Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:37

Орусиянын лидери Түркмөнстанга барды


Орусиянын президенти Дмитрий Медведев Түркмөнстанга иш сапары менен барды. Түркмөн лидери Гурбангулы Бердимухаммедов менен жолугушууда табигый газ тармагындагы кызматташтык тууралуу сөз болду.

13-сентябрда орусиялык “Итера” газ өндүрүүчү компания Түркмөнстандын көгүлтүр отун боюнча агенттиги менен келишим түздү. “Итера” кара май жана газга бай Каспий деңизинин түркмөн жээктеги бир жерди өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүгүн алды.

Серепчилердин баамында, орус лидеринин Ашхабадга иш сапары адегенде түркмөн көгүлтүр отунун кайра жолго коюу аракетин көздөйт. Медведевдин жардамчысы Сергей Приходко “Ашхабаддын стратегиялык ниетин, алдыдагы планын, Орусия ал планда кандай орунда экенин билүү орусиялык тарап үчүн өтө маанилүү” деп билдирди.

Ашхабад жакындан тарта “Набукко” кууруна кызыга баштады. Ага дейре Түркмөнстан өзүнүн көгүлтүр отунун орусиялык куур аркылуу Москва бычкан баага ыраазы болуп келген. Ошондуктан Ашхабаддын орусиялык “Газпром” кууру менен таймаша алгыдай башка жол издеши Москванын тынчын алып келүүдө.

Учурда Европа өлкөлөрү колдонгон көгүлтүр отундун төрттөн бири Орусиядан барат. Кийинки жылдары Москванын кошунасы Киев менен чыры басылбай, анын айынан Батыш өлкөлөрү да жабыркай баштаган. Ушундан улам Европа Орусиядан бул багытта көз карандысыз болууга умтулат.

Тарых илимдеринин доктору, Борбор Азия боюнча саясий серепчи Артем Улунян буларды айтат:

- Бул иш сапар Түркмөнстанды анын көгүлтүр отунун четке чыгарууда. Бул - Орусиянын ага башкы өнөк болууга ынандыруу аракети. Ашхабаддын буга көнөрүнө ишенбейм. Азыр түркмөн жетекчилиги үчүн баарыдан мурда Түндүк атлантикалык уюм менен алакасын жакшыртуу негизги маселе болгону жашыруун эмес. Бул жерде газ маанилүү роль ойноого тийиш. Орусия үчүн түркмөн газынын коюулушу кайра болушу ыктымал. Бирок анын канча көлөмдө болору соодалашчу маселе болот. Айта кетчү кеп, буга дейре маалымат каражаттарында газдын жалпы көлөмү талкуулана элек.

13-сентябрда түркмөн лидери Бердымухамедов “орусиялык “Газпромго” түркмөн газын сатууга байланышкан техникалык меселелердин бардыгын чечтик” деп билдирди. Орус президентинин жардамчысы С. Приходконун айтымында, “Газпром” менен түркмөн тараптын маселенин чоо жайы боюнча сүйлөшүүлөрү жакынкы апталарда башталат.

Өткөн жылы апрелде куурдун Түркмөнстандын жери менен өтчү учугунун бир өңүрү жарылган. Ошондон кийин ал жол менен өтчү көгүлтүр оту токтогон. Жардыруу болгонго чейин жылына Түркмөнстан орусиялык “Газпромго” 50 миллиард кубметрге чукул көгүлтүр отун жөнөтүп турчу. Ал “Газпром” кууру менен өтчү көгүлтүр отундун жалпы эсебинин ондон бирин түзүп келген. Жардыруу үчүн Түркмөнстан “Газпромду” айыптаган.

Саясий серепчи Артем Улунян буларды айтат:

- Азыр Түркмөнстан эл аралык аренага умтулууда. Түркмөнстандын Атлантикалык уюмдагы өлкөлөр, европалыктар менен алыш-бериши Бишкекке таасир этет. Себеби кыйладан бери европалык чөйрөдө жана эксперттер уюмдарында суунун агымы жана аны бөлүштүрүү канткенде да Борбор Азияда бардык таңкыс тараптардын катышуусу менен талкууга алынчу маселе деп келет. Бул жерде Түркмөнстандан ала турган өрнөк жатканын көрөбүз.

XS
SM
MD
LG