Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:19

Орусия: Волгоград облусун өрт каптады


Орусиянын Волгоград облусунда чыккан өрттөн беш киши мерт болуп, дагы беш кишинин дайыны белгисиз. Бери дегенде 500дөй үй өрттөнүп, 907 киши турак-жайсыз калды. Бул тууралуу облус губернатору Анатолий Бровко билдирди. Облустун төрт районуна өзгөчө абал киргизилди. Өлкөнүн премьер-министри Владимир Путин жаратылыш кырсыгынын кесепеттерин жоюу үчүн Волгоград жана Саратов облустарына миллиард рубль бөлдү.

Сентябрь айы башталгандан тарта эле мурда Самара облусундагы токойдо чыккан өрт Тольятти шаарынын четине чейин келди. Унаа куруучу шаар жайгашкан чөлкөмдө өрт 200 гектар аянтка жетти. Бийлик бул аймакка өзгөчө кырдаал абалын киргизген.

2-сентябрда токойдогу өрт жылып отуруп Волгоград облусуна жетип, беш кишинин өмүрүн алып кеткен. Андан ары өрт Саратов облусун каптай баштаган. Эки облуска казынадан миллиард рубль бөлүү тууралуу өкмөт башчы В.Путин билдирди: “бул акча үй мүлкүнөн ажыраган жарандарга жардам ирээтинде бөлүндү”.

Өрт 502 курулушту, анын ичинде 474 турак-жайды жок кылды. Бардыгы болуп 9 чөлкөмдө өрт чыккан. Ал жерлерден 957 киши көчүрүлүп, алар үчүн тогуз жерде тамак-аш ичүү жайлары уюштурулган.

Күбөлөрдүн айтымында, катуу шамалдан зым карагай жыгылып, электр тогу өткөн зымдар чагышып, учкун куураган чөпкө түшүп, андан жалын чыккан. Орусиянын прокуратурасы алдындагы иликтөө комитетинин кызматкерлери Волгоград облусунда чыккан өрткө жергиликтүү аткаминерлердин шалаакылыгы себеп болгон деп тыянак чыгарып, алардын үстүнөн кылмыш ишин козгоо керектигин айтышууда.

Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жер-жерлерде иштери бүтөйүн деп калганын ырасташууда. Министрликтин өкүлү Павел Попов “эки тик учак Тольятти шаарынын четине төрт чакырым жердеги токойдо өрттү тизгиндөө үчүн ишке киришет” деп билдирди. Ушул сааттарда да өрттү өчүрүү иштери уланууда.

Быйылкы жай Орусия үчүн татаал болду. Өлкөнүн европалык бөлүгүнүн бир топ жерлеринде өрт чыккан. Токой өрттөнүп, күн болуп көрбөгөндөй ысыган. Расмий маалыматка ылайык, 54 киши мерт кетип, Москва баш болгон бир кыйла шаарларды сасык түтүн каптаган. Үйү өрттөнгөндөр үчүн бийлик кыш түшкөнгө чейин турак-жай куруп берүүнүн камын көрүүдө.

Көптөгөн орусиялыктар менен чет элдиктер үйү өрттөнгөндөргө гуманитардык жардам көрсөттү. Ошол эле маалда Рязань облусунун аткаминерлери Сибирден келген 40 тоннадай гуманитардык жардамдын арасында бузулуп кеткен тамак-аш бар экен деп үйү өрттөнгөндөргө тартып берүүнүн ордуна ыргыттырышкан.

Акыркы маалыматтарга ылайык, бүгүн Волгоградда абанын температурасы 40 даражага чейин ысыды.

Орусия: Волгоград облусун өрт каптады
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:32 0:00

XS
SM
MD
LG