Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:19

Москвада Политковскаяны эскеришти


Москва -- Вера Политковская үч жылга аяк басса да апасын тындым кылган кылмышкерлер табылбай, үмүтү үзүлүп баратканын белгиледи.
Москва -- Вера Политковская үч жылга аяк басса да апасын тындым кылган кылмышкерлер табылбай, үмүтү үзүлүп баратканын белгиледи.

Россияда, Европанын бир катар өлкөлөрүндө журналист, белгилүү укук коргоочу Анна Политковскаяны эскерип жатышат.

Иш-чараларга таанымал журналисттер, маданият ишмерлери, укук коргоочулар жана оппозициядагы саясатчылар катышты.

Анна Политковскаянын арбайына арналган акциялар Москвадан тышкары Петербургда, Костромада, Омскиде, Екатеринбургда, Новосибирскиде жана башка шаарларда өткөрүлдү. Петербургда "Яблоко" партиясынын жаштар жамааты шаардык прокуратуранын имаратында пикет уюштурушту.

Францияда,Британияда,Нидерландияда, Европанын башка өлкөлөрүндө да Россиядагы сөз эркиндигин коргоого арналган митингдер болот.

"Новая газетанын" жалпы жамааты, журналисттер жана артисттер шаршемби күнү туптуура саат 16:03тө - Политковскаяга кылмышкер ок аткан маалда - Лесная көчөсүндө азалуу митинг өткөрүштү.

Бул окуя 2006-жылы 7-октябрда болгон. Ага чейин Политковская көп жылдар бою "чечен темасын" жазып, бийликтердин кычыгына тийген макалаларды жарыялаган.

Политковскаянын киши колдуу болгонун ошо кездеги президент Владимир Путин "кабарчынын өзүнө жана анын макалаларына караганда бул кылмыш Россиядагы,Чечен республикасындагы бийликтерге алда канча чоң залал жана зыян тийгизет" кыябында түшүндүргөн.

Политковскаяны дал Путиндин туулган күнү – 7-октябрда тындым кылышканын байкоочулар таң каларлык кокустук деп жүрүшөт.

Кимдин тапшырыгы менен кимдер журналисттин көзүн тазалаганы ушул күнгө чейин аныктала элек. 2007-жылы Москвадагы Басман сотунун санкциясы менен он адам кармалып, кийин көбү бошотулган.

Политковскаяны тындым кылган кандымоюндарга каралашкан деген айып менен былтыр ноябрда бир туугандар Жабраил жана Ибрагим Махмудовдор, милициянын мурдагы кызматкери Сергей Хажикурбанов сот жообуна тартылышкан. Ага-ини Махмудовдордун үчүнчүсү – Рустам из жашырып, дайынсыз болуп кеткен. Политковская ошол Рустамдын огунан мерт болгон дешет.

Быйыл февралда калыстар соту үч айыпкерди тең актаган эле. Бул өкүмдү июнда Жогорку сот жокко чыгарып, сентябрда ишти кайра териштиргени прокуратурага жөнөткөн.

Жакында тергөө органдары бул иште башка бир кылмышкерлердин изи табылганын айтышты. "Ишти ошол эле тергөөчүлөр тобу жүргүзөт, бу топко бир нече киши кошулду, бир нечеси алынды. Алардын айтымында, шекшинткен жаңы күнөөкөрлөр табылды, менимче, эгер иш ийгиликтүү жүрсө,анда айыпкерлер саны мурдагыдан бир кыйла көп болот",-деп айтты Москвадагы маалымат жыйынында "Новая газетанын" шеф-редактору Сергей Соколов. Бирок ал чыныгы кылмышкерлер табыларына анчейин деле ишене бербейт. Журналистти аткандардын бири болушу мүмкүн делинген адам мындан бир нече ай мурда европалык өлкөлөрдүн биринде камалмак болуп,бирок бюрократиялык тоскоолдуктардан улам бул иш жүзөгө ашпай калды.

Политковскаянын адвокаттары "кылмыш ишинде жаңы адамдар пайда болгону" тууралуу ныпым капарсыз экенин ырасташты.

Маалымат жыйынында Вера Политковская апасын тындым кылгандар үч жылдан бери табылбай, тергөө органдары бул кылмышка тиешеси барлардын изине түшөрүнө барган сайын ишеним жоголуп баратканын билдирди.

Политковскаянын уулу Илья болсо тергөөчүлөрдө жаңы мүмкүнчүлүк пайда болгонун, бул акыркы мүмкүнчүлүк экенин, тергөө жүргүзүп жаткандар ушул удулдан пайдаланып,иштин өтөсүнө чыгарына үмүттөнүп жатканын белгиледи.

Москвага келип, Политковскаянын арбайына арналган акцияларга катышууну көздөгөн эл аралык "Чекарасыз кабарчылар" уюмунун үч өкүлүнө орус бийликтери виза бербей коюшту.

Мындан эки күн мурда Эл аралык мунапыс уюмунун баш катчысы Айрин Хан орус жетекчилерине атайын кат менен кайрылып, "Политковскаянын өмүрүн кыйгандар дале эркиндикте жүргөнү бийликтердин мындай кылмыштарга каршы күрөштөгү алсыздыгын көрсөтө турганын" эске салып, "ушундай эле жагдайда жайран болушкан Наталья Эстемированын, Станислав Маркеловдун, Анастасия Бабурованын иштерин да көз карандысыз жана калыс кырдаалда териштирип чыгууну" талап кылды.
XS
SM
MD
LG