Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:55

Москвада эл аралык кинофестиваль өтөт


Москва эл аралык фестивалынын эмблемасы
Москва эл аралык фестивалынын эмблемасы

Эртең Москвада эл аралык кинофестивал ачылат. Фестиваль 28-июнга чейин созулуп, 5 программанын негизинде тасмалар көрсөтүлүп, сындалат.

Маданий алаканы чыңдоо жана тажрыйба алмашуу максатын көздөгөн Москва эл аралык кинофестивалы Кинопродюсерлер Ассоциациасынын эл аралык федерациясы тарабынан сынактык фестиваль катары бекитилген. Белгилүү кинорежиссер Эрнест Абдыжапаровдун айтуусунда бул кинофестиваль эң мыкты фестивалдардын катарына кирет.

Советтер Союзу дүңгүрөп турган учурда бул кинофестиваль “Берлин”, “Венеция” фестивалдары менен тең тайлаша турган, идеологиялык жактан, тасмалардын жогорку денгээли жагынан да жогору бааланчу. Мында көп-көп дүйнөлүк классиктер фильмдерин көрсөтүшкөн.

Фестивалдын талабына ылайык тасмалар 5 программанын негизинде тандалат. Конкурстун шарты боюнча ат салыша турган тасма буга чейин көрсөтүлбөгөн, тактап айтканда бет ачаары мына ошол сынакта болушу керек. Маалыматтарга караганда бул жолу кинофестивалда Болгар, Индия, Грузия жана башка өлкөлөрдүн кинорежиссерлорунун фильмдери сунушталат. Бул фестивалдын орус кинорежиссерлоруна кылган кызматы зор болсо, кээ бир өлкөлөрдүн киноишмерлери үчүн тескерисинче дейт Эрнест Абдыжапаров:

- Бул жерге дүйнөлүк мыкты тасмалар чакырылып, орустар көрүп тажрыйба алмашканга салымы чоң да. Ал эми бизге болсо кандайдыр бир бул фестиваль теңине албагандай учуру десем болот да. Кыргыздын, мурдагы Советтер союзунда жашаган кээ бир өлкөлөдүн тасмаларына анча көңүл бура бербейт да. Булардын саясаты кичине башкача.

Ар бир кинорежиссер үчүн кандай гана фестиваль болбосун таасир чоң, ал эми мындай эл аралык деңгээлдеги, аброю бийик Москва эл аралык кинофестивалына катышуу чоң сыймык экенин жаш кинорежиссер Айбек Дайырбеков белгилейт.

Маалыматка ылайык 31-Москва эл аралык кинофестивалынын калыстар тобунун курамын Индия, Британия, Украина, Казакстан өлкөлөрүнүн киноишмерлери түзөт. Ал эми калыстар тобун орус режиссеру, драматург, продюсер Павел Лунгин жетектейт.

Бул фестиваль менен катар эле 23-июнда Тверь шаарында киноактерлордун 17-эл аралык “Созвездие” фестивалы өз ишин баштайт. Маалыматтарга караганда ага Орусия, Беларусия, Украина, Польша өлкөлөрүнөн 100дөн ашуун артистер катышаары күтүлүүдө.

Бул Орусиядагы актерлор өздөрүнүн аракети менен уюштурган жалгыз фестиваль болуп саналат. Сынакта фильмдерге эмес, мыкты актерлорук чеберчилик үчүн деген байгелер тапшырылат.

Фестивалдын уюштуруучуларынын бири Алексей Борисовдун кабарлоосунда бул жылы сыйлыктар иш-чаранын жабылышында эмес, ачылышында тапшырылат.

Азаттыктан угуңуз

XS
SM
MD
LG