг-концерти өттү. «Азаттыктын» маалыматы боюнча митингге бир нече миң киши чогулган, ал эми тартип сактоо органы таркаткан маалыматка караганда 800ге чукул кишиге катышкан.

Концертке келгендер: «Путин кызматтан кетсин!», «Химки токоюна салынчу жол Рублевски токою аркылуу өтсүн!», «Өкүмөтүбүз – маскара!» деген ураандарды чакырышкан.

Музыкалык сынчы Артемий Троицкий концерттен соң журналистерге айткан кебинде: «Биз экологиялык иш чара өткөргөнү чогулдук эле, бирок бизге Кремл менен Ак үйдөн бирөөлөрдү сүйрөп чыкканы чогулган жандардай мамиле жасалды” – деп баа берген.

Пушкин аянтында өткөрүлгөн ыр угуу митинги Москва алдындагы Химки токоюн коргоочуларга колдоо көрсөтүү максатта уюшулган. Ал токой аркылуу өкүмөт башчы В.Путиндин өнтөлөөсүнөн улам ордо калаадан Питерге чейин жетчү темир жол салынууда. Токой үчүн күйгөндөр оозунда кепте ал жерде токойдун капталы менен өтчү жер бар. Бирок долбоор түзгөндөр жолдун огун түз чыгарыш үчүн токойду жарып өтчү нук чийишкен. А бийлик болсо жергиликтүү калктын ой-пикирин укпай-этпей бекитип салган. Ошондон соң ал токойду коргоочулардын кыймылы пайда болгон. Ошол кыймылдын лидери Евгения Чирикова катышып сөз сүйлөдү. Кийин ал өзүнүн буга дейре эч бир партияда болбогонун жана болгусу жок экенин айтып, митинг үстүндө сүйлөгөн сөзүндө саясий шаани жоктугун билдирди.

- Мен ар бир жарандын, ким болсо ал болсун: журналист, музыкачы, үй кызматкер же инженер болсун ар бир киши өзү жашап аткан чөйрө үчүн күрөшүшүн каалайм, - дейт Евгения Чирикова.

Бийлик митингди ырчыларсыз өткөрүү үчүн уруксат берген. Ошону бетке кармап милиция ырчылар оюн коердо үндү алыска таркатчу аппараттарды орнотууга тыюу салып койгон. Ырчы Юрий Шевчук ал жерде гитара коштоосунда ыр аткарды.

Аянтты түштөн тартып ОМОН жана милиция үч айланта тосуп турган. Тверская көчөсүндө ИИМ аскерлери да чоң машинелерде буйрук түтүп олтурушту. Аянтка келүүчү бардык жолдор тосулуп, кишилерди өткөрбөй атышты. Ошого да карабай Пушкин аянтына чогулгандар эсеби 2-5 миңге жеткенин агенттиктер белгилешти.

Митинг-концертти алып барган Арсений Троицкий жыйынтыгында өлкөдө кишилердин маанайы өзгөрүлө баштаганын белгиледи.

- Бир жыл, эки жыл мурда момунча эл чогултуу такыр мүмкүн эмес болуучу. Эми жаштар арасы да бир эле ал-кубат, мансапты ойлобой жакшы-жаманды баамдай баштады.

Кызык жери, А.Троицкий да эч кандай партия же кыймылдын мүчөсү эмес. Ал ырчылар менен экологдор катарына кеп берип, жыйынды башкарып аткан учурда концертке келишкен жаштар арасынан улам бир жерден айкырып, жыйынды саясатташтырып ийип атышты.

Кремлдик саясатты аркалаган жаштар “Биздикилер” ар бир жыйындын ыркын кетирүү адат таап алган. Ошол адатын карматып, бул жолу да мтинг-концерт өткөн жерден Химки токоюна кишилерди автобустар менен жеткирүү аракетин жасап атты. Ал жерде салынып аткан темир жол үчүн кыйылган кайың, карагайларды ташышууга кол кабыш этүү үчүн элди үндөп атышты. Андай автоунаалар капталында жазууда: “Күрөк, айры, колкап жана башка аспаптарды Химки токоюнан аласыздар” – деп жазылган.


Видео тасма.

Химкидеги токойду коргоо жыйыны
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:34 0:00
Түз линк


Химкидеги токойду коргоо жыйыны

Маскөөнүн четиндеги Химки токоюн коргоого чакырган концерт-жыйынга катышкандар “Путин кетсин!”, “Айланма жол салынсын” деген ураандарды чакырышты. 2010-жылдын 22-августундагы бул нааразылык чарасынан бир көрүнүш. Маскөө, Орусия.

XS
SM
MD
LG