Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:51

Түнкү клубдагы трагедия


Перь шаарындагы кырсыктуу түн
Перь шаарындагы кырсыктуу түн

Ишембиге караган түнү Пермь шаарындагы «Аксак ат» кафесинде фейерверк жагуудан улам өрт чыгып, 112 киши өлдү. Москва, Петербург жана Челябинск ооруканаларына 90 ашуун жарадар кишилер жеткирилди.

Акыркы келген маалымата Орусияда 7-декабрь аза күтүү күнү деп жарыялады. Өрттүн чыгышы боюнча кылмыш иши козголгон. Беш киши кармалып, анын бири – түнкү клубду уюштурган ишкер болууда.

Ишемби күнү кечинде «Аксак ат» аталыштагы түнкү клубга пермдик ишкерлер, жергиликтүү атка минерлер чогулуп ошол кафенин жети жылдыгын майрамдашат. Кимдир бирөө ала келген фейерверк жагат. Үстү жапыз ичи тактай кафеге өрт кетет. Болгондо да төбөсүнө от кетет. Тышты карай эл удургуп каптаганда, жөөлөшүүдөн жол торолуп калат. Үч жүздөн ашуун киши бир эшиктен чыгууга туура келет. Ошондуктан келген кишилердин көбү өрткө караганда тепсөөдө калып өлүшөт. Азыркы тушта курман болгондор эсеби 112 кишиге жетти.

Кафенин ичинде болуп, аман калган келин мындайча эскерет:

«Кайсы бир жерден фейерверк чагышты. Дароо жалбырт эткен чоң жалын клубдун үстүн каптай берди. Эл жөөлөшүп, эшикти карай качышты. Түтүндөн көзгө эч нерсе көрүнбөй, кыйкырык-чуу башталды».

Өкүмөт үч министрин Пермге аттантырды. Чукул кырдаалдар министри Сергей Шойгу, ички иштер министри Рашид Нургалиев жана саламатыкты сактоо, социалдык өнүгүү министри Татьяна Голикова ал жакта жүрүп иш алып барышты. Өлкө башчы Дмитрий Медведев менен түз байланышта туруп кандай чара көрүлгөнүн айтып беришти.

Окуяга баа берген Медведев:
«Болгон окуяны кылмыш дештен башка баа жок. Ооба, бул атайын жасалган жок. Бирок ошондон улам ал келтирген зыян жеңил болбоду», - деди. Ошол эле жерде президент бул окуяга күнөөлүүнү эң катаал чара менен жазалаш керек деп айтты.

Пермь крайдык чукул кырдаалдар башкармасы таркаткан маалыматта жарадар болгондордун тизмесинде азыркы тушта 120 киши бар жана алардын кыйласынын абалы оор.

Өрт уланып атканда кафенин сыртында турган келин: «Кафенин алдында жайнап жаткан кишилер көп болчу. Алар «Аксак ат» ичинен алынып чыккандар болчу. Дем алгандарын машиналарга салып аттык. Батпаганда жаткырып, олтургузуп, машине ичи толгуча жүктөп аттык», - дейт.

Орусия ушул кайгылуу окуяга байланыштуу 7-декабрды аза күтүү күнү деп жарыялады. Пермяктардын сунушу боюнча дүйшөмбү күнү саат 12де бардык машине, поезд, завод, ишканаларда, мектептерде коңгуроо кагуу болот.

Пермь крайынын админстрациясынын имаратынан үч жүз кадам беридеги мурдагы «Аксак ат» кафесинин алды тасма менен тосулуп, ал жерге кишилер келип гүлдесте, шам чырак коюп кетишүүдө.

Түнкү клубдагы кырсык
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:21 0:00

XS
SM
MD
LG