Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:26

Россияда эл каттоо өнөктүгү башталды


Эл каттоочулар үймө үй кыдырып маалымат чогултушат
Эл каттоочулар үймө үй кыдырып маалымат чогултушат

Россияда эл каттоо башталды. Өлкөнүн жаңы тарыхында 2-ирет өткөрүлүп жаткан бул өнөктүккө 420 миңдей киши, көпчүлүгү студенттер тартылган.

Анкетага 20дан ашуун маалымат камтылат. Атап айтсак, адамдын улуту, туулган жери, билими, илимий даражасы, турак жайынын бар жоктугу жана башка суроолор берилет. Бийлик сыналгы, гезиттер аркылуу бир нече күндөн бери калкты өнөктүккө катышууга үндөп келатат.

Эл каттоонун жыйынтыктарын Федералдык статистикалык кызмат болжолу менен эмки жылдын апрелинде жарыялайт. Кызматтын жетекчиси Александр Суринов эл каттоо калк жөнүндө так маалымат алуунун жападан жалгыз жолу дейт:

- Эл каттоо калктын санын билүү менен гана чектелбейт. Биз кеңири маалымат чогултабыз. Натыйжада бир эле мезгилде канча үй-бүлөө канча адамдан турат, көп улуттуу канча үй-бүлөө бар, үй-бүлөө мүчөлөрүнүн билим деңгээли тууралуу комплекстүү маалымат алабыз. Андай маалымат башка эч жерде жок.

Өкмөттүн айтымында, чогултулган маалыматтардын негизинде социалдык долбоорлор иштелип чыгат. Башкача айтканда, оорукана, мектеп, бала бакчаларды, башка социалдык объектилерди кайсы жерде куруу зарылдыгын, бюджеттин түзүлүшүн жана аны бөлүштүрүүнү чечет.

Кампанияга жалпы жонунан 17 миллиард рубль же 550 миллион доллар сарпталат. Акыркы эл каттоо буга чейин 2002-жылы өткөрүлгөн. Статистика кызматынын баамында бул аралыкта Россия калкынын саны 3 миллион кишиге азайган.

Бул жолу респонденттердин аты жөнү жана дини тууралуу маалымат алынбайт. Орус православ чиркөөсүнүн өкүлдөрү аны дискриминация деп атап, нааразылыгын билдиришүүдө. Үймө үй кыдырып, маалыматтарды жазып алууга тартылган студенттердин кээ бирлерин да иштөө шарттары канааттандырбайт.

Оппозициядагы “Башка Россия” партиясынын лидери Эдуард Лимонов жарандарды өнөктүккө катышпоого үндөп келатат:

- Биз иш жүзүндө жаран деген статусубуздан айрылганбыз. Россияда эркин шайлоо өткөрүлмөйүнчө, конституция урматталмайынча биз бул эл каттоого катышпашыбыз керек.

Айрым элдер чогултулган маалымат аларга каршы пайдаланышы ыктымал деген чочулоодон улам өнөктүккө катышпоону туура көрүшөт. Баса, 2002-жылкы эл каттоого ылайык, Россияда ал кезде 119 өлкөнүн өкүлдөрү жашачу.

Айта кетчү жагдай, каттоого орус жарандары гана эмес, өлкөдө жашап жаткандардын бардыгы алынат. Эл каттоо өнөктүгү 25-октябрга чейин уланмакчы.

XS
SM
MD
LG