73 жаштагы Шаймиев Татарстанды дээрлик 20 жыл башкарды. Ал алгачкы жолу 1991-жылы СССР ыдырап жаткан кезде, Горбачевдун тушунда президенттикке шайланып, киийн дагы эки ирет 1996 жана 2001-жылдары элдин колдоосуна ээ болгон.
1990-жылдардын башында Шаймиев Ельцин башкарган борбордук бийликтен көбүрөөк көз карандысыздык алууга жетишкен. Путин жана Медведев тушунда Татарстандын автономиясы кыйла кыскарганы менен, жумурият Россиянын башка региондоруна караганда алда канча көз карандысыз бойдон калган. Айрымдар, атүгүл, Татарстанды “мамлекет ичиндеги мамлекет” деп атап жүрүшөт.
Москвадагы Карнеги боборунун кызматкери Николай Петровдун баамында, Шаймиев улуттук деңгээлде таасири күчтүү саясатчы болчу:
- Бир да региондун жетекчиси Шаймиевдей болуп бийликтен кеткени эсимде жок. Ал өз талапкерин сунуш кылып, борбордон эч ким мажбурлабастан, өз убагында кетип калды. Шаймиев - мыкты саясатчы.
Татар лидери өз ордуна шериги, өкмөт башчы Рустам Миннихановду сунуш кылып, Кремлдин макулдугун алган. Шаймиев өзү болсо мамлекеттик кеңешчи деген кызматты ээлейт.
Шаймиев мунайга бай жумуриятта эффективдүү саясий машина орнотууга, массалык маалымат каражаттарын бекем көзөмөлдө кармап турууга, башкача көз карашты карманган адамдардын апаздарын басууга жетишти.
Петровдун пикиринде, орус жетекчилери Шаймиевге өзгөчө мамиле кылышчу. Себеби Кремль татарлардын улутчулдугунан чочулайт:
- Ал борбордук бийлик менен акылдуу бир оюн жүргүзүп келген. Ельцин же андан кийин Путин Татарстанга карата катуу турум ээлесе эле, жумуриятта улутчулдуктун жаңы толкуну башталчу. Муну менен “жалгыз Минтимир Шаймиев кырдаалды көзөмөлдөй алат” деген ишара кылынчу.
Акыркы эл каттоого ылайык, Татарстандын 3,8 миллиондуу калкынын 52,9 процентин мусулмандар түзөт, 39,5 проценти - православ христиандар. Буга карабай жумуриятта улуттар же диндер аралык араздашуулар аз болот жана бир катар аналитиктер муну Шаймиевдин эмгеги деп баалашат.
Президент Татарстандын эгемендүүлүгүнө жетише алган жок деп нааразы болгондор да көп. Алардын бири Нижнекамск шаарындагы Татар Борборунун жетекчиси Халил Аюпов:
- Бардык татарлар жана Татарстан эли ал Татарстандын суверендүүлүгүн коргойт деп күтүшкөн. Тилекке каршы, Шаймиев кызматынан көз карандысыз жумурияттын президенти катары эмес, Россиянын курамындагы региондун Москва дайындаган лидери катары кетип жатат. Ал Татарстандын көз карандысыздыгынан айрылышына чоң салым кошту.
Ошол эле мезгилде байкоочулар Шаймиевдин Казан шаарын өнүктүрүү, Түркия, Иран өңдүү мусулман өлкөлөр менен алакаларды өрчүтүү өңдүү иштерин унутпаш керек дешет.
Саясий оппоненттер болсо президентти оппозицияны басмырлап, авторитардык ыкма менен башкаргандыгы үчүн сындашат.
Шаймиевдин мурдагы басма сөз катчысы Ирек Муртазин жакында 21 ай түрмөгө кесилди. Ага “Шаймиев: Татарстандын акыркы президенти” деген китебинде “жек көрүүчүлүккө жана кастыкка тукуруу” деген айып тагылды. Саясий аналитик, Шаймиевдин сынчысы Мидхат Фарухшиндин ырастоосунда, ал президентке оппозицияда болгондугу үчүн Казан мамлекеттик университетиндеги ишинен айрылган.