Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:40

“Нью-Йорк Таймс”: Орусияда ислам дини кысымга алынууда


The New Үork Times гезитинин жазганына караганда, Орусияда мыйзамдагы мааниси так айтылбаган беренелер ислам динин кармангандарды соттоодо таасирин тийгизип келет. Орусиялык Чыгыш таануу институтунун илимий кызматкери Руслан Курбановдун айтымында, динди жаңыртуууну көздөгөн мусулмандар жаш муунун бийлик кысымга алууда. Айрым адистердин божомолунда мусулмандарды коркутуп-үркүтүү ыкмасы менен бийлик адам укугу тууралуу мыйзам чегинен чыгууда.

Гезитте жарыялаган макалада жакында Казанда кармалган 11 адамдын үстүнөн жүргөн сот тууралуу кеп болот. Алар “террордук уюмга таандык, «Хизб ут-Тахрир» партиясына мүчө, бийликти кулатууга аракет жасашкан” деген кине менен кармалышкан. Алардын көпчүлүгү бул партияга мүчө эмес экендиктерин айтышкан.

Ушул соттун жүрүшү - Орусияда мусулмандарга калганда чаташ мыйзамы бар экенин айгинелеген. Калкынын саны 140 миллионго жеткен Орусияда ислам динин таат кылгандар 15-20 миллионго жетет. Бийлик аларга мечит куруп, мектеп ачып исламга сыйынууга уруксат берген. Өкмөт башчы Владимир Путин кезегинде Сауд Арапстандын падышахы менен жолукканда орусиялык мусулмандардын Меккеге ажыга баруусу үчүн көбүрөөк орун сурап өтүнгөн.

Ошол эле учурда мусулманга калганда, айрыкча өңү-түсү бөлөктөргө карата мамиле бийликтин көрсө көрмөксөнгө салуу саясатына ылайык улам курчууда. Бир нече убак мурда (1-июлда) Санкт-Петербургда Татарстандан барып окуп аткан Дамир Зайнуллинди жергиликтүү улутчул жаштар бычактап өлтүргөндө, Орусиянын Муфтий кеңешинин төрагасы Равил Гайнутдин бийликке ачык кайрылуу жасаган:

- Эмне үчүн биз, мусулман калктар, орус эместер балдарыбызды көчөгө, мектепке, жогорку окуу жайларга чыгаруудан коркуп турушубуз керек? Эмне үчүн биздин Баш мыйзамды коргоочу президентибиз менен Башкы прокуратура ар бир калк, ар бир атуулга алардын жашоо укугун коргоп бере алышпайт? Алар биздин жашообузга, күн көрүп суу ичүүбүзгө жөлөк болушу керек эле го?

Казанда өткөн сотто «Хизб ут-Тахрир» партиясына тийешеси бар деген айып менен кесилгендердин ата-энелери балдарынын ал уюмга эч кандай катыштыгы болбогонун айтышкан.

Кандай болгондо да Казанда өткөн сот Орусияда диний жааттан ала келгенде өлкөдө саны боюнча экинчи тепкичте турган мусулмандарга мыйзамда ары да, бери да тарып караса жарай бере турган жерлери бар экенин кабарлады. Татарстан мусулмандар башкармасынын төрагасы Валиулла Якупов буларды айтат:

- Уландар колу менен кылган күнөөсү үчүн эмес, көз карашы үчүн кесилишти, алар менен буга дейре диний ишкерлер белсенип киришип, түшүндүрмөлөрдү берип иштешкенде мындай болмок эмес.

Мындай өнөктүк Орусиянын 15 жыл удаа Түндүк Кавказда мусулмандар колдоого алган жикчил кыймылдарга каршы жүргүзүп аткан кармашынан улам калыптанууда. Бир гана Чеченстандагы эки жолку согушта миңдеген киши кырылды деп жазат басылма.
XS
SM
MD
LG