Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:59

Орусия Патриарх Алексей экинчи менен коштошууда


Орусиянын биринчи президенти Борис Ельцин, Патриарх Алексей экинчи жана Орусиянын мурдагы президенти Владимир Путин, 2000-жыл, 7-май.
Орусиянын биринчи президенти Борис Ельцин, Патриарх Алексей экинчи жана Орусиянын мурдагы президенти Владимир Путин, 2000-жыл, 7-май.

Орусиянын ортодокс чиркөөсүнүн жетекчиси Алексий экинчи менен коштошуу уланууда. Москвада аны акыркы сапарга узатууда коштошкону келгендер эсеби миңдеп саналууда.

Президент Дмитрий Медведев 9-декабрда патриархтын сөөгүн жерге берчү күнү өткөрүлгөнү аткан оюн-зоокторду алып таштоо сунушун киргизди.

Москвалык жана бүткүлорусиялык патриарх 5-декабрда кайтыш болгон. Орусиялык православие чиркөөсүнүн ыйык синоду алдыңкы күнү чиркөө жетекчилигине Смоленск жана калининграддык митрополит Кириллди шайлады. Ал жаңы патриарх шайлангыча чиркөөнү башкарат.

Сексенге келип калган курагында кайтыш болгон орустар чиркөөсүнүн жетекчиси Алексий экинчини жерге берүү каадасы шейшембиде өтмөк болуп атат. Патриарх Алексий экинчи жүрөк оорусунан улам кайтыш болгондугу айтылууда.

Бийлик менен чиркөөнүн чукулдугу баарыга маалым эле. Ошол себептен Орусияда башка диндер: ислам, католик же будда диндери арасында православие - ортодокс дини дайыма алдыда болгон. Анализчилер аны ачык эле «бийликтин дини» деп аташат.

Андай жагдайдын маркум Алексий экинчинин кылдат иш алып баруусунан улам жаралганын белгилешет. Ошондой эле анын жетишкен ийгилиги катары чет элдердеги орусиялык чиркөөлөрдү москвалык, б.а. орусиялык чиркөө башчылыгына жакындата алышы болду дешет.

Бирок Украинада православие динине ишенгендер тагдыры чечилбеген бойдон калганы дагы да маселелердин бар экенин далилдейт дешет. Эки мамлекет саясий-экономикалык шаанидеги алакалары ыдырай баштаганда диний жааттар арасы да алыстап кетти жана аны жакындатууга маркум Алексий экинчинин алы келбеди дешет.

Аны ошондой эле коммунисттик режимди башынан өткөргөн атеисттик Орусияда алгач патриарх болгон инсан катары тарыхта каларын да айтышат.

XS
SM
MD
LG