Орусия менен Германия бири-бирин өтө маанилүү өнөктөштөр катары санайт. Өзгөчө эки өлкө энергетика жаатындагы долбоорлор боюнча тыгыз байланышта. Берлин Евобиримдиктин Чыгыштагы жаңы мүчөлөрүнөн айрымаланып, Европанын көгүлтүр от боюнча Орусияга көз карандылыгын азайтууну максат кылган долбоорлорго кызыгуусун анчалык деле көргөзө элек. Тескерисинче Орусия менен бирге ишке ашырылуучу долбоорлорду колдоп келүүдө.
Быйыл сентябрда Германияда кезектеги парламенттик шайлоо өтмөкчү. Азыркы немец канцлери Ангела Меркелдин Христиан –демократиялык жана тышкы иштер министри Франк -Вальтер Штайнмайердин Социал –демократиялык партиялары адаттагыдай эле шайлоонун башкы атаандаштары. Андыктан Германиянын Тышкы байланыштар боюнча кеңешинин Орусия боюнча эксперти Стефан Майстердин айтымында, азыркы иш сапар бир чети Германиянын өз ичиндеги саясий жараяндар менен да байланыштуу:
-Албетте, бул - шайлоону утурлай мындай маанилүү өнөктөшкө, маанилүү өлкөгө келүү менен кээ бир чөйрөлөргө жаңы дем берүү аркети. Анткен менен Европарламентке шайлоо Штайнмайер мырза жана анын Социал –демократтар партиясы абдан эле алсыз экенин көргөздү. Орусиялыктар деле ал эми күздө келбей турганын билишсе керек. Бул жааттан караганда, азыркы жолугушуулар натыйжалуу болорун мен айта албайм.
Германиянын тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүнө караганда, Москвадагы сүйлөшүүлөрдө негизинен үч маселеге көңүл бурулмак. Алардын бири - куралсыздануу жана куралды көзөмөлдөө. Мунун алкагында Ирандын өзөктүк программасы жөнүндө да сөз болот. Орусиянын “Интерфакс” агенттиги кабарлагандай, президент Дмитрий Медведев менен жолугушуусунда немец тышкы иштер министри АКШ президенти Барак Обаманын июлда Орусияга күтүлүп жаткан визитине да токтоло кетти. Немец тараптын пикиринде, бул - өзөктүк куралдан арылуу маселесин чечүү үчүн “сыноо” жана “өтө маанилүү” визит.
Немец тышкы иштер министрлиги белгилегендей, Франк Вальтер Штайнмайердин сапары Орусия менен Германия ортосундагы “өнөктөштүктү модернизациялоо” боюнча былтыр көтөрүлгөн демилгени тереңдетүү максатын да көздөйт. Ал демилге Германиянын Орусиядагы инвестициясын көбөйтүүгө жана экономикалык кызматташтыкты жакшыртууга багытталган эле.
Мындан сырткары сүйлөшүүлөрдө бир катар эл аралык жолугушууларга, анын ичинде Чоң сегиздин, ЕККУнун тышкы иштер министрлеринин жана НАТО –Орусия кеңешинин жыйынына даярдык көрүү жагы да талкууланат. Ал жыйындардын баары ушул айдын соңунда өтмөкчү.
Германиянын тышкы саясий мекемесинин жетекчиси бул жолку сапары учурунда Орусиядагы жарандык коомдун жагдайына да баш багып, өлкөдөгү үркөрдөй болгон көз карандысыз маалымат каражаттарынын бири – “Новая газетанын” кеңсесине баруусу мерчемделген.
Немец тышкы иштер министрлиги Штайнмайер орус бийликтери менен көзмө-көз сүйлөшүүлөрүндө ЮКОС мунай компаниясынын мурдагы башчысы Михаил Ходорковскийдин соту, журналисттерге жасалган соңку кол салуу фактыларын көтөрөр-көтөрбөсүн ырастоодон баш тартты.
Бирок Тышкы байланыштар боюнча немец кеңешинин Орусия боюнча эксперти Стефан Майстер адам укуктары немец тарап артыкчылык берген маселелердин катарында эмес деп эсептейт:
- Бул тизме иштелип чыккан ыкманы карасак, Медведев, Путин менен жолугушууда башка маселелер козголорун баары биле алат, атап айтканда Орусия менен Германиянын кызматташтыгы, өзгөчө экономика чөйрөсүнө модернизациялоо боюнча долбоорлор, анан албетте каржы кризиси.
Экономикалык кызматташтык демекчи, жакында Германиядагы Оpel автоишканасын сатып алган концорциумга Орусиянын Сбербанкы менен ГАЗ компаниясы да кирет. Ага чейин Opel АКШнын жакында банкрот болгонун жарыялаган автогиганты – General Motorsко караштуу болчу.