Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:23

Түндүк Кавказда кайрадан кош жардыруу болду


5-апрелде Түндүк Кавказда кайрадан жанкечтинин кол салуусу болду. Ингушетияда милиция бекетинин сыртында болгон жарылуудан эки милиция набыт кетип, бир нечеси жаракат алган.

Бул аралыкта орус басма сөз каражаттары Дагестандын бир тургуну Москванын метросунда жардыруу жасаган кызын гезиттеги сүрөттүнөн тааныганын жазып чыкты.

4-апрелде Дагестанда кош жардыруудан темир жолдун 300 кулачтайы керектен чыгып, үстүнө жүк басылуу Москвадан Азербайжанга бара жаткан поезд вагондорунан сегизи ошол жерге кулап калган.

Бийлик өкүлдөрүнүн жыйынтыгы боюнча бул жардыруулар өткөн аптада Москва метросунда болгон террордук чабуулга окшош. Ошол эле Дагестанда мурунку аптада болгон кош жардыруудан 12 киши өлгөн жана алардын тогузу милиция кызматкерлери эле.

Москвада «Лубянка» жана «Парк культуры» станцияларында 29-марттагы жардыруулар кырк кишинин түбүнө жеткен. Анын эртеси президент Дмитрий Медведев күтүүсүз сапар менен Дагестанга барып, тартип коргоо органдарынын жетекчилери менен кеңешкен. Ал эми террорчулукка каршы күрөштү күчөтүү боюнча буга чейин эле, 8-январда Д.Медведев буларды айткан:

- Жашыруун террордук топтор али да бар, аны көрмөксөн болу туура эмес. Алардын артынан түшүү керек. Бир жерде алардын изи пайда болду дегиче издеп таап, жок кылыш керек.

Ушундай маанай өкүм сүрүп турганда 5-апрелде да Ингушетия жумуриятынын Карабулак милиция башкармасынын имаратынын алдында жан кечтинин кол салуусу болду. Арадан 40 мүнөт өткөндө ГУВД алдынан экинчи бомба жарылган. Бул маалда тергөө органдарынын кызматкерлери жардырууну иликтөө үчүн унааларынан түшүп аткан.

Түндүк Кавказдагы жагдайга сереп салган байкоочулар бул кол салуулар президент Дмитрий Медведевдин “террорчулукка каршы күрөш айоосуз болушу керек” деген сөзүнөн кийин күчөп кеткенин айтышууда.

XS
SM
MD
LG