Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:05

Орусия: Дмитрий Медведев партия лидерлери менен сүйлөшөт


2-апрелде Орусиянын президенти Дмитрий Медведев парламенттеги партия лидерлери менен жолугат. Кремлде өтө турган жолугушууга “Бирдиктүү Орусия”, Коммунисттер партиясы, “Адилет Орусия” жана Либерал-демократиялык партиянын жетекчилери катышат.

Маалыматтарга караганда, жолугушууда Москва менен Кизлярда орун алган жардыруулардан кийин өлкөдөгү кырдаал, коомчулукту жаңылоо багытындагы маселелер жана шайлоо системасына өзгөртүү киргизүү мүмкүнчүлүгү талкууга алынат.

1-апрелде Коммунисттер партиясынын лидери Геннадий Зюганов “бир да маселени чече албаган” өкмөттүн курамын өзгөртүү талабын кое турганын айткан. Ал эми “Адилет Орусия” фракциясынын жетекчиси Николай Левичев террорчулук менен күрөштө күч органдары жарандар эркиндигине бут тоспошу керек деген.

Орусиянын лидери Дмитрий Медведев бул жолугушууну 1-апрелде өткөрмөк. Бирок бул күнү ал күтүүсүз сапары менен Дагестанга барып, чогулуш өткөрүп келди. Москва менен Кизлярда апта башында болгон жардыруулар коомчулукта башкача маанай жаратканга байланыштуу аны талкуулоо - башкы маселе болгон. Президент Медведев бул маселени Мамлекеттик думанын фракциялар жетекчилери менен талкууламакчы.

Кремлге “Бирдиктүү Орусиянын” лидери Борис Грызлов, “Адилет Орусиянын” лидери Сергей Миронов, Думадагы Коммунисттер партиясынын лидери Геннадий Зюганов жана Либерал-демократиялык партиянын жетекчиси Владимир Жириновский чакырылган. Булардан башка партия жана кыймылдардын өкүлдөрү чакырылган эмес.

Өз кезегинде оппозиция бийликтин ишин катуу сынга алып келет. Андай сындар дал ушул жардыруулар болгондо күчөдү. Дмитрий Медведев жардыруулар тууралуу буларды айтты:

- Бизде кийинки учурда террорчулук менен күрөштө бир нече согушкерди жок кылдык.

Ошол эле учурда коомчулукта өңү-түсү славян эместерге маанай өзгөргөнү, алардын коркуп-үркүүсү артканын иликтөө борбору «Сова» билдирди. Борбордун адиси Галина Кожевникова мындай дейт:

- Славянга окшобогон кишилердин кыйла тобу бул күндөрү атайын эле үйлөрүнөн чыкпаганы бизге маалым болду. Алар көчөдө кишилердин жардырууга күнөөлүү деп бизге кол салат деп коркуп үйлөрүнөн чыгышкан эмес.

29-мартта Москванын «Лубянка» жана «Парк Культуры» станцияларында жардыруудан 40 киши курман болуп, 87 киши жараат алган. Андан эки күн өткөндө Дагестандын Кизляр шаарында да эки жардыруу болуп, андан 12 киши курман болуп, 23 киши жараат алды.

XS
SM
MD
LG