Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:56

Белгилүү жазуучу Василий Аксенов кайтыш болду


Белгилүү орус жазуучусу Василий Аксенов дүйнө салды. Аксенов советтик цензураны башынан өткөргөн, жарандыгынан айрылган советтик жазуучулардын акыркыларынын бири эле.

Василий Аксенов Москвада көз жумду. Ал 2008-жылы январда машина айдап баратып, жүрөгү кармап ооруп калгандан бери төшөктө эле. Анын бир жылдан ашык ооруп жатып, 77 жашында көз жумушу жоро-жолдошторун, кесиптештерин жана бүт дүйнөдөгү окурмандарын оор кайгыга салды.

Наталя Иванова "Знамя" журналынын баш редакторунун орун басары. Ал Аксеновду окурмандардын бир нече мууну сүйүп окуганын мындайча эскерди:

- Сүймөнчүктүү жазуучу деген сөз Аксеновго айрыкча ылайык келет. Маркум Василий Павлович Аксенов өзүнүн китептери сыңарында ажардуу адам эле. Окурмандар аны менен сырдаш мамиледе болгон. Анын китептерин улам кайра окугуң келип турат, анткени анын чыгармалары адамга ажайып таасир калтырат.

1932-жылы Казанда туулган Аксенов Ленинградда медицинаны окугандан кийин 1960-жылы өзүн адабиятка арноону чечет. Ал жылы жарык көргөн "Кесиптештер" аттуу кыска романы дароо эле адабий ийгиликке жетишет. Бир жылдан кийинки "Жылдыздарга жолдомо" деген чыгармасы менен ал СССРдин аттуу-баштуу жазуучуларынын катарына кошулат. Бул ийгиликке шыктанган Аксенов өзү бир нече жыл иштеген "Юность" журналында бир катар роман, драма, аңгемелерин жарыялайт.

Жазуучу Владимир Войнович Аксеновдун жакын жолдошу болгон:

- Анын биринчи чыгармалары эле ага атак-даңк алып келди. "Кесиптештер", "Жылдыздарга жолдомо" уу-дуу жаратып, окурмандар аларды талап окуганы дале эсимде. Атак-даңк аны дайым коштоп жүрдү.

Аксенов 1980-жылы АКШга аялы менен барганда Совет бийлиги анын жарандыгын алып коет. Анын алдындагы жылдары жазуучу цензорлордун кылтагына илинип, эл душманы аталып, чыгармаларына тыю салынган эле. Жазуучунун куугунтукталышына атасы сталиндик репрессиялардын мезгилинде камалганы да кесепетин тийгизген. Аксенов "эл душмандарынын" балдары багылган жетим балдардын үйүндө чоңойгон. Анын "Крым аралы" деген романы дал ошол өзү куугунтукка кабылган 1970-жылдары жазылган. Анда Крымдын кандайча болшевиктер төңкөрүшүнө каршылык көрсөтүп, демократиянын обочолонгон аралына айланганы баяндалат.

АКШда Асенов америкалык университеттерде сабак берип жан багат. 1989-жылы СССРде акталып, бир жылдан кийин жарандыгы калыбына келтирилет. 1994-жылы "Московская сага" деген чыгармасы жарык көрөт. Кийин ал боюнча 22 сериялуу телефильм тартылат.

2004-жылы жазуучу АКШдан кетип, андан бери Франция менен Орусиянын ортосунда жашап келди. Артында аялы, уулу калды.

XS
SM
MD
LG