Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:03

Орусия: ГЭСке кол салынды


Кабардин-Балкардагы жарылуу болгон ГЭС, 21-июль.
Кабардин-Балкардагы жарылуу болгон ГЭС, 21-июль.

21-июлдун таңында Кабардин-Балкардагы ГЭСтин ичинде жарылуу болуп, андан чыккан өрт өчүрүлдү. ГЭСке киргендер эки сакчыны өлтүрүп, нөөмөт жетекчиси менен жардамчысын сабашкан соң залга мина орноткону айтылууда.

Биринчи орнотулган мина ошол жерде жарылса, 5-8 мүнөттүк айырма менен үч жолу бомба жарылган. Дагы бир бомба кийин саперлер дүрмөтүн сууруп алганга үлгүрүп, жарылбай калган.

Окуяны иликтөө ишинде террордук чабуул деген алдын ала божомол чыгарылып, болжол менен террордук чабуулду сегизге жакын согушкер уюштурган. Алар бир саат мурда Баксан шаарынын Ички иштер бөлүмүнүн имаратын аткылашкан эле. Андан эч ким жабыркаган эмес.

ГЭС Баксан шаарына 15 чакырым жакын жайгашкан. Айрым маалыматтарга ылайык, кол салгандар жүк ташуучу эки унаа менен келип, эки кароолчуну атып, алардын куралдарын ала кетишкен. Улуттук террорчулукка каршы комитеттин өкүлүнүн божомолуна караганда төрт киши кол салган болушу мүмкүн.

Электр станцияларды тейлөөчү «РусГидро» компаниясынын маалымат катчысы Елена Вишнякова буларды айтты:

- Натыйжада ГЭСтин бир залына олуттуу зыян келген. Азыркы тапта ал жерде өрт өчүргүчтөр, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, ФКК, ИИМдин өкүлдөрү иликтөө жүргүзүп атышат. Чыгымдын көлөмү такталууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, станциянын биринчи жана экинчи агрегаттары талкаланган, ал эми үчүнчү агергат мурдагысындай иштөөдө. Улуттук террорчулукка каршы комитеттин маалымдашынча эртең менен саат 6дан 15 мүнөт өткөндө станция парсынын айланышы убактылуу токтотулган.

«Азаттыктын» Кабардин-Балкардагы кабарчысы Марина Чернышованын билдиргенине караганда, станциянын иши токтоп турат. Суу болсо дайрага түз кошулууда. Бирок тегеректеги айылдарды суу каптайт деген коркунуч жок:

- Станция суу сактай турган көлү жок курулган. Дайра менен келген суу түздөн түз агрегаттарга агып түшчү. Электр менен калкты жабдууда тартыштык жок.

Баксан дайрасына ал ГЭС 1930-1936-жылдары курулган. Кубаты 25 МВт. Анын жанында Саян-Шушенск жээгиндеги ГЭС 250 эсе кубаттуу. Былтыр жайында Саян-Шушенск ГЭСинде жарылуу болуп, ал үчүн жоопкерчиликти өзүн Доку Умаровдун тобу алган. Бирок окуяны иликтегендер бул топтун билдирүүсү чындыкка коошпойт деп тапкан.

Азырынча стратегиялык жай болгон ГЭСке террочулар кантип кирип барышканы такталууда. Көз карандысыз талдоочу Андрей Солдатов буларды айтат:

- Согушкерлер Саян-Шушенсктеги ГЭС жардырылганда кол салууга тийешеси бар экенин айтшкан. Ал бир айтылып кеткен кеп болгон күндө да согушкерлер буга окшош кол салууларды жасоого ниети бардыгын ошондо кыйыткан болчу.

Орусиянын өкмөт башчысы Владимир Путин окуя болгон аймакта жашаган калк энергия кубаты менен үзгүлтүксүз камсыздалышы керектигин жана электр станциясы тез аранын ичинде калыбына келиши керектигин билдирди.

Орусия: ГЭСке кол салынды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:13 0:00

XS
SM
MD
LG