Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:59

Алтайгейт: саясатчынын бир ажалы саяттан


Россия -- Табият коргоочулар Москвада уюштурган митингдеги ураандардын бири.
Россия -- Табият коргоочулар Москвада уюштурган митингдеги ураандардын бири.

Быйыл майдын башталышында Байкалда,жыл башында Алтайда тикучак кулап, биринчисинде Иркутск областынын губернатору, экинчисинде орус президентинин Мамлекеттик думадагы өкүлү,аларды коштоп жүргөн жоон топ чиновник набыт болушту. Табият коргоо активисттери эки кырсыкты тең мыйзамсыз аңчылыкка байланыштырышты.

Иркутск областынын губернатору Игор Есиповский - Байкалда, президенттин Думадагы өкүлү Александр Косопкин – Алтай тоолорунда мерт болушту. Алар менен бирге аттуу-баштуу он чиновник опот кетти. Эки кырсык тең майрам күндөрү болду.

Тикучактар кулаган жерден табылган фотосүрөттөргө таянып,табият коргоочу активисттер губернатор өз кишилери менен Байкалдагы улуттук корукта кызыл аюуларга – кыргыздын элдик эпосторунда өтөгөндүн бул түрү "саяс" деп аталат – аңчылык кылганы,ал эми президенттин өкүлү болсо Алтайга аркарларга саят жасаганы барган деп ырасташты.

Бооруна бычак сайылган аркардын сүрөтүн, башка да таныктарды интернет сайттарга жайгаштырып, экологиялык кыймылдын мүчөлөрү бул фактыларга байланыштуу кылмыш ишин козгоону, жалпы эле Кызыл китепке кирген жапайы жаныбарларга мергенчилик кылганды өнөр көрүп алган жогорку даражалуу чиновниктердин тизгинин тартууну талап кылышты.

Бүткүлдүйнөлүк жапайы жаратылыш фондусунун өкүлү Алексей Вайсман жергиликтүү тургундар буга абдан ачууланышканын,муну калкты мазактоо катары кабыл алышканын кабарлады."Анткени алар мыйзамды так сактоого милдеттүү делинген аткаминерлер өздөрү көз көрүнө мыйзам бузганын көрүштү",-дейт ал.

Табигый ресурстар министрлигинин жооптуу кызматкери Олег Митвол иркутскилик губернатордун тикучагы Байкал коругундагы калың токой үстүнөн жапыс учуп баратып кыйрап түшкөн деген божомолдордун негизи барлыгын ырастады.

"Азырынча колго тийген маалыматтарга таянсак, кырсыкты аңчылыкка байланыштырып караса болот.Эгер бу жоромол аныкталса,анда кылмыш ишин ачуу керек",-дейт министрликтин кызматкери.

Митвол дегеле "аюуларды тик учак менен кубалап, автоматтан атып өлтүрүүнүн өзүн жеткен жапайылык жана мыкаачылык" катары баалайт. Буга жаалы кайнаган калктын маанайын түшүнсө болот. Бул фактыны чиновниктер жашырып-жаап кое албаганы коомдо экологиялык аң-сезим өсүп баратканын көрсөтөт.

Москвадагы Карнеги борборунун аналитиги Николай Петров да Алтайдагы жана Иркутскидеги окуялардан улам коом назарына урунган бул маселени өтө олуттуу проблема деп атады жана мыйзам деген жалпы калк үчүн гана иштеп, мартабалуу бийлик өкүлдөрү аны таптакыр көзгө илбей жатканын бөлүп көрсөттү.

Бийлик өкүлдөрү мыйзамсыз түрдө аңчылык кылган учурлар тууралуу маалымат каражаттары кабарлап, жазып эле жатышат. Бирок аларга көңүл бурган органдар азырынча аз.

Улуттар Уюмунун атайын программасында иштеген Михаил Палцын Алтайгейттен улам браконер-бюрократтардын,саясатчылардын саятчылык ышкысы биртке сууй түшөт, бирок бир аз убакыт өткөн соң алар кайра эле үйрөнгөн адатына түшөт деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG