Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:03

Д. Медведев расмий сапар менен Кытайга келди


Орусия президенти Дмитрий Медведев жекшемби күнү Кытайга ырасмий иш сапары менен келип түштү. Далянь шаарында согушта курман болушкан аскерлердин орус көрүстөнүнө гүл десте коюудан баштады. Бээжинде КНР төрагасы Ху Цзиньтао менен болчу сүйлөшүүлөрдө соода-экономикада байланыштын мындан аркы өнүгүшү, энергетика багытында кызматташуу, экология боюнча маселелер талкууга алынмакчы.


Орус мамлекет башчысы ушуну менен Кытайга экинчи жолу иш сапарын карытат. 2008-жылы май айында Д.Медведев президенттик антын бергенден соң барган биринчи мамлекет Кытай болгон.

26-сентябрда Д.Медведев токтогон шаар Люйшун, мурдагы аты Порт-Артур. Ал шаарда 1904-05-жылдары орус-жапон согушу жүргөн. Жапония каратып алган. Аны 1945-жылы советтик аскерлер бошоткон. Ошондон он жыл чамасы ижарада Маскөө кармагында жүрүп, 1955-жылы Кытай элдик жумуриятына Кремл кожоюну биротоло берген.

Ошол себептен Д.Медведевдин «Люйшун жергесинде Кытайдын көз карандысыздыгы жана эркиндиги үчүн жан берген советтик аскерлер эстелиги бар», - деп айткан жерин «Жэньминь Жибао» жазат. Сапарын жетекчи ошол эстелике гүл десте коюудан баштады.

Ал шаардын орус тилин үйрөнүп аткан жаштары менен маектешүү маалында Дмитрий Медведев:

- Кеткен жылы Кытай элдик жумуриятында орус тилинин жылы өткөн, үстүдөгү жылы – Орусия федерациясында кытай тилинин жыл өтүп атат, -деп баса айтты.

Орусиялык жетекчи бул жолу көгүлтүр отуну менен карамай наркын бычып кетүү үчүн келгенин көптөр айтат. Үстүдөгү жылдын август айында Тайшеттен Чыгыш Сибирге дейре жеткен куур жаткырылган. Ал куур менен ошол жердеги Сковородино терминалы аркылуу Кытайга карамай жөнөтүлүп турмакчы. Бирок товар наркын бычышууда бир нече жылдан бери тил табыша албай келет.

Өнөр жайы дүркүрөп өнүгүп барткан Кытайдын ички керегине абдан керек көгүлтүр отун менен карамай сатуу максатта Орусия өз демилгеси менен ал куурду жаткырган. Бирок дүйнөдө көгүлтүр отун баасынын арзандап түшүшү жана Бээжиндин Борбордук Азия кууру менен келүүчү газды деле сатып алууга мүмкүн болуп атышы Маскөөнүн шаштысын кетирүүдө.

Ошондуктан бул жолу эки мамлекет ортосунда сүйлөшүүлөрдө көч башындагы кеп көгүлтүр отун менен кармай келишимдерине жетишүү болот деп каңкуулашат эксперттер.

Кытай саясий жетекчиси Ху Цзиньтао, Мамлекеттик кеңештин премьери Вэнь Цзябао жана Бүткүл кытай элдик өкүлдөр чогулушунун туруктуу комитетинин төрагасы У Банго менен жолугушуу маалында Орусия президенти Дмитрий Медведев ар кыл эл аралык маселеттерди талкуулашары дайын болууда. Алардын бири Кыргызстандагы бейырааттуулук, Корей жарым аралындагы тирешүү жана Иран ядролук программасы болмокчу.

XS
SM
MD
LG