Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:47

Орусияда экологиялык абал оор


Орусияда 1972-жылдан бери 5-июнь экологдор күнү катары белгилеп келет. Ошондой эле 5-июнь - Айлана-чөйрөнү коргоо күнү катары да белгиленет. Орусияда табиятты коргоо жаатында байкоочулардын пикирлери бирдей эмес.

“Яблоко” партиясынын лидери Сергей Митрохин 5-июнду майрам деп айтууга ооз барбай турганын билдирди. Анын баамында, Орусияда экологиялык кырдаал өтө татаал жана бийлик өкүлдөрүнүн бул багытта саясаты жок. В.Путин бийликке келери менен Экология министрлиги жоюлган. “Ошол кезден тартып бул багытта абал оор” дейт С.Митрохин.

Орусияда экология маселеси тууралуу кеп козголгондо адегенде Байкал көлү ойго түшөт. Айтылуу көлгө 40 жыл бою кир суу төгүп келген кагаз чыгарчу комбинат (БЦБК) эл аралык ЮНЕСКО уюмунун кийлигишүүсү менен мындан эки жыл мурда жабылган. Бирок аны Орусиянын өкмөт башчысы Владимир Путин жумушсуз калгандардын укугун коргоо деген жүйө менен 2010-жылдын 13-январында ачкан.

Бирок дал ошол комбинат жабылгандан соң жумушчулар өз алдынча иш таап, тарап кетишкенин айтат Орусиялык жапайы табыятты коргоо фондунун жетекчиси Евгений Шварц:

- БЦБК жабылгандан кийин мурда жумушсуз болуп катталгандарды жети жүзгө жакыны башка жерде иш таап кеткен.

Мындан көп өтпөй “Байкал үчүн” кыймылы пайда болуп, алар 45 миң кол чогултуп, президент Д.Медведевге жолдошкон. Ошондон соң мамлекет башчы өкмөттү экология маселелсине үстүрт мамиле жасаганы үчүн сынга алган. Ал тургай 23-апрелде Жогорку Сотто Байкал жээгиндеги кагаз чыгарчу комбинатты ишке киргизген В.Путиндин чечимин жойдуруу боюнча сот отуруму өткөн. Бирок бийлик тарап сот ишин утуп алган.

Дагы бир экологиялык оор маселе – агын сууларга кошулуучу жаман суулар экенин эколог Алексей Киселев айтат:

- Азыркы тапта Ярославл, Петербург же Москва сыяктуу ири шаарларда агын сууга кошулуп аткан кир суу – турак-жай ишканалар колдонгон жаман суулар болууда.

Айтылуу эколог Алексей Яблоков “бир жыл мурда, 9-январ күнү Алтайда кожоюндардын тик учак менен аркар атышы орой иш болгон. Ошондон соң жаагыбыз талыгыча үн катып бийликке кайрылдык, жок дегенде аларды моралдык жактан айыптагыла, башкаларга өрнөк болсун дедик, бирок ушул убакытка чейин Медведев да, Путин да ооз ача элек, анан кантип иш оңолот?” деп суроо коет.

Ошондой эле уулу химикаттар орчундуу маселе болууда. Орусияда азыр мөөнөтү өткөн пестициддер 50 миң тоннадай бар. Аларды жерге көмүп салуу үчүн каражат жок. Ушул багытта адис Алексей Алексеенконун айтымында, бир кадак пестицидди жок кылуу үчүн бери дегенде бир миң рубл чыгым кетет. Ал эми бир эле Челябинск облусу боюнча андай ууландыруучу заттын 52 тоннасы жыйылып турат.

"Азаттыктын" архивинен: Байкал көлү үчүн кармаш

Орусиянын өкмөт башчысы В.Путин Байкал целлюлоза-кагаз комбинатына салттуу технология менен иштөөгө уруксат берди. Бул чечим 40 жылдан бери комбинаттын жабылышын талап кылып келаткан экологдор үчүн катуу сокку болду. ZMa

Байкал көлү үчүн кармаш
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:20 0:00
XS
SM
MD
LG