Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:47

Ноокендиктерге бийлик эмес, эл тандаган аким керек


Ноокендиктер бийлик тандаган эмес, эл тандаган акимди коюп берүүнү талап кылышууда
Ноокендиктер бийлик тандаган эмес, эл тандаган акимди коюп берүүнү талап кылышууда

29- августта жүз чакты киши Ноокен райондук бийлигинин алдында митинг өткөрүштү. Алар райондук кеңештин 80 пайыз депутаты макул болбогон адамдын райондун акимдигине дайындалышына каршы чыгышты. Жергиликтүү бийлик башчысын элдин каалоосу менен шайлоону талап кылышып, бийлик алдына 3-сентябрга дейре мөөнөт коюшту. Бул аралыкта маселе чечилбей турган болсо, Ноокен районунда ошо күнү аким шайлоо курултайы өтө турган болду.

Ноокен райондук бийликтин алдында жүз чакты адамдын катышуусунда өткөн митингде буга дейре акимдин биринчи орунбасары болуп иштеген Улан Өсөровдун райондун башчылыгына дайындалганына нааразы болушту. Митингге келген райондук кеңештин бир нече депутаттары бийлик эски өнөктөшүнүн кемчиликтерин кайталап жаткандыгын белгиледи.

Депутат Нурбек Өмүрзаковдун ырасташынча, Ноокен райкеңеши 20- августта жыйын курганда 30 депутаттын ичинен жыйырма үчү У. Өсөровдун талапкерлигине каршы чыккан. Алар өз каршылыгын анын мурдагы бийликте да иштегендиги менен байланыштырууда. Депутаттар ошо күнү президент менен Жалал-Абад облус губернаторуна да кайрылышкан, бирок ал кайрылууга эмдигиче жооп болгон эмес:

- Акыры депутаттар менен кеңешпейсизби – дедим. Бизге Ноокенди сүйгөн, Ноокен үчүн жан үрөп күйгөн адамды акимдикке коюп берсин. Биздин талабыбыз ушу, болбосо, 3- сентябрга бүт Ноокен элин чакырып...Орунбасары да Акаевдин заманында иштеген адам.

Сөз алган адамдар ыңкылаптын талаптары аткарылбай, мурдагы бийликтин адамдары кызмат ордунда кала бергенине нааразы болду. Жекшемби күнү да өлкө башчылыгына кайрылуу кабыл алынды. Анда башка аким дайындоо талабы коюлду. Талапты аткарууга 3- сентябрга чейин мөөнөт берилип, митинг мүдөөсү орундалбаса, ошо күнү аким шайлай турган элдик курултай өткөрүү чечими болду.

- Эл менен кеңешпей эле кое береби, эл менен кеңешпеген – бул кандай бийлик! Эл менен депутаттар менен кеңешпейби? Пулуна карап, жүзүнө карап кызмат бербестен, эл үчүн иштеген адамды коелу,- деп сунуш кылды Роза Хуснидинова.

Ноокен райондук Кеңештин дагы бир депутаты Жеңишбек Жумалиев:

- 2005- жылкы, 2010-жылкы революция эмне үчүн болду? Элдин үнү, нааразычылыгы бийликке жетпегендиктен ушундай толкундоолор болгон.

Уланбек Өсөров президенттин жарлыгы менен 26-августта Ноокен районунун акимдигине дайындалган. Ага чейин район башчынын 1- орунбасары, аппарат башчысы болуп иштеген. Акимдин жардамчысы жана дыйкан чарбанын башчысы кызматтарын аркалаганы бар. Митинг дем алуу күнүнө туш келип, дарыланып жаткандыгына байланыштуу аны менен сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк болгон жок.

Райондук бийликтин өкүлү Алимбек Эгембердиев бир топ адамдын акимди алмаштыруу митинги менен макул болгон жок. Ал 20 жылдан бери аталган райондун кызматында иштеп келаткан У. Өсөровду тажрыйбалуу адам катары сыпаттады:

- Жаңы аким Өсөров Улан Калбатыровичтин иштегенине эки күн эле болду. Сыртта сүйлөп жаткан адамдардын чогулганы сүйлөгөнү туура эмес. Улан Калбатырович ушул Ноокен районунда туулуп - өскөн. Рахманжан колхозунда дыйкан чарбаны башкарып, кийин райондун акиминин жардамчысы, аппарат башчысы, 1- орунбасар болуп иштеген. Жогорку билимдүү, Бишкектеги башкаруу академиясын бүтүргөн. Ушундай жаш энергиялуу адамдар иштесин!

Көз каранды эмес талдоочу Жусупжан Ажибаев кадр саясатындагы кемчиликтер октябрда боло турган парламенттик шайлоого да таасир этеринен чоочулайт;

-Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу уюмдарынын башчыларын шайлаганда элдин оюн, элдин үнүн угуп, ошол эл каалаган талапкерин кызматка койсо, жер-жерлерде нааразылыктар болбойт, келе жаткан шайлоодо да өз мөмөсүн берет. Дайыма элдин үнүн укпай, губернаторлор же башкалар өздөрүнүн адамдарын кое бере турган болсо, элдин нааразылыгы мындан да күчөп кетүүсү ыктымал. Жаңы шайлоого чейин элдин каалаган адамын кызматка коюп, шайлоодон кийин жаңы мыйзамдар боюнча шайлоолорду өткөрсө болот эле.

Акимдерди дайындоодогу нааразылыктар бир эле Ноокен районунда болуп жаткан жери жок. Буга мисал иретинде облустун Токтогул районундагы окуяны атаса болот. Аталган райондун акиминин дайындалышына нааразылык июль айынан бери улантылып жатат. Бир нече күн уланган элдик курултай акимдикке башка адамды шайлап, аны бийлик башчы үстөлүнө отургузган. Президенттин жарлыгы менен дайындалган район башчы башка имаратта иштөөгө аргасыз болгон.

Ошондо эл талабы аткарылбаганына жаны кашайган бир жаран өзүн өзү өрттөө үчүн райондук бийликтин имаратына бензиндерди көтөрүп барган. Баткен облусунда болсо, эски жана жаңы акимдерди жактагандардын деми алигиче сууй элек.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG