Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:18

Москвадагы жардырууларга Кыргызстан да кыжаалат


Москва метросундагы "Маданият паркы" бекетиндеги жардыруудан кийин, 2010-жылдын 29-марты
Москва метросундагы "Маданият паркы" бекетиндеги жардыруудан кийин, 2010-жылдын 29-марты

Москва шаарынын метролорундагы террордук эки жардыруу кыргызстандыктарды дагы кыйла кыжырдантып, түрдүү ой-санаага салууда. 29-мартта Орусия ордо калаасында жергиликтүү убакыт боюнча эртең мененки сегизде “Лубянка”, андан жарым сааттан кийин “Парк культуры” станцияларында жардыруу болду.

Москва метросунда болгон эки жардыруудан кеминде 38 кишинин каны төгүлдү. Эртең менен эл жумушка шашып бараткан тушта “Люблянка” жана “Парк Культуры” станцияларында жанкечти аялдар жардырган бомбадан дагы 64 адам жарадар болду. Федералдык коопсуздук кызматынын башчысы Александр Бортников жанкечтилер Түндүк Кавказдан болушу мүмкүн деген божомолду айтты.

Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин бир кызматкери жарылуу болгон жерде жүрүп, тилекке жараша жаракат алган эмес.

Кезинде Москвадан жогорку билимге ээ болгон, азыр Кесиптик-техникалык билим берүү агенттик деректиринин орунбасары болуп иштеген Жапаркул Ташиев Москва метролорундагы жардырууларды жүрөк сыздап кабыл алгандыгын, өмүрү кыйылгандардын жана жаракат алгандардын арасында кыргызстандыктар жок деген маалыматка канимет кылганы менен – орустар, орусиялыктар деле бөтөн эместигин эскертти.

Андан кийин биз Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Райымкул Аттокуровго байланышка чыктык. Ал Москва убактысы боюнча саат 15теги маалымат боюнча кыргызстандыктар кырсыктан тышкары экендигин, ага карабастан ооруканалардан кабар алып, тизмелерди териштирип жатышкандыгын, кыргызстандыктар чогуу турган жерлерде түгөлдөшүү иш-чаралары өтүп жаткандыгын белгиледи. Элчинин айтуусунда, элчиликтин бир кызматкери ишке келатып метродогу жардыруунун бирине күбө болгон. Бирок эч кандай жаракат алган эмес. Аты-жөнүн беймаалым калтырууну туура көрдү элчи.

Москва метролорундагы террордук жардыруулар кавказдык мусулман аялдар тарабынан жасалгандыгы айтыла баштады. Азырынча алардын аты атала элек.

Жагдайга байланыштуу Кыргызстан мусулмандар муфтийи Мураталы-ажы Жумановдун пикирин сурадык.

- Ислам бул – тынчтыктын дини. Чыныгы исламды тутунган адамдар мындай ишке эч качан барбайт. Адам өлүмдөрү кыйылган жерлерде эле “Ислам террорчулары!” деп жатып калышат. Мусулман болсо да – ошол кишинин өзүнүн атын айтыш керек. Ал жалпы ислам динине кепилдик өтө албайт.

Коомдук ишмер Тилектеш Ишемкулов террордук иштерге мусулман аялдардын арбын тартылышы адат болуп бараткандыгын, соңку жылдары Иракта, Пакистанда, Индияда, Ооганстанда андай нерселер арбын жолуканын, кезинде Раджив Гандини дагы, апасын дагы аял террорчулар, жанкечтилер өлтүргөндүгүн айтты.

Бишкек шаар тургуну, журналист Нурбүбү Бөдөшева окуя туурасындагы жарыялар диний араздашууларды күчөтүп ийбесе деген тилекте:

- Москва өкмөтү муну мусулмандар жасашты деп уламдан-улам айтып атканы туура эмес. Москвада азыр мусулман динин тутунган кыргыз, казак, өзбек сыяктуу улуттар арбын. Орустун жаштары, жылаңач патриоттору ошолорго чабуул жасашы да мүмкүн. Ошондуктан мусулмандар, мусулмандар дей бербей – кылмыш жасаган адамдардын өздөрүн айыпташса...

Москванын метросунда эки жардыруу болду
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:22 0:00

XS
SM
MD
LG