Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:52

Орусияда эл каттоо бүттү, талаш-тартыш уланууда


Орусияда эл каттоо акырына чыкты. Жыйынтык келерки жылы апрелде чыгат. Эл каттоону өткөрүүгө федералдык бюджеттен 17 миллиард рубл жумшалды.


Орусияда эл каттоо мындан сегиз жыл мурда өткөрүлгөн. Ал жолу улутуң ким деген суроого алгач ирээт оозуна келгенди атоо байкалган. Жалпылап келгенде 40 миңдей жаран өздөрүн китептен окуган каармандар тукумумун дешкен. Эльф, гоблин, жеда, скиф тукуму болом деп жооп беришкен. Бул жолу да жоболоңдуу жорук болорун айтышууда.

Блогерлер менен журналисттер арасында дуу-дуу кепте азыр орусиялыктарды каттоочулардан сыр катуу күч болот. Тургундар алардан эмес, мамлекеттин машинадан коркушат. Ага үзөңгүлөш жүргөн кылмышкерлер менен көз боемочулардан коркушат. Ушул баамды далилдегенсип, Маскөөдө эл каттоо жүргүзгөн Александр аттуу жигит:

- Кимдир бирөө каалгасынын артынан эле «каттоодон өттүк» деп калп айтышат, ал кишинин каттала электиги биз билерибизди аңдабай эле шыпырылтышат. Кимдир бирөө үйдө эч ким жок деп эшигин ачпай коет. А кай бирлери ачык эле катталбайм деп моюн толгошот.

Социолог Владимир Соколовдун пикиринде, бул жолку эл каттоо тургундардын каттоочулардан мурда эч убакта болуп көрбөгөндөй коркуп-үркүүсү менен айырмаланды.

Өлкөдө дайыма байырлаган кылмыштуулук калктын эсин чыгарып салгандыктан, эл арасында кишиге эшик ачпоо адатын пайда кылган. Дагы бир эксперттер кебинде жарандар каттоочуларды бийлик өкүлдөрү катары кабылдап, алардын арачылыгы менен өздөрүнүн күнүмдүк жашоосуна тийешеси бар ишти өндүрүп калуу орун алган.

Маселен Иваново обулусуна караштуу «Боевик» кыштагынын тургундары каттоочу менен жолугуудан баш тартып, элден мурда айылга көгүлтүр отун тармагын тартып беришcин деп алардан бийликке «салам-дубай» айттырып, кайтарып жиберишкен.

Эл каттоонун эч кимге кереги жок деген түшүнүктөр кыйла кулач жайган. Новосибирскиде шаар тургундары да катталуудан баш тарткан, андай маанайда кишилер жетекчиси Семен Гулкин Эркин Европа/Азаттык үналгыларына айткан жообунда: "бул көз көрүнөө болуп аткан булганыч иш, мындайча айтканда, белгисиз бир максат үчүн ортонун акчасын коротуу",-деп сүйлөгөн.

Эл каттоону өткөрүүдө өтө маанилүү жумуш атуулдарды бирден таап, тизмеге алуу. Эмки иш - канча жаран тизмеге алынбай калды, ошону тактоо болорун өлкө статистика башкармасынын жетекчиси Александр Суринов айтты:

- Өлкөнүн 10 пайыз атуулдары кайра бир жолу сурамжылоодон өткөрүлөт, аларга каттоочулар келдиби, эмне суроо беришти, ошого жооп алабыз. Андан кийин, орто эсептен алганда, канча киши каттоого катыша албай калды, эсебин чыгарабыз. Канчасы жооп берүүдөн баш тарткан, канчасын биз таба албай калганбыз дайын болот.

2002-жылы өткөрүлгөн эл каттоодо Орусия федерациясынын жалпы саны 145 миллион кишиге жеткен. Азыр анын эсеби 140 миллионго түшөрү күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG