Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 25-январь, 2020 Бишкек убактысы 15:05

Кыргызстан

Орусия Канттагы базасын чыңдаганы жатат

Эки өлкөнүн Эсептөө палаталары бул аскердик аба базанын эки жылдагы ишин текшеришти. Ал ортодо Орусия Канттагы базасы үчүн каражатты эки эсе көбөйтөөрү айтылууда.

Орусия Кыргызстандын аймагында 2003-жылы жайгаштырган авиабазасын бул өлкөнүн Эсептөө палатасынын төрагасынын орун басары Александр Семиколенных баштаган 3 аудитору менен Кыргызстандын Эсептөө палатасынын мамлекеттик башкы инспектору Кубанычбек Карабаев жетектеген тобу бир убакта текшеришти.

Эсептөө палатасынын төрагасы Искендер Гаипкуловдун “Азаттыкка” билдирүүсү боюнча, текшерүүдө негизинен базанын иштешине негиз берген макулдашуунун аткарылышы каралды:

- Орусия менен алгачкы келишим 2003-жылы түзүлгөн. Андан бери убакыт өтүп, кызмат көрсөтүү акылары, коммуналдык кызматтын жана башка тармактардын баалары өсүп жатпайбы. Ошондуктан бүгүнкү күндүн баасы менен өзгөртүүлөрдү киргизгиле деген сунуштарды бердик. Каржылык же башка маселелер боюнча мыйзам бузуулар жок. Жалпысынан макулдашуунун аткарылышы боюнча бири-бирибизге эч кандай доомат жок. Анткени, макулдашуу толук аткарылып жатат.

Искендер Гаипкуловдун билдирүүсү боюнча, текшерүүдөн кийин кызмат көрсөтүүлөрдүн акысын азыркы учурдагы бааларга жараша өзгөртүп, авиабазаны жайгаштыруу тууралуу макулдашууга толуктоолорду киргизүү тапшырмасы Коргоо министрлигине берилди.

Орусиянын авиабазасы Кантка Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна кирген мамлекеттердин чечими менен 2001-жылы түзүлгөн Борбор Азиялык жамааттык ыкчам күчтөрдүн бир тобу катары жайгаштырылган. Азыр ал жерде 300гө жакын аскерий жана техникалык кызматкер иштеп, СУ-25 тибиндеги 5 аскерий учак, Л-39 тибиндеги машыгуу жүргүзүлчү 4 учак жана МИ-8МТ маркасындагы эки тик учма бар.

Бул база регионго жана ЖККУга кирген мамлекеттерге террорчул же башка багыттагы коркунуч келген учурда колдонууга багытталган. Орусия базанын каржылоо үчүн жылына 5 миллион долларга жакын каражат бөлгөн менен аскерлери социалдык көйгөйлөрдүн чечилбегенине нааразы болгон учурлары бар.
Ошондуктан, Орусия 2009-2010-жылдар үчүн мурдагы каражатты эки эсеге көбөйтүп, эми жылына 1 миллиард 700 миллион рубль бөлөөрүн орусиялык маалымат каражаттары кабарлашты. Ал маалыматтар боюнча,мындан ары Орусия инвестициялык багытын да тактап, аскерлердин социалдык көйгөйлөрүн чечмекчи.

Кант авиабазасы менен “Манас” аэропортундагы америкалык авиабазанын ишмердигине байкоо жүргүзгөн бейөкмөт уюмдар ассоциациясынын жетекчиси Токтайым Үмөталиеванын айтымында, Кант авиабазасынын турушу шаардагы коммуналдык жана байланыш каражаттарын жакшыртып, жергиликтүү элге да экономикалык пайда алып келип жатат:

-Америкалык авиабаза менен Кант авиабазасынын ишмердигин салыштырып көрсөк, орусиялык базанын иши ачыгыраак. Себеби анын иштешине негиз берген макулдашууда канча жер ижарага берилгендиги жана ал жерде иштеген адамдардын Кыргызстандын мыйзамдарынын алдында жоопкерчилиги бар экендиги так жазылган. Экономикалык жагын алсак, былтыр биздин өлкөнүн казынасына 10 миллион сомдон ашык каражат түшкөн. Экинчиден, бул база Чүй облусунун социалдык жактан өнүгүшүнө көп жардам берип жатат. Ал эми америкалык авиабазанын иштеши боюнча макулдашууда мындай жоопкерчиликтер көрсөтүлгөн эмес. Ушу кезге чейин бир да эксперт базанын ичине кирип, көзөмөл жүргүзүү процессине катыша элек. Буга эч ким уруксаат ала элек. Эки базанын негизги айырмасы мына ушунда.

Анткен менен чет элдик эки авиабазаны өз аймагында жайгаштырган Кыргызстан дүйнөдөгү араздашкан ири өлкөлөрдүн калабасына калышы мүмкүн деп, аларды чыгарууну талап кылган акциялар көп жолу болгон.

Айрыкча америкалык базаны чыгаруу маселесин такай көтөрүп, бул боюнча сотко да арыз берип жүргөн "Сергий Радонежский жана Айкөл Манас" фондусунун мүчөсү Игорь Трофимов орусиялык авиабазанын турушу жергиликтүү тургундардын иштеши жана аймактын өнүгүүсү үчүн жакшы өбөлгөлөрдү түзгөн менен эртеби-кечпи аны чыгаруу зарыл деген ойдо:

-Кыргызстанда тиги да, бул да база болбош керек. Булардын баары кетиш керек. Кыргызстан эч кимден коркунуч келет деп күтпөй, бардыгы менен сый мамиледе болушу керек. Кыргызстанды булар өз кызыкчылыктары үчүн пайдаланып туруп, чыныгы коркунуч келсе карабай коюшу толук мүмкүн.

Бирок кыргыз өкмөтү америкалык авиабазаны эл аралык терроризмге каршы күрөшкөн дүйнө коомчулугуна колдоо иретинде жайгаштырып, өзүнүн согушчул саясатка каршы экендигин билдирип келет.

Жаңылыктардын толук тизмеси

Кыргызбай менен Кыргызгүлдүн баяны

Бишкек.

Кыргыз үй-бүлөсүнүн түмөн түйшүгү тууралуу акын Шайлообек Дүйшеевдин чыгармасы. Ыр 1989-жылы жарык көргөн.

Калаанын Кызыл-Аскер

Жагындагы чекесинде.

Орустун жалдап кирме

Күпкөдөй бир кепесинде

Кыргызбай деген жигит,

Кыргызгүл деген келин турак кылат.

Кыргызбай бүгүн мына кыркка чыгып,

Кожойке кемпирине энекелеп:

- Маша эне, бүгүн бир аз,

Казанга аш кылууга,

Катуураак сүйлөп бир аз каткырууга,

Айылдан агам-жеңем келишти эле,

Бир түнгө батириме баткырууга,

Уруксат болобу? -

Деп сурап турат.

Кыргызбай деген жигит,

Кыргызгүл деген келин,

Бул шаарды турак кылат.

Кыргызбайдын бүтүк көз

Терезесин үлүңдөтүп,

Онунчу чырак турат.

Кыргызбай кыркка чыгып,

Кыз-уулу «атакелеп»,

Куттуктап жетине албай

«Маша эне уруксат берсе экен» деп,

Чыдап турат.

... Жыйырма жыл мурун мунун,

Жан күйөр жакташы жок,

Жалаң иш,

Андан башка максаты жок,

Жанында жарты тыйын акчасы жок,

Кыргызбай кирип келген кыргыз шаарга,

Кылт этме,

Куудуң-шуудуң

Маскасы жок.

Жыйырма жыл мурун мунуң

Кырчындай жигит эле,

Кыялы кыздар тийсе

Шыңгырап күмүш эле,

Кыйналбай иштеп алса

Кыргызбай кыргызына

Не деген үмүт эле?

Заводдор сынык-сунук тетиктерин

Кыргызбай менен жамап,

Заводдор

Майда-чүйдө тешиктерин,

Кыргызбай менен кадап,

Айына элүү сомдон үчтү ыргытып,

«Чыйт» түкүрүп,

Кыргызбайдын өмүрүн турган санап

Күндөн бери «жылт» деп жыл, ай,

Жыйырма жыл өткөн экен.

Кыргызбай там алганча

Кыргыздын борборунан

Кыйла жыл өткөн экен...

«Алтын баш» адис эмес,

Маскөөдөн колдоо көргөн,

Афгандык жоокер эмес

Жоодон келген.

Кыргызбай кыргыз эле карапайым

Кыргыздын борборуна

Тоодон келген.

Кызыл-Аскер тараптагы

Күпкөдөй бир кепеде

Чырактын чөгөт нуру,

Кыргызбай кыркка чыгып бүгүн бир аз

Төгөт бугун...

Кыргызбай ырысы жок,

Кыйкырып кылычы жок,

Кыркка чыктың,

Кызымтал болуп алып,

Кээ күнү тышка чыктың.

Кыргызбай кимге ишендиң,

Кылжыйып иштей берип кыркка чыктың?

Кырк жашка чыккычакты

Кысылып ачыла албай,

Кыйналган турмушуңду

Кыйшайган калпагыңа жашыра албай,

Кыштактан атаң келсе,

Кыштактан апаң келсе

Кыйылып батириңе батыра албай,

Кырк жашка чыккычакты

Кыргызча үйгө мейман чакыра албай

Балаңдын тыңшап турдуң басыгын бек,

«Кожоюн урушпасын,

Акырын,

Айланайын акырын» деп.

Кыргызбай, турак-жайың

Кырк жашка чыккычакты

Кылайган алкак болду,

Кысылган бурчта жашап,

Кыз-уулуң жалтак болду.

Кыргызбай тааныштарың:

- Ишиң барбы? - деп сурашпай,

- Кишиң барбы? - деп сурашат.

Мээңи көзөп мезгил учат:

«Киши, киши, киши...» деген,

ГорИСПОЛКОМ,

БТИ... деген.

Кыргызбай гезитти ачса,

«Жакында чоң кызматта бир жубанга

Төрт бөлмө там бериптир ити менен»

Деген жазуу...

Шаарды араласаң

Капкара дөбөттөрүн сүлкүлдөтүп,

Капталын бүлкүлдөтүп,

Катар-катар кабат тамдан

Сүлүктөй балдар түшөт,

Сүмбөдөй кыздар түшөт

Сүлкүлдөшүп,

Алар шаарга ити менен узап чыгып,

Газонго алып барып ушаттырып,

Гүлбактын саясында бөпөлөшүп,

Гүлзардын арасында жетелешип,

Итин алар,

Үшүсө кийинтишип,

Ысыса ваннасына

Күндө бир маал киринтишип,

Баладан артык көрүп

Бапестеп үч бөлмөнүн

Биринде алып жатса,

Дасторкондун четин керип,

Колбаса, этин берип,

Кааласа бетин берип,

Жалбарып багып жатса,

Кыргызбай, Кыргызгүлдөр

Жай кылар жай табалбай,

Таянар тал табалбай,

Көк түтүн көөдөнүнөн агып жатса,

Ар жыл сайын

Батир издеп,

Көрүнгөн Машалардын

Көпкөлөң дөбөттөрүн ырылдатып,

Көрүнгөн Сашалардын

Эшигин чырылдатып,

Кагып жатса,

Кыргызбайдын мончо тургай,

Таранар тарагы жок,

Колбаса, эти тургай табагы жок,

Наристесин тойгузар тамагы жок,

Иштээрге иш табалбай,

Беш чиедей баласын жеңден сүйрөп,

Көчөдө калып жатса,

Кыргызгүл Кыргызбайга жар болбосо,

Кыргызгүл гүлдөгөндөй

Төрүндө жай болбосо,

Кыргызгүл, Кыргызбайлар

Бай болбосо,

Кыргызгүл, Кыргызбайлар

Кыргызга тукум улап түтүн булаар,

Астында иш,

А үстүндө там болбосо,

Кыргызгүл, Кыргызбайда барк болбосо,

Кыргызгүлдү жеңе кылар

Жеринде шарт болбосо,

Кыргызгүлүн кыргызга эне кылар

Элинде нарк болбосо,

Кыргызгүл, Кыргызбайдын

Тагдырын ойлой турган калк болбосо,

Кыр-кырда мал деп жүрүп,

Кыргызгүл, Кыргызбайда тиш калбаса,

Кыйналган турмушунан

Кыргызга из калбаса,

Кыргызгүл, Кыргызбайды

«Келегой» деп

Ишке албаса,

Кантип анан

Кыргызбайлар

Жеринен бакыт таппай,

Жем издеп Ата Журттан

Жер кезип жөнөбөсүн!

Кантип анан

Кыргызгүлдөр

Элинен бакыт таппай

Эси жок эркектерден

Эри жок төрөбөсүн!

Кантип анан

Кыргызбай, Кыргызгүлдөр

Жай тапкан жакты көздөй

Ашыкпасын!

Кантип анан

Кыргызбайлар

Көр оокат азабы үчүн

Көрүнгөн жакты көздөй качышпасын!

Кантип анан,

Кыргызгүлдөр

Апаппак денелерин

Акчага сатышпасын!

Эй кыргыздын

Кызматы чоң,

Үйү чоң,

Айлыгы чоң,

Басып койгон байлыгы чоң уландары,

Улуу Кытай чебине окшоп,

Дуулдаган дубалдары,

Кыргызбайды кыжынтып акмак кылбай,

Кыргызбайды калааңа каттаттырбай,

Каттаттырсаң каалгасын канторуңдун

Милийсаңа тостуруп аттаттырбай,

Кыргызбайдын жүрөгү сыздаганын,

Угуп турдуң чалкалап сен калааңда,

Улуп турду ит болуп эл талааңда,

Кыйла жылдар жыргабай жата берип,

Кыргызбайлар айланды наркоманга,

Кыргызгүлдөр айланды жел таманга.

Эй кыргыздын

Үйү чоң,

Айлыгы чоң,

Басып койгон байлыгы чоң уландары,

Улуу Кытай чебине окшоп

Дуулдаган дубалдары,

Кыйырыңа кычырап завод толуп,

Кыргызбайдын кычырап жаны от болуп,

Кыргызбайга бу да жок, а жок болуп,

Кыргызбайың кыйналып там алганча

Канча идеяң жок болду мамонт болуп,

Канча балаң жок болду аборт болуп?!

1989-жыл.

(Автордун пикири «Азаттыктын» көз карашын билдирбейт)

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Мугалимди жемелеген аткаминер

Иллюстрациялык сүрөт.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров 22-январда Кызыл-Кыядагы педагогикалык институтка барганда мугалимдерди "Эмне үчүн галстуксуз жүрөсүңөр?" деп жемелегени талкуу жаратты.

Бул окуя парламентте да сөз болуп, мугалимдик кесипти аркалагандардын шарт-жагдайын эске салды. Депутаттар жана аткаминерлердин катардагы кызматкерлерди жемелеген окуялары буга чейин да болгон.

"Жүрүшүңөрдү карагылачы"

Өкмөттүн облустагы өкүлү Акрам Мадумаров менен мугалимдер окуу жайда жолукканы тартылган тасма 22-январда "Акипресс" сайтына жарыяланган. Анда өкмөттүн өкүлү мугалимдердин кийимин сынга алып, "жүрүшүңөрдү карагылачы" деп жемелеп жатканын угууга болот.

Акрам Мадумаров
Акрам Мадумаров

- Адам адегенде өзүнөн башташы керек. Мына, силер мугалимсиңер. Мен бардык мугалимдер менен учурашып келе жатам. Бирөөңдө да галстук жок. Жүрүшүңөрдү карагылачы. Мен ошон үчүн сурап жатам. "Азыр ишпи?" десем "иш" деп жатасыңар. Эмне үчүн галстуксуз жүрөсүңөр?

Мугалимдер имаратта ремонт иштери менен алектенип жүрүшкөндүктөн ишке галстугу жок келишкенин айтышкан.

- Сабак учурунда кадимкидей галстук менен келебиз. Азыр ремонт иштери болуп жатат.

Баткен облустук администрациясынын басма сөз катчысы Чолпон Бердикулова жетекчисинин айткандарын мыйзам ченемдүү көрүнүш катары баалап, мугалимдер студенттерге үлгү болушу керек деп белгиледи:

- Университетте студенттерге эркин кийинүүгө уруксат берилгени менен мугалим деген мугалим да. Булар - жогорку окуу жайда окутуучу. Башкаларга, жаштарга үлгү боло турган адамдар.


Өкмөттүн өкүлү менен жолугушууда институттун жетекчиси Камалидин Миталипов да болгон. Ал Мадумаровдун мугалимдерди зекигенин туура эле кабыл алганын айтты. “Бирок бир аз башкача формада айтса болмок” деди.

- Эч бир жерде “галстук тагынып келсин” деген мыйзам жок. Каалагандай кийинип келсе болот. Ал мугалимдин өзүнө байланыштуу. Бирок таза кийинип, тыкан болуп келиши керек. Баары эле галстук тагынып жүр дегенге болбойт. Жакшы эле сөз. Бирок башкачараак кылып, уяткарбай сүйлөсө болмок. Оюндагысын айтты да.

Рыскелди Момбеков
Рыскелди Момбеков

Акрамовдун галстук талап кылганы соцтармактарда талкууга жем таштады. Бул окуя 23-январда Жогорку Кеңеште да сөз болду. Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков өкмөт элдин кыжырына тийип жатканын айтты.

- Чычкан жылы башталбай эле чыйкан жылы башталдыбы? Мен түшүнбөй калдым. Жыл башталбай жатып эмне балакет жылан чагып жиберди, бир вице-премьер элеттеги элдин жашоосун эшектин азайганына теңеди. Дагы бир вице-премьер чек арада чыдабай чыгып кеткен адамдарды “чыккынчы” деди. Кечээ өкмөттүн дагы бир өкүлү “галстугуңар жок” деп мугалимдерди зекип жатат. Баткендеги адамдардын жашоосу галстук менен оңоло турган болсо, анда бюджеттен акча карап, галстук сатып берели. Бул эмне деген дөөпөрөстүк? Элдин кыжырына өздөрү тийип жатат, өкмөттүн башка эрмеги жокпу?

Мугалимдерди саясатка аралаштырып, шайлоодо, ишембиликтерде, жөө жүрүштөрдө, айтор өкмөт өткөргөн иш-чараларда пайдаланып, алардын сабактарын үзгүлтүккө учуратканы кокого жеткенин эки жыл мурун Ош мамлекеттик университетинин окутуучусу жазып чыккан.

Асылбек Жооданбеков
Асылбек Жооданбеков

Билим берүү тармагы боюнча адис, психолог Асылбек Жооданбеков да мугалимдерди чарбалык иштерге аралаштырууну туура эмес баалап, "өкмөт өкүлүнүн сөзү - билим берүүнү сыйлабастык, алысты көрө албастык" деди.

- Университеттин болобу, мектептин болобу мугалимдери, педагогикалык жамааты булар — менеджер эмес. Булар — башкаруучу эмес, чарба маселесин чечишпейт. Булар өзүнүн функционалдык милдети болгон окутууну, жаштарга билим берүүнү, кесиптик багыттоону жогорку деңгээлде аткарышы керек. Ал эми Кызыл-Кыяда, же башка окуу жайда болобу мугалимдер күнүмдүк чарбалык иштер менен жүрбөшү керек да.

Сейтек Качкынбай
Сейтек Качкынбай

Саясат талдоочу Сейтек Качкынбай бул сыяктуу көрүнүштөр Советтер союзунан калган эски ыкма экенин жана жетекчилердин кол алдындагыларды башкаруу билими, менеджмент боюнча сабаты жетишсиз экенине токтолду.

- Инсанды сыйлабоо, чоң болуп алып басмырлоо Советтер союзунан калган эски ыкма. Таасир этүүнүн башка жолдору бар да. Ушундай жаатта өзүнчө иштеген киши болушу керекпи дейм же болбосо деле ошону тартипке чакыруу үчүн этикага ылайык сураш керек.

Мамлекеттик кызматкерлердин кийими талкуу жараткан бул жалгыз окуя эмес. 2019-жылдын 16-январында Жогорку Кеңешке ак көйнөк кийип келбегени үчүн Билим берүү жана илим министрлигинин кызматкери Талантбек Тынысов вице-спикер Мирлан Бакировдун талабы менен жыйындан чыгарылган.


Ошол эле күнү парламентке свитер кийип барганы үчүн депутаттардын каарына калган аткаминердин окуясы кыргыз коомчулугунда катуу талкууланып, бир күндөн кийин Мирлан Бакиров андан кечирим сураган.

Мындан сырткары депутат Жылдыз Мусабекова элеттеги мектеп мугалимдеринин кийимин сынга алып, бирдиктүү форма киргизүү керектигин сунуш кылган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Абакта айыкпас дартка кабылган

Иллюстрациялык сүрөт.

Майрайым Мотушева - совет бийлиги менен жашташ тарыхый инсан, 1917-жылы төрөлгөн.

1938-жылкы азапка туш келип, айыптуу деп табылып эки жылга камалган. Ал жерден айыкпас дартка кабылып, эркиндикке чыккандан кийин айылында каза болгон.

Музейдеги төртөө

Ак-Талаа районунда тарых музейи уюштурулган. Анда сталиндик репрессияда жок кылынган инсандар тууралуу да маалыматтар топтолгон. Cовет бийлиги үчүн каруусун казык кылып жан аябай эмгектенип, анан 30-жылдардын азабына туш келген кайрандар Нуркул Кулназаров, Гулсакун Мергенбаев, Мааданбек Барашов, Майрайым Мотушеванын өмүр баяны, элине сиңирген эмгеги эскерилип турат.

Майрайым Мотушева Октябрь революциясы менен жашташ, жаңы бийликтин тушунда билим алып, зээндүүлүгү, уюштуруучулук жөндөмү, билимге ынтызардыгы аркылуу көптүн арасынан суурулуп чыккан. А бирок зирек инсандын жооптуу кызматтарга көтөрүлүшү канчалык тез болсо, «эл душманы» деп айыпталып, жок кылынышы ошончолук ыкчам жүргөн. Мотушевага ошол кездеги «улутчул, буржуазиячыл, социал-туранчы» деген көнүмүш айыптар коюлган. Андай катаал жазага тартуу тууралуу көрсөтмөгө ылайык миңдеген адамдар камакка алынып, жок кылынган.

Репрессия курмандыктарын изилдеп, буга чейин аты аталбай келген кыргыздын алгачкы муун интеллигенциясынын кайгылуу өмүр жолун жалпыга жарыялап жүргөн илимпоз Жумагул Байдилдеевдин айтымында, Майрайым Мотушева иш билги уюштургучтугунун аркасы менен коомдук иштерге эртерээк аралашкан. Анын республиканын саясий документтер архивинде сакталып калган партияга талапкер катары өтчү мүнөздөмөсүндө мындай маалыматтар камтылган:

«Мотушева Майрайым 1917-жылы туулган.

Улуту кыргыз. Айылдык мектептин үчүнчү классын бүткөн. Ата-теги дыйкан (колхозчу) өз турмушу да дыйкан.

1934-жылдан комсомолдун мүчөсү, комсомол активи, жаза алган эмес. 1932-жылдан 1936-жылга чейин колхозчу жана колхоз бригадири. 1936-жылдын октябрь айынан бери райондук жана айылдык кеңеш кызматтарында иштейт. Кызматын дайыма кынтыксыз аткарып, эч жаза алган эмес. Партиянын устав программалары менен тааныш. Аялдардын арасынан чыккан активистка.

Жолдош Мотушева Майрайымдын кепилдери жана документтери толук, партияга өтүүгө даяр болгондуктан эки жылдык стаж менен партияга мүчөлүккө талапкерликке алынсын».

Жаңы турмуштун жандуу агымына туш келип, тоо арасындагы саясий-экономикалык, маданий иштерге кызуу катышып, катарлаштарынын арасынан суурулуп чыгышынын өзү эле анын кимдигин, кандай болгонун кашкайтып көрсөтүп турат.

Түрмөдөгү эки жыл

Совет бийлиги жаңыдан орун-очок ала баштаган кезде билимдүү адамдын табылышы кыйын эле. Кийинчерээк кыска мөөнөт окуу курстарынан окуп сабаты ачылгандар, партиялык мүнөздөмөдө белгиленгендей, чылгый кедей-кембагалдардын арасынан чыккан инсандар болчу. Сталиндик репрессия күчөгөн маалда айыпка жыгылып жаткан инсандардын социалдык тегине деле көңүл бурулбай калган. Кандай да болсо «эл душманын» таап, билимдүүлөрдүн текши баарын буржуазиялык улутчул деген тикенек айыпка жыгып, ага кошумча «Социал-туран партиясынын мүчөсү же жактоочусу» деп соттой беришкен. Анан да, темир торго түшкөндөрдүн көбүн эң оор жазага тартышкан, суроо-сопкуту жок атып салышкан, калганын узак мөөнөт сүргүнгө айдашкан же абакка отургузушкан. Баарынан өкүнүчтүүсү, бул иш пландуу жүргүзүлгөн, коопсуздук кызматкерлери арасында ашынган душмандарды табуу боюнча «социалисттик жарыш» башталган. Майрайым Мотушева репрессия чалгысы күчөп, адам өмүрү түккө турбай калган кездин курмандыгы болгон.

Майрайым Мотушеванын ата-энеси кандай адамдар болгону белгисиз. Тек социализм заманындагы калыптанып калган салт боюнча «колхозчунун үй-бүлөсүндө төрөлгөн» деп жазылып калган. 1917-жылы кыргыз жеринде колхозчу, коллективдүү чарба түшүнүгү жок эле. Айылдан чыккан алгачкы активист айым 1917-жылы Ак-Талаа өрөөнүндө төрөлгөн. Болжол менен отузунчу жылдардын башында үч класстык билим алууга жетишкен. Бул учур ээн-жайкын жашаган калктын сабатын ачып, баарын бир жерге чогултуп отурукташтыруу күчөгөн кез болчу. 1932-жылы жаңы чарбанын ишине катышып, комсомолдук иштерге тартылганынан улам Майрайым Мотушева беш көкүл кезинен коомдук иштерге аралашканын баамдоого болот. Кийин ал комсомол мүчөлүгүнө өткөн. Комсомолдук активдүү кызды бригадирликке көтөрүшкөн. Иши кылып, Чолок-Кайың айылындагы жаңы иштердин бир тобуна тирикарак кыз катышып, эл оозуна илинген окшобойбу.

Чарба ишиндеги активдүүлүгүн көрсөткөн комсомолка көп өтпөй райондук аткаруу комитетине катчы болуп калган. Нарын облустук архивинде Майрайым Мотушеванын жазган баяндамалары, айылдык кеңеш башчыларына жиберген каттары, буйруктары, колу коюлган жыйналыш кагаздары сакталып турат. Иш кагаздарынын баарында «Райондук аткаруу комитетинин катчысы М. Мотушева» деген колу турат.

Райаткомдун катчысы болуп иштеген тирикарак кызды көп өтпөй Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айылына айылдык кеңештин төрагасы кылып шайлашкан. 1938-жылы ВКП(б)нын катарына өткөн. Партияга талапкер кезинде толтурулган мүнөздөмөсү жогоруда эскерилди. Аттиң, тирикарак кыздын ийгиликтүү башталган кызмат тепкичи дал ушул жерге келгенде чон тоскоолго кабылып, 1938-жылдын күзүндө камакка алынган.

Бир жыл илгерирээк же жарым жыл мурдараак түрмөгө салынса Майрайым Мотушеванын тагдыры мындан да кайгылуу болор беле? Себеби ал кезде кандуу жазалоонун катаал башчысы НКВДнын жетекчиси Ежов, анын Кыргызстандагы жасоолу Лоцмановдор кызматтан алынып, атып-асуунун эпкини бир аз солгундай түшкөн эле. Майрайым Мотушева абакта эки жылдай жаткан. 23 жаштагы коммунист кыз сталиндик абактан оорулуу бойдон, айыкпас дартка кабылып боштондукка чыккан. Алышкан оорунун азабынан оңоло албаган Майрайым айылына келгенден кийин каза болгон.

Ак-Талаадагы тарых музейинин жетекчиси Мыктыбек Апилов Майрайым Мотушева жаңы бийликке чын дилден кызмат кылганын, ишмердик сапаты аркылуу жаш кезинде жооптуу кызматтарга көтөрүлгөнүн белгиледи:

- Мындайча айтканда, Ак-Талаанын Уркуясы да. Ак-Талаанын Чолок-Кайың айылында туулган. Жаштайынан чыйрак өсүп, ата-энесине жардам берип, мектепти жакшы бүткөн. Анан 1932-жылдан тартып чарбанын ар түрдүү жумуштарына катышып, демилгелүүлүгүн көрсөткөн, комсомолдук иштерде иштеген. 1934-жылы Ленин атындагы колхоздо комсомолдун катчысы болгон. 1935-1936-жылдары колхоздо бригадир болуп, чарбанын ийгиликтерин арттырган. Көп жакшы иштерди жасаган. Ишке жөндөмдүүлүгүн жогору жактагылар да байкап, Майрайым Мотушеваны райондук аткаруу комитетине кызматка көтөрүшкөн. Ал жерде да жакшы иштеген. Райондон Мотушеваны, биздин райондо Кара-Бүргөн деген айыл бар, ошол айылга айылдык кеңештин төрайымы кылып жөнөтүшкөн. 1938-жылы партиянын катарына өткөн. Ошол жылы каардуу репрессияга туш болуп, жалган жалаа менен камалып кеткен. Абакта бир жарым жыл отурган. 1939-1940-жылы ошол абакта катуу ооруга чалдыгып бошотулган. 1940-жылы абактан чыгып айылына келип кайтыш болуп калган. Бул кишинин иниси Мамбеткадыр Мотушев деген бар. Көп аракет кылып, тиешелүү жерлерге кайрылып жатып эжесинин акталгандыгы тууралуу кагазын алган. Майрайым Мотушевага партияга өткөндөн кийин жалган жалаа жабышып, Социал-туран партиясынын мүчөсү дегендей айып коюшкан. «Эл душманы» дешкен. Баары жалган жалаа болгон. Камакка алышкан. Биздин музейде репрессияга кабылгандар боюнча атайын бурчубуз бар.

Замандаштарынын айтуусунда, Майрайым Мотушева 1917-жылдын жайында төрөлгөн экен. Ал кезде көчмөн эл жайлоо, күздөө, кыштоо деп журт которуштуруп турган. Кийинчерээк Чолок-Кайың айылы түптөлгөн. Майрайым Мотушеванын туулган жери деп ошол айыл көрсөтүлүп келатат.

Майрайым Мотушеванын иниси Мамбеткадыр Мотушевдин айтымында, эжеси абактан келгенден кийин бир жылга жетпей өз айылында каза болгон.

- Бирөөлөргө катуураак айтып койду, тиги-бу деген маселелер кеткен окшойт. Илгери ишке катуу талап коюшчу эле го. Анан эжем талап койгон болсо керек. Абакта эки жылга жакын жатып калыптыр. Эки жыл болсо керек. 28 жашта экен. Азыр эми ойлойм да, аял киши болсо, түрмөдө жатса. Ал жерде ачка-ток болгон да. Түрмөдөн акталып чыкканы менен, катуу оорудан айылда жумушка жарабай үйдө бир жылдай ооруп жатып кайтыш болуп атпайбы. Коңорчок, андан ары Чолок-Кайың деген эки айыл бир колхоз болгон мурда.

Чолок-Кайың Ак-Талаа районунун Жерге-Тал айыл өкмөтүнө караштуу, өрөөндүн түштүк-батыш тарабында жайгашкан калктуу конуш.

Майрайым Мотушеванын ысмы 2002-жылы Ак-Талаа районунда Тарых музейи уюшулганда дагы бир ирет эскерилди. Музейде элден чогултулган 3 миңге жакын экспонаттар сакталып турат. Анда тарыхый инсандардын айкелдери, фотосүрөттөрү, документтери жайгаштырылган. Өрөөндүн тарыхы, райондо жашаган, ушул жерден чыккан белгилүү тарыхый инсандардын эмгектери, өмүр жолу, дагы башка маанилүү маалыматтар топтолгон. Райондук демилгечилердин аракети менен Ак-Талаа районунун энциклопедиясы чыгарылган. Музейдин директору Мыктыбек Апилов тарыхый-маданий баалуулуктарга өзгөчө көңүл бурган инсан. Анын демилгеси, аракети менен сталиндик репрессиядан жабыр тарткандар тууралуу материалдар топтолуп, өткөндүн сабактарын жаңы муунга жеткирүү, тарыхты унутпоо аракети жасалууда. Музей экспонаттарын жыл сайын толуктап, байытып келатат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.



Тууну бийик көтөргөн жеткинчектер

Тууну бийик көтөргөн жеткинчектер
please wait

No media source currently available

0:00 0:30:21 0:00

Президент жетекчилерди тилдеди

Президент Сооронбай Жээнбеков укук коргоо органдарынын коррупцияга каршы күрөшүн сындап, прокуратура менен сот жемкорлорду калкалап жатканын айтты.

Өлкө башчы буга коомчулуктун талкуусуна түшкөн айрым чуулуу окуяларды мисал келтирип, жемкорлор менен күрөшө албаган жетекчилерди кызматын тапшырып кетүүгө чакырды. Бул тууралуу 24-январда Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынында сөз болуп, анын жыйынтыгында өкмөткө 30 мамлекеттик кызматкерге чара көрүү сунушталды.

Коопсуздук кеңешинин жыйынында 2018-2019-жылдары Коопсуздук кеңешинде каралган үч маселе жана анда кабыл алынган чечимдердин аткарылышы каралды. Сооронбай Жээнбеков президент катары бул кеңештин алгачкы жыйынын 2018-жылдын 8-февралында өткөрүп анда сот, укук коргоо жана көзөмөл органдарындагы коррупцияга каршы күрөш боюнча талкуу болуп, 42 чечим кабыл алынган.

Коопсуздук кеңешинин талдоосу боюнча анын 27си аткарылып жана 15и ишке аша элек. Президент кабыл алынган чечимдерди аткарууга жетиштүү убакыт берилгени менен коррупцияга каршы күрөш дагы деле начар экенин айтты.

Коопсуздук кеңеши: 30 кызматкер жазаланат
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:14 0:00


Сооронбай Жээнбеков «прокуратура менен сот жемкорлорду калкалап жатат» деп айыптап, буга Мамлекеттик каттоо кызматынын 12,5 жылга соттолуп, кийин соттун чечими менен эркиндикке чыгып, качып кеткен мурдагы бөлүм башчысы Насирбек Алмаматовдун окуясын мисал кылды.

- Мага сөз тийип жатпайбы! Мен жасагандай, тапшырма бергендей болуп жатат! Силер отурасыңар, былтыйып! Мына ушинтип элдин мамлекеттик бийликке ишеничи кетет. Көрүүнө жасалып, чара көрбөй жатасыңар. Эмне деген акмакчылык? Өзүңөр аралашкансыңар! Башкы прокуратура, сот, өзүңөр аралашкансыңар, ошондуктан чара көрө албай жатасыңар. Мен бул боюнча декабрда эле айткам. Ошондон бери чара көрбөй жатасыңар. Ушул боюнча эмнеге чара көрүлбөйт?

Алмаматовду бошотуп жиберген судья менен ага арызданбаган прокурорго ушуга чейин эмнеге чара көрүлбөгөнү боюнча президенттин суроосуна башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов менен Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева жооп берген жок.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаевдин маалыматына караганда, 2018-жылы коррупциялык жана кызматтык кылмыштар боюнча 988 иш козголгон. 2019-жылы ушундай эле негиз менен 3883 факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

879 күч кызматкери боюнча сотко чейинки өндүрүш жүргөн. Анын ичинен 790ну ИИМдин, 36сы Финансы полициясынын, 30у УКМКнын жана 12си прокуратуранын кызматкерлери.

Коопсуздук кеңешинин жыйыны. 24-январь, 2020-жыл.
Коопсуздук кеңешинин жыйыны. 24-январь, 2020-жыл.

Өлкө башчы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) караштуу Коррупцияга каршы кызматка, Финансы полициясы менен мамлекеттик кызматтарды көрсөткөн мекемелерге ишкерлер менен элдин нааразылыгы күч экенин белгиледи. Ал коррупцияга каршы күрөшө албаган жетекчилерге кызматтан кетүүнү да сунуштады.

- «Реформа кылып жатабыз» деп айтып жатасыңар. Аны айтыш оңой, бирок ишке ашырыш, сөз менен ишти айкалыштыруу кыйын. Муну эрки жана ыйманы бар, баласынын, өлкөнүн келечегин ойлогон гана жетекчи кыла алат. Укук коргоо органдарынын жетекчилери, өзүңөрдүн ичиңердеги коррупция менен күрөшүүгө көңүл кош мамиле кылып жатасыңар. Коррупция менен күрөшүш үчүн биринчи укук коргоо органдары тазаланышы керек. Министр, губернатор, акимдер өздөрү таза болмоюнча муну ишке ашырыш кыйын. Ошондуктан колуңардан келбесе, арыз жазып кеткиле да. Колунан келген адамга орун бошоткула.

Жыйында коомчулукта акыркы учурда эң көп сын-доомат айтылган Бажы кызматындагы коррупциялык иштер тууралуу сөз болгон жок.

Президент Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат жабык органга айланып кеткенин жана резонанстуу иштер боюнча коомчулукка маалымат бербей жатканын сындап, жетекчиси Бакир Таировго бул маселени чечүү керектигин айтты.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдогон Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын мүчөсү Адил Турдукулов Коопсуздук кеңешинде талкууланган маселе тууралуу комментарий берди.

Адил Турдукулов.
Адил Турдукулов.

- 2018-жылы Сооронбай Жээнбеков коррупция менен күрөш боюнча Коопсуздук кеңешинде сүйлөгөн сөзүнөн кийин коомчулукта ага ишеним пайда болгон. Бирок ошол ишеним акталган жок. Коррупциялык иштерди прокуратура, УКМК жана башка күч органдары эмес, жарандык коом жана журналисттер ачып жатат. Негизи бул иштердин башында укук коргоо органдары турушу керек эле. Бирок мунун саясий жоопкерчилиги президентте.

Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев өлкөдө коррупция менен күрөштүн жоопкерчилигин башка да бийлик бутактары сезиши керек деген пикирде.

- Бул иште өкмөттүн да, парламенттин да жоопкерчилиги болуш керек. Алар да өз карамагындагы кызматкерлерге чара көрбөсө болбойт, - деди Дүйшөбаев.

Коопсуздук кеңешинин 24-январдагы жыйынынын чечими менен өкмөткө 30 мамлекеттик кызматкерге чара көрүү сунушталды. Кеңештин катчысы Дамир Сагынбаев алар Коопсуздук кеңешинин 2018-2019-жылдары кабыл алган чечимдерин аткарбаганын айтты. Анын ичинен Социалдык фонддун жетекчиси Медер Ирсалиевге, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетовго жана анын эки орун басарына катуу сөгүш берүү, ал эми Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын жетекчиси Жолдошбек Жунушевди кызматтан алуу сунушталды.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөткө коюлган дооматтар боюнча мындай деди.

Мухаммедкалый Абылгазиев.
Мухаммедкалый Абылгазиев.

- Министрлердин, өкмөт мүчөлөрүнүн аткаруучулук тартибинде маселе бар. Жасалбай калган иштердин көбү өзүбүздүн шалаакылыгыбыз жана көңүл кош мамилебиз болуп жатат. 22-январда жыйын кылып, 49 адамга чара көрүү жөнүндө чечим кабыл алдык.

Коопсуздук кеңешинин жыйынтыгында мамлекеттик органдардын коррупцияга каршы күрөш, санариптештирүү иштери жетишсиз деп табылып, тоо кен тармагындагы жумуштарга канааттандырарлык эмес деген баа берилди.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Кайдыгер эмес активисттер ой бөлүштү

Кайдыгер эмес активисттер ой бөлүштү
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:39 0:00

Коопсуздук кеңеши: 30 кызматкер жазаланат

Коопсуздук кеңеши: 30 кызматкер жазаланат
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:14 0:00

Акматжанова: Өнүгүүгө бюрократия, коррупция, трайбализм бөгөт коюуда

Иллюстрациялык сүрөт.

Коррупцияны кабыл алуу индекси боюнча Кыргызстан 180 өлкөнүн арасынан 126-орунга жайгашты. Былтыр өлкө 132-орунда болчу. Эл аралык «Transparency International» уюму Кыргызстандагы бюрократия, саясий жемкорлук, трайбализм экономикалык өнүгүүгө жолтоо болуп жатканын белгилейт.

«Азаттык» бул боюнча уюмдун Кыргызстандагы бөлүмүнүн жетекчиси Айгүл Акматжанованы кепке тартты.

«Азаттык»: - Быйылкы баяндамада Кыргызстандагы экономикалык өнүгүүгө кедергесин тийгизип жаткан факторлор катары экономикалык бюрократия, коррупция, трайбализм белгиленген экен. Буга эмне себеп болуп жатат?

Айгүл Акматжанова: - Анткени бизнести жайына койбой, кийлигишип жатышат. Жакында эле биз «National Integrity System» иликтөөсүнүн алкагында 11 тармакты изилдедик. Анын жыйынтыгында бизнес толугу менен бюрократиядан көз каранды экени маалым болду. Тынбаган текшерүүлөр көп.

Былтыр бизнести ашыкча текшербөө боюнча өкмөттүн токтому чыкса да, ал укук коргоо органдары жүргүзгөн рейддерди тыя албайт экен. Бизнес өкүлдөрү аларды ар дайым текшерип, иштөөгө тоскоолдук жаратып жатышканына арызданып келишет. Ошондой эле салык системасы абдан татаалдашкан.

Экинчиси - бул көмүскө экономика. Эл аралык эсептерге караганда бизде бизнестин 40% көмүскөдө, ал эми расмий эмес маалыматтар боюнча 60-70% компаниялар ачык-айкын иштешпейт. Мына ушул эки фактор биздин бизнес тармакка абдан кедергесин тийгизип жатат.

Ал эми трайбализм - биздин мамлекетте көнүмүшкө айланган көрүнүш. Ал бизнесте гана эмес, бардык тармактарда да бар. Бул да ишке тоскоолдук кылып жатат.

«Азаттык»: - Баяндамада «өлкө бийлиги жемкорлукка каршы күрөшүүгө убада бергени менен көзгө илинерлик жемиши байкала элек» деп жазылыптыр. Кайсы тармактарда паракорлук күчөп жатат?

Айгүл Акматжанова: - Биз изилдеген 11 тармактын бардыгында коррупция бар. Бир гана тармак өз алдынча жемкорлукка батпайт. Бирөөндө болсо, экинчисинде да сөзсүз бар. Эгер бир институт коррупциялашса, анын артынан сөзсүз башка эки тармакка жемкорлук жайылат. Бийлик терең реформа өткөрмөйүнчө эч кандай жыйынтык болбойт.

«Азаттык»: - Сот системасы өз алдынчалык жана легитимдүүлүк жетишпеген, эң коррупциялашкан институттардын бири бойдон калганы да белгиленген экен. Мындай жыйынтыкка эмнеге таянып келдиңер?

Айгүл Акматжанова: - Бир катар иликтөөлөр жүргүзүлдү. Глобалдык коррупциянын барометрине ылайык, биринчи орунда сот системасы, экинчиде укук коргоо органдары турат. Бул эки система башка иликтөөлөрдө да бири-бирине эриш-аркак жүрүшөт.

Сот системасынын жемкорлукка батканы тууралуу жарандык активисттер айтып жатышат. Муну бийликтегилер, депутаттар, керек болсо судьялар өздөрү да мойнуна алышууда.

Биз жүргүзгөн изилдөөдө деле сот системасы өз алдынчалыгы, көз каранды эместиги, улуттук коррупцияга каршы системадагы ролу жагынан да өтө төмөн упайга ээ болду. Бизде сот системасы аткаруу бийлигине да, мыйзам чыгаруу бийлигине да, жада калса президенттин администрациясына да көз каранды.

«Азаттык»: - Жаңы баяндамада көрсөтүлгөн ушул маселелердин фонунда 2020-жылкы Кыргызстандагы парламенттик шайлоо ачык, таза өтөт деп канчалык ишенсе болот?

Айгүл Акматжанова: - Саясий партиялар менен шайлоо жараяны - бул өзүнчө чоң түйшүк. Анткени биздеги саясий партиялар отчёт тапшыруу жана ачыктык жагынан эл аралык стандарттарга шайкеш иш жүргүзбөйт. Бир шайлоодон кийинкисине чейин партиялар эч качан эч кимге отчёт беришпейт. Маселен, Латвияны алсак, партиянын эсебине кандайдыр бир акча келип түшсө 15 күндүн ичинде алар баарын ачык жарыялашат. Бизде эч бир партия кайдан акча түшкөнүн, ал кайда коротулганын айтпайт. Болгону шайлоо маалында гана Борбордук шайлоо комиссиясына отчёт тапшырышат. Партиялардын өздөрү ушундай болгондон кийин шайлоонун таза өтүшү тууралуу айтуу кыйын.

Жогоруда айтып өткөндөй, бир тармак коррупциялашкан соң экинчиси да сөзсүз ага малынат. Шайлоодо деле ошондой. Мамлекеттик мекемелердин баары коррупциялашкан соң добуш берүүнүн таза өтүшү суроо жаратат. 2015-жылы ЕККУнун байкоочулары добуш сатып алуу болгонун айтышкан. Андан бери көп деле нерсе өзгөрбөгөндөй.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Жоголуп табылган келин күйөөсүн айыптады

Сүрөт кризистик борбордон алынды.

Баткенде күйөөсүнүн токмогунан качып, үйдөн дайынсыз кеткен келин алты күндөн кийин табылды.

31 жаштагы келин өзүнө келгенче бейтааныш аялдын үйүндө жашырынып жатканын айтты. Келиндин күйөөсү болсо аялына зомбулук көрсөтпөгөнүн, келин буюмдарын алып үйдөн чыгып кеткенин айтып жатат.

Үй-бүлөлүк зомбулукка кабылганын айткан келин учурда Баткен облустук биргелешкен ооруканасында дарыланып жатат. Келин «Азаттык» менен болгон маегинде күйөөсү менен кер-мур айтышып, токмок жеп, үйдөн качып чыкканын айтты.

«Бул жерде сенин ордуң жок, кет!»

- Баары үйдөгү чырдан башталды. Ал күнү күйөөмдүн жакын досу үйгө келди. Дасторкон жайып, чай бердим. Кийин ал кеткенде күйөөм «менин жакын досум келсе тамак жасабадың» деп мага кыйкыра баштады. Мен кайненем бөлүп берген тамак-ашка гана тамак жасайм. Ал бербесе эч нерсе кыла албайм. Муну күйөөмө айтсам түшүнбөй мени бетке чапты. Туш келген жериме ургулай баштады. Кайненем унчуккан жок. Анан үйдөн качып чыктым. Буюмдарымды сыртка ыргытышты. «Бул жерде сенин ордуң жок, кет!» - деди күйөөм. Баткен шаарына барып туугандарымды издедим. Эч кимисин үйдөн таппадым. Караңгыда көчөдө ыйлап отурсам бир бейтааныш эже кичинекей кызы менен келип калды. Ал мени үйүнө алып барды. Телефонум сынып, иштебей калыптыр. «Апама чалсам алар мени кайра алып барып беришет» деп ойлоп, эч кимге кабар бербедим. Мурда да зомбулук көрсөткөндө ата-энем кайра алып барып, «ушул үйдөн чыкпай, ушул күйөөң менен жашайсың» деп таштап кеткен. Азыр ооруканадамын, күйөөм урган жерлер ооруп турат.

Келиндин күйөөсү аялына кол көтөрбөгөнүн айтып, окуя болгон күнү ал үйдөн керектүү буюмдарын алып чыгып кеткенин билдирди. Жубайлар Орусияда никеге туруп, 2019-жылдын октябрь айында Баткен районунун Бужум айылында жашаган ата-энесинин алдына келишкенин кошумчалады.

- Мен ага кол көтөргөн эмесмин. Ал күнү жакын досум келгени чын. Мен аялыма кол көтөрсөм ата-энесинен кечирим сурамакмын. Ал үйдөн буюмдарын алып качып чыгып кетти. Анын тирүү табылганына сүйүнүп турам. Мени милицияга чакырышты. Барып болгонун айтып бердим. Мен аялыма кол көтөргөн эмесмин.


Күйөөсүнүн токмогунан үйдөн качып чыккан келиндин апасы кызынын дайынсыз экенин айтып милицияга кайрылган. Келин алты күндөн кийин Баткен шаарында бейтааныш аялдын үйүнөн байланышка чыккан. Ал күнү келин Баткен облустук бириккен ооруканасына жаткырылган. Келиндин апасы кызы буга чейин да бир нече ирет кайненесинен жана күйөөсүнөн зомбулук көргөнүн айтты:

- Алты күн уйку көрбөй кызымды издедим. Куданын үйүнө барсам алар «чыгып кеткен, билбейбиз» деп жооп беришти. Милицияга да бардым. Мен кызымды тапканда колунда, денесинде көгөргөн тактар бар эле. Мурда да бир канча жолу үйгө ыйлап келген учурлар болду. «Чыдап жашайсың» деп кайра күйөөсүнө жөнөтүп жүргөм.

Келин кайненесинен да зомбулук көргөнүн билдирди:

Экөөнүн зомбулугуна чыдабай калдым.

- Кайненемдин мени зекигенине чыдап келдим. Ал канча ирет урушуп, кыйкырса да күлүп жооп берип, мамиле кылдым. Кийин ага баласы да кошулду. Экөөнүн зомбулугуна чыдабай калдым. Кимисинин сөзүн көтөрүшүмдү билбей калдым. Эки сөзүнүн биринде «сенин жолуң бош, кете бер» деп айтат.

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Дамира Юсупова маалыматты тастыктап, бул факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине «Ден соолукка жеңил зыян келтирүү» катары катталганын билдирди:

- Келиндин апасы 16-январда анын дайынсыз экенин айтып милицияга арыз жазган. 21-январда келин табылып, 22-январда ал күйөөсүнөн таяк жегенин айтып арыз жазган. Бул факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине «Ден соолукка жеңил зыян келтирүү» деп катталды. Азыр тийиштүү экспертиза дайындалган.


Баткендеги «Өмүр булагы» коомдук фондуна караштуу «Жаңыл Мырза плюс» кризистик борборунун жетекчиси Токтокан Мамбетова ушул жылдын башынан бери үй-бүлөлүк зомбулук тууралуу арызданып 16 кыз-келин кайрылганын билдирди. Токтокан Мамбетова күйөөсүнүн токмогунан үйдөн качып чыгып, алты күн дайынсыз болгон келинге психологиялык, юридикалык жардам берип жатканын кошумчалады.

- Жыл башынан бери 16 аял кайрылды. Мага көчөдөн деле жолугуп кайрыла беришет. Алардын көпчүлүгү «кайра күйөөм менен жарашып, чогуу жашап калсам кандай болот» деп чочулашат. Бизде үй-бүлөдөгү зомбулукту айтып чыккандар сейрек. Биздин кризистик борбор азыр ооруканада дарыланып жаткан келинге керектүү кеңеш берип көмөктөшүп жатабыз. Бул окуя башка эркектерге, кайненелерге сабак болушу керек, - деди Токтокан Мамбетова.

Келиндин арызын Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери иликтеп жатат.


Ушул жылдын 3-январында Баткенде 26 жаштагы үч балалуу келин күйөөсүнүн ур-токмогунан каза болгон. Маркумдун денесинде көк ала тактар, бутунда күйүктүн тагы бар экени аныкталган.

Кочкор районунда 37 жаштагы аял жаңы жыл түнү күйөөсүнүн токмогунан каза болгон.

Бул эки окуядан соң эки аялдын тең күйөөлөрү кылмышка шектүү катары камакка алынган.

2019-жылы Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу 8159 арыз катталса, алардын 554ү гана сотко жөнөтүлгөн. 7045 иш тосмо арыз жазылгандыктан кыскартылган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Батукаевдин иши боюнча сот алдыга жылды

Азиз Батукаев.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулганына байланыштуу соттук иште күбөлөр көрсөтмө бере баштады. 23-январдагы жараянда Улуттук гематология борборунун дарыгери суралды.

Ушул эле процессте бул иште коррупция үчүн шектүү болуп жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баш болгон дагы үч мурдагы жетекчиге сотто айыбы угузулду. Алар коюлган күнөөгө макул эмес экенин айтып жатышат.

Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулуп андан ары Кыргызстандан чыгып кеткенине байланыштуу соттук иш алдыга жылып алгачкы күбө сурак берди. Буга чейин бул иш боюнча соттук процесстер ар кандай себептер менен бир нече жолу жылдырылган.

23-январдагы жабык сот отурумуна экс-башкы прокурор Индира Жолдубаева, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов келди. Ал эми мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жараянга катышкан жок.

Анын жактоочусу Замир Жоошев сотто Батукаевдин иши боюнча шек саналып жаткан төрт кишиге карата айыптоо актысы окулуп, «Коррупция» беренеси менен кине коюлганын айтты. Анын сөзүнө караганда, мурдагы президент «Батукаевди бошотууда коррупция болгон жана анын башында Атамбаев турган» деп шек саналууда. Жоошев Атамбаев коюлган айыпка макул эмес экенин билдирди.

Бул жолку соттук отурумда алгачкы күбө Улуттук гематология борборунун дарыгери Елена Гавриленко сурак берди. Анын мазмуну боюнча адвокат Жоошев буларды айтты:

Замир Жоошев.
Замир Жоошев.

- Елена Гавриленко Азиз Батукаевдин өлкөдөн чыгышын иликтеген депутаттык комиссиянын ишине медициналык изилдөөлөрдү жүргүзүш үчүн катышканын айтты. Дарыгер көрсөтмөсүндө «Улуттук гематология борборунда Абдухалим Раимжановдун сейфинде Батукаевдин баш сөөгү тартылган үлгүлөр бар экен. Ошону иликтегем. Жыйынтыгында ал өсмө (рак) менен ооруй турганы аныкталган» деп жатат. Биз: «Ошол үлгүлөр 100% Батукаевдики деп айта аласызбы?» деп сурасак: «Айта албайм. Анткени мен анализ алган эмесмин», - деп жооп берди. «Эми ал үлгү чын эле Батукаевдикиби же башка адамдыкы болгонбу, кантип аныкташ керек?» деп сурасак: «Ал үчүн Батукаевден кайрадан анализ алыш керек» деп жатат.

Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси коррупцияга айыпталып жаткан Абдухалим Раимжанов болсо 2013-жылы Азиз Батукаевге өсмө илдетине чалдыкканы боюнча анализ коюлганда өзү ооруканада жатканын айтууда. Ал Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушун иликтеген депутаттык комиссия да, прокуратура да ошол жылдары анын бул ишке катыштыгы бар экенин аныктай албаганын жүйө кылды:

Абдухалим Раимжанов.
Абдухалим Раимжанов.

- Мен азыр сотторго нааразылыгым жок. Булар менин абалымды көрүп турушат. Бирок тергөө ушундай күнөө койгондон кийин иш аягына чыгыш керек. Бул иште менин күнөөм жок. Мен Батукаевге диагноз коюш үчүн Нарынга барган эмесмин же ал ооруйт деген тастыктама (справка) жазып берген жокмун. Мага болгону Гематология борборунун жетекчиси катары эле айып коюп жатышат.

Дагы бир айыпталуучу, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева да коюлган күнөөгө макул эмес. Анын жактоочусу Алия Турумбекова соттук отурум жана коюлган айып боюнча мындай деди:

- Албетте, Индира Жолдубаева коюлган айыпка макул эмес. Ал муну четке кагып жатат. Соттун жүрүшүндө иликтей турган көп жагдайлар бар. Мен судья кайсы бир деңгээлде калыс болуп жатканын айткым келет. Анткени биздин кошумча күбөлөрдү суракка алуу боюнча өтүнүчүбүздү колдоп берди. Себеби тергөөчүлөр өзүлөрүнө керектүү күбөлөрдү тизмеге киргизип, калганын жазышкан эмес. Сот иштин материалын иликтеп чыккандан кийин ал биз суралышы керек деген күбөлөр маанилүү экенин түшүндү.

Алмазбек Атамбаевдин жактоочулары дагы бир маселени көтөрүп жатышат. Алар Атамбаевге айыптоо актысында «Коррупция» беренеси боюнча айып коюлганы менен иштин материалында жемкорлуктун белгилери жок экенин айтышты. Мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атахановдун «Азиз Батукаев Жаныш Бакиевге алмашылмак. Ошондуктан бошотулган» деген көрсөтмөсүн мисал кылышууда.

Бул тууралуу Атаханов менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди беттештирүү протоколунда сөз болгону Интернетке чыгып кеткен. Анда Атаханов 2011-жылы Чеченстандын жетекчиси Рамзан Кадыровдун жакын адамы, Орусиянын Мамдумасынын депутаты Адам Делимханов жеке учагы менен Бишкекке келип, мурдагы президенттин уруксаты менен ал аны менен жолугушканын айткан. Андан соң тараптар Батукаевди бошотуш үчүн ордуна Жаныш Бакиевди кайтаруу жагы макулдашылганы белгиленген.

Атамбаевдин жактоочулары буга чейинки жараянда соттон Кадыровдон, Делимхановдон жана Жаныш Бакиевден көрсөтмө алууну өтүнүшкөн. Судья Эмилбек Кайыпов адвокаттардын өтүнүчүн четке каккан.

Сот Атамбаевдин катышуусуз өтүп жатат. Ал соттук отурумдардан бир нече жолу чыгып кеткендигине байланыштуу судья 9-январда ишти Атамбаевсиз эле кароону чечкен. Бул иш боюнча айыпталып жаткандар жана Атамбаевдин бул аракети тууралуу прокурор Медер Абдышев комментарий берди:

Медер Абдышев.
Медер Абдышев.

- Кандай далилдер бар экенин сот бүткөндөн кийин билесиңер. Азыр болсо сот жаңы гана башталып, күбөлөр суралып жатат. Жыйынтыгы кандай болорун сот бүткөндө көрөсүңөр. Атамбаев болсо соттук отурумдун тартибин бузганы үчүн соттун токтомунун негизинде соттон чыгарылган. Эгерде ал жараянга катышкысы келсе эртең да келгенге укугу бар.

Ишти Бишкектин Биринчи май райондук соту карап жатат. Алмазбек Атамбаев башта соттук процесстерге келүүдөн баш тартканы үчүн отурумдарды Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте өткөрүү жөнүндө чечим чыгып, атайын кызматта көчмө сот отурумдары болду. Жактоочулардын өтүнүчү менен иш кайра райондук соттун имаратында карала баштады. Кийинки жараян 28-январга белгиленди.

Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыккан жана атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, Орусияга учуп кеткен. Ички иштер министрлиги (ИИМ) өткөн жылы бул боюнча кылмыш ишин кайра тергеп, сотко өткөрүп берген.

Бул иш боюнча мурдагы башкы прокурорлор Аида Салянова, мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева, экс-вице-премьер-министр Шамил Атаханов, ошол учурдагы Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) башчысы, депутат Зарылбек Рысалиев, Батукаевди бошотуу жөнүндө чечим чыгарган судья Жапар Эрматов жана башка бир катар дарыгерлерге да айып коюлган. Алардын иши сотко өтө элек.

Атамбаев 8-августта Кой-Таш айылындагы үйүндө күч түзүмдөрүнүн атайын операциясы учурунда кармалып, УКМКнын тергөө абагында камакта отурат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Чок-Талдан Орусияга кийим тиккен келиндер

Ысык-Көлдүн Чок-Тал айылында тикмечи келиндер тобу аскер формаларын тигип, Орусияга экспорттоп жатышат.

ФАПтын имаратында ачылган чакан тигүү цехинде 15 аял эмгектенет. Цехтин ээси буюртма көбөйсө, элеттик кыз-келиндерге көбүрөөк жумуш ордун түзүүнү пландап жатат.

Чок-Тал айылынын тургуну Назгүл Касымалиева бир жыл мурун айылда тигүү цехин ачып, жеңелерин жумушка чакырган. Жети жыл мурда үч бала менен үйдө отурган Назгүл Чолпон-Атадагы SOS балдар үйүндө ачылган үй-бүлөнү бекемдөө окуу курстарына катышып, 2,5 ай бою тикмечиликтин сырларын үйрөнгөн.

Шыктуу келиндин иши илгерилеп, ошол жерде эле машыктыруучу катары иштеп, андан кийин германиялык DVV жана башка долбоорлор менен кызматташа баштаган. 2019-жылдын февраль айында айылдагы ФАПтын эски имаратын оңдоп-түзөп, тигүү цехин ачып, азыр иши кадимкидей илгерилеп калган.

Назгүл Касымалиева.
Назгүл Касымалиева.

- 2019-жылдын февраль айында бизге долбоорлор он тигүүчү машине алып келди, - дейт ал- Ошону менен биздин иш жүрүшүп жатат, буюртмачыларды мен Бишкектен таптым, андан бери тынымсыз иштеп жатабыз, сапаттуу кылып тиккенге аракет кылабыз. Биз тиккен аскер формалары Орусияга экспорттолуп жатат.

Назгүлдүн цехинде он аял күндө келип иштесе, дагы он чактысы үйгө буюртма алып иштейт. Алар алгач Орусиянын суук аймактарына жылуу сырткы кийимдерди тиге баштаган. Андан кийин ар кандай кийимдерге буюртмалар келе баштаган.

- Формаларды гана эмес, жайкысын шым, көйнөк тиктик. Алар да Орусияга экспорттолуп кетти, биз бир эле завод менен иштешебиз. Аларды тиккенде материалы жеңил болуп, жеңелерим жумасына 2 миң даана тиккен. Алды 10-15 аскер формасын, арты бешти тигет. Алды 15-17 миң сомго чейин айлык алат. Айылда бул жакшы акча, балдары жанында, үйү жылуу.

Цехке келгендердин көбү тикмечиликти бул жерден үйрөнгөн. Себеби бул цех башында тикмечиликке үйрөткөн окуу борбору катары ачылып, адегенде үйдө отурган айымдарга тикмечиликтин сырларын үйрөткөн. Алардын бири - Аниста Токтоматова.

Аниста Токтоматова.
Аниста Токтоматова.

- Тигүүчү кесибим деле жок болчу, окуу борборуна келип, бир жыл окудум. Колума дипломумду алып, ошондон бери иштеп жатам. Кесипти жакшы өздөштүрүп алдым. Көрсө, колубуздан келет экен. Иштеп кеттик, жашоо баарына үйрөтөт экен. Бир чети айылдын ичиндебиз, эки жакка миграцияга чыкпай эле, балдар кашыбызда, күйөөбүздүн маңдайындабыз. Ар кимибиз жасаган ишибизге жараша айлык алабыз.

Бул жерде айылдык айымдар тиккен тышкы кийимдер Орусияга жөнөтүлөт. Мындан улам жасаган иштин сапатын текшерип, кабыл алуу зарыл иш.

- Ар биринин туура тигилишин текшерип алам, чөнтөктөрдүн тигилиши, планканын коюлушун карайм. Жеңелерим ар бири бул жерге белги коп коюшат, кайсы туура эмес тигилсе дароо оңдойбуз. Себеби биз тигилген форманы өткөрүп жатканда сапаттуу кетиши керек. Сөзсүз «Кыргызстандан тигилген» деген этикетка чаптайбыз. Орустар бизде тигилген кийимдин баарын баалап кийишет.

Айымдар даяр болуп калган формаларды аптасына бир жолу Бишкекке жөнөтөт. Андан ары товар Орусиянын ири шаарларына жеткирилет. Элеттик тикмечилердин ишине жергиликтүү пансионаттардын жетекчилери да кызып жаткан экен. Жаз алды менен алар да кызматкерлерине атайын форма үчүн буюртма бергени турат. Ишкер айым Назгүл Касымалиева айыл өкмөтү тигүү цехин кеңейтүүгө жардам берүүнүн жол-жобосун караштырып жактанын айтты.

Элеттик айымдар айына эки миңден ашык форма тигишет. Цехи айылдагы ФАПтын эски имаратында болгондуктан бир аз тардык кылат. Назгүл Касымалиеванын цехи - Ысык-Көл районундагы үй-бүлөнү бекемдөө долбоорунун негизинде ачылган алгачкы ишкана. Азыр ушундай эле тигүү цехи Кароол-Дөбө айылында да бар. Анда алты аял жумуш менен камсыз болгон.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Аткаминерлер декларация тапшырбай жатышат

Иллюстрациялык сүрөт.

Саясий, мамлекеттик жана административдик мамлекеттик кызматтарды ээлеп турган 157 адам салык декларациясын тапшырбай жүргөнү көп талкуунун бетин ачууда.

Мамлекеттик аткаминерлер эмне үчүн убагында декларация беришпейт? Аларга жоопкерчилик каралганбы? Аткаминерлердин киреше-чыгашасын ачык көрсөтүүгө канткенде жетишебиз?

«Арай көз чарай» талкуусуна Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев жана Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Искендер Асылкулов катышты.

«Азаттык»: - Искендер мырза, мамлекеттик кызматкерлер декларацияны эмне үчүн тапшырат? Мамлекет үчүн андай маалыматтарды алуунун максаты эмнеде?

Искендер Асылкулов.
Искендер Асылкулов.

Искендер Асылкулов: - Мыйзам боюнча мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды ээлеген адамдар салык декларацияларын тапшырууга милдеттүү. Анда ар бир аткаминер жыл ичиндеги тапкан кирешесин, чыгашасын, тапкан мүлкү боюнча маалыматтарды 1-апрелге чейин тапшырышы керек. Андан кийин да маалыматтарында алымча-кошумча болуп калышы мүмкүн, аларга 3 ай кошумча мүмкүнчүлүк берилет.

Ошентип алган маалыматтын негизинде Мамлекеттик салык кызматы 1-июлдан баштап ар бир декларацияны текшерип чыгат. Биз маалыматтарды банктарга, Мамлекеттик каттоо кызматына, башка мамлекеттик органдарга жөнөтүп, алар менен да салыштырып, талдап чыгабыз.

«Азаттык»: - Саясий, мамлекеттик жана административдик кызматтарды ээлеп турган 157 аткаминер салык декларациясын тапшырган эмес. Себеби айтылабы? Алар кимдер, кайсы деңгээлдеги жетекчилер?

Искендер Асылкулов: - Мисалы, саясий кызматтарга - министрлер, Жогорку Кеңештин жана жергиликтүү кеңештердин депутаттары, акимдер, өкмөттүн облустардагы өкүлдөрү, ал эми атайын кызматтарга - соттор, элчилер, укук коргоо органдарынын жетекчилери кирет.

«Азаттык»: - Салык декларациясын бербегендердин арасында Жогорку Кеңештин депутаттарынан да барбы?

Искендер Асылкулов: - Бар.

«Азаттык»: - Аалы мырза, жогорудагы айтылган маалыматтарга таянсак, аткаминерлер эмне үчүн убагында декларация тапшырышпайт деп ойлойсуз? Маани беришпейби, мыйзам чаралары начарбы же башка себептери барбы?

Аалы Карашев.
Аалы Карашев.

Аалы Карашев: - Декларация деген түшүнүк 2004-жылы «Мамлекеттик кызмат жөнүндө» мыйзам кабыл алынгандан башталат. Биринчи саясий кызматта иштеген жетекчилерден декларацияларды кабыл ала башталган. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин декларация тапшыруунун негизги максаты – аткаминерлердин мыйзамсыз байып кетишин көзөмөлгө алуу, аныктоо.

2016-жылга чейин бул милдетти Мамлекеттик кадр кызматы аткарып келсе, 2017-жылдан ишти Мамлекеттик салык кызматы аткарууда. Мамлекеттик кызматта туруп убагында декларация тапшырбагандарга сөзсүз чара көрүлүшү керек. Мыйзам боюнча аларга административдик чаралар каралган, кызматтан кетиргенге чейин жазалар бар. Эң негизги максат - коомдо мамлекеттик кызматкерлер жөнүндө маалыматтардын ачык-айрым болушу.

Декларация бербегендерди жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жарыялаш керек. Коомчулуктун талкуусуна, баалоосуна чыгарыш керек. 2012-жылга чейин кабыл алынган декларациялар топтолуп, бир кабинетте эле сакталып келген. Айрымдары боюнча укук коргоо органдарында суроо болсо эле алынбаса, калганы ошол жерде эле жатчу. Ошондо биринчи аракеттер башталып, атайын түзүлгөн комиссия саясий кызматта иштеген жетекчилердин декларацияларын текшерип, маалыматтар боюнча суроолор жаралса чара көрүү үчүн тиешелүү органдарга жана мамлекет жетекчилерине чейин берип турганбыз.

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден көрүңүз)

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Cоцтармактарды фейк аккаунттар каптады

Иллюстрациялык сүрөт.

Cоциалдык тармактарды фейк аккаунттар каптады. Ошол эле кезде медиа сабаттуулук, маалыматты туура таратуу жана алуу тууралуу долбоорлор иштеп жатканы менен азырынча толук жемишин бере элек.

Адистер атайын бурмаланып таратылган маалыматтарга каршы иштеген платформалар болушу керек деп эсептешет. Маалымат майданына фейк аккаунттар же «троллдор фабрикасы» маалыматтык согуштун жаңы тенденциясына айланды.

Учурда айрым кишилер социалдык тармактарга жалган ысымдар жана сүрөттөр менен катталып, саясий темаларга дембе-дем комментарий жазып, коомчулуктун пикирин башка нукка буруп, алаксытууга аракет кылуунун үстүндө өтө жандуу иштеп жаткан учуру.

Маселен «Фейсбукта» «Новости 312» деп катталган баракчада «Азаттык» радиосу, «Kloop.kg» жана «24.kg» маалымат агенттиктери кыргыз бажысынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдон «кечирим сураганга даяр» деген таризде билдирүү тарап жатат. Бирок аталган баракчанын башкы сүрөтүндө, эфир алып барып жаткан белгисиз журналист кыздын сүрөтүн кошпогондо бир дагы билдирүү жазылган эмес.

Ошол эле кезде «Kloop.kg» маалымат агенттиги мына ушул фейк аккаунттарды иликтеген макаласын жарыялады. Аны даярдаган Айдай Иргебаева буларды айтып берди:

- Фейктердин тобу бар. Алар бирин бири тааныйт. Ошондуктан бири жазган комментарийге башкасы «лайк» басат. Анткени алардын жазган пикири кимдир-бирөөгө жакканын, маанилүү экенин көрсөтүшү керек да. Мен аларды таап, өзүлөрүнө «сен фейксиң» деп жаза баштадым. Бирок көпчүлүк ага деле маани беришпейт. Фейктер жазган пикирди, билдирүүнү талкууга алышат.

Factcheck.kg сайтынын редактору журналист Болот Темиров да фейк аккаунттарга каршы күрөшүп келатканы белгилүү. Ал мындан эки ай мурда «Фейсбукта» фейк аккаунттарга, троллдорго каршы «Фейк аккаунттарга аңчылык» деген аталышта тайпа түзгөн.

Темиров «Азаттыктын» «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» тууралуу резонанстуу иликтөөсүнөн кийин көргөн-билген фейк аккаунттарды жаптыруу максатында жарандарды биригүүгө чакырган.

Мындан тышкары соңку кезде Кыргызстанда «Telegra.ph» сыяктуу сервистер аркылуу жалган маалыматтар тарап келген. Маселен, Сапар Исаковдун атынан «күнөөмдү толук мойнума алам» деп жазылган билдирүү коомчулукта бир топ талкуу жараткан.

Ал эми 2019-жылы Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев фейктер парламенттин атына көлөкө түшүрүп жатканын, алар менен күрөшүүгө даяр экенин билдирген жайы бар.

Азыр «Telegra.ph» сервиси актуалдуулугун жоготту. Ал ортодо эл маалымат алуунун булагын аңдай баштады дегиче, соцтармакта бетин жашырган фейктер жайнап чыгышты. Эң кызыгы - алар жазган пикирлерге коомчулук маани берип, талкууга алып жатканы.

Ушундан улам, медиа сабаттулукту арттыруу максатында бир жылдан бери «Internews» эл аралык уюмунун колдоосу менен «Үч чекит» долбоору иштеп жатат. Долбоордун «Инстаграм» баракчасында «чын менен жалганды ылгап билүү», «маалымат согушунан канткенде сактанса болот» деген сыяктуу кеңири билдирүүлөр, түшүндүрмөлөр жазылган.

Тилекке каршы «Үч чекитке» катталган колдонуучулар аз. Ушундан улам долбоордун жетекчиси Мырзайым Жаныбек кызы аны коомчулукка жайылтуудан аксап жатышканын айтты:

- Мурда маалыматты жалаң эле журналисттер таратып келсе, азыр ар бирибиз контент жаратуучу болуп калдык. Пикир жазабыз. Кайсы бир маалыматты бөлүшөбүз. Бирок биз таратып жаткан маалыматтын канчалык чындыгы бар, такпы деп талдабайбыз. Аны окугандардын басымдуу бөлүгү «Интернетте жазылгандар 100% туура» деген түшүнүктө болушат экен. Ошондуктан медиа сабаттуулукту арттыруу башкы орунда турат. Ушундан улам биз жаштар көп кызыгып, колдонот деп «Инстаграмды» тандаганбыз. Бирок колдонуучуларды кызыктыра албай жатабыз. Биздин долбоордун алкагында мугалимдерди жана окуучуларды кызыктырган окуулар да өтүп жатат.

Адистер фейктерде каршы күрөш дүйнөдө кыйынчылык жаратып жатканын айтып келатышат. Ошондуктан «Фейсбук», «Твиттер», «Инстаграм», жада калса «Google» жалган маалыматты аныктоо алгоритмин ойлоп чыгышы керек деп эсептешет.

Ал эми күн сайын дүйнөдө бир жарым миллиарддай адам баш баккан «Фейсбук» корпорациясы жылына троллдорго катышы бар деген миңдеген фейк аккаунттарды өчүрүп турат.

Ошол эле кезде медиа эксперт Азим Азимов Кыргызстандагы бул маселени чечиш үчүн оңойго турбайт деген пикирде. Ал элдин аң-сезими туура маалымат алууну өздөштүрмөйүнчө фейктерге ишенүү улана берет деп эсептейт.

- Биз жалпы сабаттуулугубузду жогорулатышыбыз керек, - деди адис. - «Интернетте жазылгандардын бардыгы эле туура эмес» деген түшүнүктү мектептен баштап өспүрүмгө, жада калса чоң кишилерге да үйрөтүш керек. Тескерисинче, ошол эле «Фейсбукта» жазылган пикирди сын көз караш менен карап жыйынтык чыгарыш керек. Менин оюмча, фейк - бул технология маселеси эмес. Мисалы, «Фейсбук»​ аны чектеп койсо башка тармактан чыга бериши мүмкүн.

Убакыт көрсөткөндөй, фейк аккаунттардын же троллдордун айрыкча саясий кылдаал күчөгөндө күнү тууйт. Мындан тышкары шайлоо убагында да алар өзгөчө жандана түшөрү маалым.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Президент коррупцияга каршы күрөшкө нааразы

Президент Сооронбай Жээнбеков.

24-январда президент Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы алдында Коопсуздук кеңешинин жыйыны өттү.

Батукаевдин иши боюнча алгачкы күбө суралды

Батукаевдин иши боюнча алгачкы күбө суралды
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:50 0:00

Жалал-Абадда өкмөт өкүлү алмашты

Өкмөттүн Жалал-Абадда жаңы дайындалган ыйгарым укуктуу өкүлүн тааныштыруу учуру. 23-январь, 2020-жыл.

Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.

Ал эми мурдагы өкүл Сатыбалдиев берген арызына ылайык жумуштан алынганы айтылат. Өкмөттөгү акыркы кадрдык жүрүштөрдү көпчүлүк быйылкы жылдагы шайлоо менен байланыштырууда.

Жалал-Абаддын эски жана жаңы облус жетекчилерин вице-премьер-министр Кубатбек Боронов борбордон ээрчитип келип, аймактагы активге премьер-министрдин буйругу менен тааныштырды:

Кубатбек Боронов.
Кубатбек Боронов.

- Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин 22-январдагы буйругуна ылайык Кыянбек Сатыбалдиев өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду. Ага өзүнүн берген арызы негиз болгон. Ушул эле күндөгү дагы бир буйрукка ылайык Нурболот Мирзахмедов анын ордуна ыйгарым укуктуу өкүл болуп дайындалды. Сатыбалдиев 3 жылдан ашык облусту көтөрүүгө бүт аракетин жумшап, адис жана коомдук ишмер катары жакшы иштеп берди десем болот. Азыр ден соолугун чыңдаш үчүн кетип жатат, андан соң анын да башка жумуш ордун чечкенге аракет кылабыз. Мирзахмедовду Жалал-Абадга алып келүү - өлкө башчысы менен өкмөт башчысынын чечими болду.

43 жаштагы Кыянбек Сатыбалдиев өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп 2016-жылдын октябрь айынан бери иштеп келе жаткан. Ал бул кызматка келгенге чейин 2015-жылы КСДПдан Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. Ал облуска башчы болуп келгенден кийин кээ бир гезиттер жана басылмалар анын жогорку билим тууралуу дипломун 800 долларга сатып алганын жана буга чейин Майлуу-Суу шаарында мэр болуп турган кезде мыйзамсыз иштерди жасаганын жазып чыгышкан.

Бирок Сатыбалдиев өз кезегинде жасалма диплом аркылуу кызматка келгени тууралуу маалыматты төгүнгө чыгарган. Жумуштан кетишинин себебин мурунку ыйгарым укуктуу өкүл ачыкка чыгарган жок:

Кыянбек Сатыбалдиев.
Кыянбек Сатыбалдиев.

- Убактысы жана өз нугу менен жакшы иштеп бердим десем болот. Ар бир тармак боюнча 2019-жылды алгылыктуу жыйынтыктап алдык. Өкмөткө жумуштан кетүү боюнча өз каалоом менен арызымды жазып бердим. Алдыда бир топ пландарым бар, убагы келгенде белгилүү болот. Азыр ден соолугумду чыңдап, андан соң кандай жумуш кыларымды айтам.

42 жаштагы Нурболот Мирзахмедов 2010-2015-жылдары Сузак районунун акими болуп иштеген. 2015-жылы «Бир Бол» партиясынын катарында Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон. 2016-жылы Эсеп палатасынын аудитору, 2018-жылдын апрель айынан тартып өзгөчө кырдаалдар министри болуп иштеп келе жаткан. Мирзахмедов мамлекеттик кызматкер катары өкмөт буйруган жакта иштөөгө даяр экенин билдирди:

Нурболот Мирзахмедов.
Нурболот Мирзахмедов.

- Өкмөттүн жаңы кызмат боюнча сунушу мен үчүн күтүүсүз болду. Анткени Жалал-Абад облусу мен үчүн жат жер, жат эл эмес. Буга чейин ушул жерде иштеп, тажрыйба алып, борборго жөнөттүңүздөр. Өкмөт башчыга да буга чейин ишеним көрсөтүп министрликке көтөргөнүнө ыраазычылык билдирем. Бул - кызмат, мени кайсы жумушка жөнөтпөсүн таза, эл үчүн иштеп берүүгө аракет кылам.

Быйыл июль айында экс-министр Мирзахмедовдун кеңешчиси Нурбек Жолборсовду Башкы прокуратура Жазык кодексинин 319-беренеси («Коррупция») боюнча козголгон сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында камакка алып, ал кайра үй камагына чыгарылган. Жолборсовдун жакындары анын кармалышына Чукул кырдаалдардын таасирин жоюу боюнча түндүк борборунун жетекчиси Асылбек Жусубалиевдин көрсөтмөсү негиз болгонун айтышкан. Анткени тергөө менен кызматташкандар министрге кеңешчиси аркылуу акча берип турганын айтып доо коюшкан. Ишти учурда Аскер прокуратурасы тергеп жатат.

Коррупцияга каршы күрөш боюнча элдик көзөмөл кыймылынын облустагы координатору Максатбек Абдукаимов бул кадрдык алмашуу парламенттик шайлоого байланыштуу деп эсептейт.

- Бул кадрдык өзгөрүүлөрдүн баары алдыдагы парламенттик шайлоого байланыштуу, - деди ал. - Учурда партиялар арасында жең ичинен тирешүү жана команда түзүү процесси күч алды. Анткени аймактардан электорат чогултууда да ыйгарым укуктуу өкүлдөр чоң роль ойнойт. Анткен менен аларда бийлик жана эч кандай бюджет жок. Облуста эч кимди ала албайт же кызматка коё албайт. Экинчиден, Нурболот Мирзахмедов жетектеп турган Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жетекчилик ордун да бошотуш керек болчу. Азыртан тартып бийлик үч партияны бириктирип, шайлоого даярдап жатканы байкалып жатпайбы? Ошол эле учурда көпчүлүк ыйгарым укуктуу өкүлдөргө сын пикир көбөйүп кетти.

Бирок «Бир Бол» фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Ормонов Мирзахмедов иш билги жетекчи катары тандалды деген ойдо.

Улукбек Ормонов.
Улукбек Ормонов.

- Жалал-Абаддын облус башчысынын кызматтан кеткени мен үчүн күтүүсүз кабар болду, - дейт депутат. - Анын себептерин мен да жакшы түшүнө албай турам. Кадрдык өзгөрүүлөрдү шайлоого байланыштырууга болбойт. Эгер андай болсо бийлик өз талапкерин, өз партиясындагы адамдарды алып келмек. Бул жерде иш билгилигине жана тажрыйбасына карап тандоого жол берилген. Менин жеке пикиримде Нурболот Мирзахмедов Жалал-Абад облусуна жакшы жетекчи катары иштеп берет.

Кыргызстанда саясий адистер жергиликтүү бийлик жетекчилери айрыкча шайлоо алдында өзгөчө мааниге ээ болорун айтып келишет. Ошондуктан алар көпчүлүк учурда өкмөттүн өкүлүн дайындоодо саясий себептер басымдуулук кыларын белгилешет.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Талгат Аланов талашка жем таштады

Чек ара. Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекеттик чек ара кызматындагы мыйзамсыз иштер тууралуу айтып чыккан офицер Талгат Алановго каршы беш кызматташы Ош шаардык сотуна кайрылды.

Подполковник Талгат Алановдун 2019-жылдын 27-ноябрында өткөн басма сөз жыйынындагы билдирүүсүнөн кийин Ош гарнизонунун аскер прокуратурасы териштирүү ишин баштаган. Бирок териштирүүнүн жыйынтыгы чыга элек. Коррупция тууралуу айтып чыккан офицер Талгат Аланов өзүнө карата куугунтук болуп жатканын айтууда.

2019-жылдын 27-ноябрында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын улук офицери Талгат Аланов басма сөз жыйынын өткөрүп, журналисттерге өзү иштеген мекемедеги мыйзамсыз иштер тууралуу маалымдаган. Анда Аланов «Достук» жана «Эркечтам» чек ара көзөмөл-өткөрмө бекетиндеги акча топтоо, Алай районунун аймагындагы Сары-Таш заставасынын кызматкерлери чабандардан мал-жандык алган фактыларын мисал келтирген. Талгат Аланов Мамлекеттик чек ара кызматынын башында тургандар кошуна өлкөлөр менен чектеш аймактардагы көзөмөл-өткөрмө бекеттеринде иштеген кызматкерлерден «үлүш» алып турарын, түзүмдүн ичинде жазылбаган мыйзамдар бар экенин айтып, кызмат орундары акчага сатыларын да кошумчалаган.

Коомчулукка жайылган бул билдирүүдөн кийин Ош гарнизонунун аскер прокуратурасы териштирүү ишин баштаган. Анын жыйынтыгы чыга элек жатып Талгат Алановдун үстүнөн беш кызматташы Ош шаардык сотуна арыз жазды. Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Илгиз Талипов сотко кайрылуунун себебин мындайча түшүндүрдү:

Илгиз Талипов.
Илгиз Талипов.

- Бул жерде төрт аскер кызматкери жана мен Ош шаардык сотуна арыз жазганбыз. Мен жетектеген чек ара башкармалыгынын аброюна шек келтирип, терс маалымат таратканы үчүн арыз жаздым. Арызыбыз кабыл алынган. Биз сотко арыз жазуудан мурда ойлондук, кеңештик. Себеби, коомчулукта атыбызга көө жукпасын дедик. Биз - аскер кызматкерибиз. Бизде тартип бар. Подполковник Талгат Аланов эс алууда жүрүп, жетекчиликке кайрылбай туруп басма сөз жыйынын өткөргөнүн туура эмес деп эсептейм. Ошондуктан биз сотко кайрылдык.

Талгат Алановдун Мамлекеттик чек ара кызматындагы мыйзамсыз иштер тууралуу билдирүүсүнөн кийин Ош гарнизонунун Аскер прокуратурасы териштирүүнүн жыйынтыгын чыгара элек.

Өзү иштеген мекемедеги коррупцияны айтып чыккан офицер Аскер прокуратурасындагы териштирүүнүн жыйынтыгы чыкпай туруп беш кызматташынын Ош шаардык сотуна кайрылуусу мыйзамсыз деп эсептейт.

Талгат Аланов.
Талгат Аланов.

- Бул мыйзамга туура келбейт, - деди ал. - Себеби, азыр Аскер прокуратурасында иликтөө жүрүп жатат. Анын жыйынтыгы менен сот менин басма сөз жыйынында айткандарыма баа берет. «Аланов туура же туура эмес айтыптыр» деген соттун чечиминин негизинде булар сотко берсе болмок.

Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын улук офицери Талгат Алановго каршы «Достук» чек ара өткөрмө бекетинин эки кызматкери, «Эркечтам» чек ара өткөрмө бекетинин бир кызматкери жана Алай районунун аймагындагы Сары-Таш чек ара заставасынын фелдшери сотко арыз жазышкан. Алар Талгат Алановдун басма сөз жыйынында айткандарын төгүндөп, «коомчулукка жалган маалымат таратып, кадыр-баркыбызга шек келтирди» деген жүйө менен ар бирине 100 миң сомдон кенемте төлөп беришин арызда өтүнүшкөн. «Эркечтам» чек ара бекетинин улук көзөмөлдөөчүсү Абдыжапар Карыпбеков буларды айтты:

Абдыжапар Карыпбеков.
Абдыжапар Карыпбеков.

- Аланов менин атыма жалган жалаа жапкандыгы үчүн актыгымды аныктайын деп арыз жаздым. Ал басма сөз жыйынында мени «пенсияга чыкса да иштеп жатат» деп айткан. Мен пенсияга жете элекмин, ошондуктан мыйзам чегинде кызматым 11 айга узартылган. Азыр эми аз күндө пенсияга чыгам, жашым жетти. Андан кийин Мамлекеттик чек ара кызматында иштебейм.

Ош облустук сотунун басма сөз катчысы Бекзат Осмонкулов Талгат Алановго каршы беш чек арачы жазган арыз катталганын, бирок сот отуруму кайсы күнү өтөрү белгисиз экенин билдирди:

- Чек арачылардын арызы келип түштү. Бирок азырынча сот отуруму качан болору белгисиз.

Коррупцияга каршы «Таза Кол» фондунун жетекчиси Расул Умбеталиев Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөш эмес, коррупцияны айтып чыккандарга каршы күрөш жүрүп жатат деген пикирде.

Расул Умбеталиев.
Расул Умбеталиев.

- Азыркы бийлик коррупцияны айтып чыккандарга каршы күрөшүп жатат, - деди ал. - Өзү иштеген жердеги мыйзамсыз иштердин кынтыгын таап айткан чек арачыны камап жатышат. Бул туура эмес. Мамлекеттик чек ара кызматында коррупция бар экенин баары билет. Чек ара өткөрмө бекеттеринен паспортсуз өткөрүп жатышат, товарларды мыйзамсыз киргизип өткөрүп жатышат. Бул коррупциялашкан мамлекеттик кызмат. Мыйзамсыз иштерди айткан чек арачыны мамлекет коргоого алышы керек эле. Аны тескерисинче камакка алып жатат.

Ал арада Мамлекеттик чек ара кызматы подполковник Талгат Алановдун 2005-жылдан бери жетекчиликтин уруксатын албастан 300 ирет Кыргызстандан сыртка чыкканын тастыктады. Мекеменин басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаеванын «Азаттыкка» берген маалыматына караганда, офицер Талгат Аланов боюнча топтолгон материал Аскер прокуратурасына берилди. Анда подполковник Талгат Алановдун качан чек арадан өткөнү жана кайсы өлкөлөргө барганы көрсөтүлгөн.

- Ал кошуна Казакстанга эле эмес, Кытайга жана Бириккен Араб Эмираттарына да барган. Бул факт боюнча материал учурда Алановдун ишин иликтеп жаткан Аскер прокуратурасына берилди, - деди мекеме өкүлү.

Ошол эле кезде Мамлекеттик чек ара кызматынын жетекчилигинин Алановдун чет өлкөдөгү сапарлары тууралуу эмне үчүн ал коррупция тууралуу айтып чыккандан кийин гана жарыялап жатышканы белгисиз болуп жатат.

Ал эми подполковник Талгат Аланов чек арадагы мыйзамсыз иштерди айтып чыккандыгы үчүн куугунтук болуп жатканын, телефон аркылуу коркутуу, үй-бүлөсүн бузууга аракеттер болуп жатканын билдирди:

- Телефондон коркутуп жатышат. Аты-жыты билинбеген тармактардан чалып, ойго келбеген сөздөрдү айтышат. «Сени жок кылабыз» деп коркутушат. Ар дайым болуп жатат мындайлар. Жакында эле эртең менен мен үйдөн жумушка чыгып кеткенден кийин эшигиме конверт таштап кетишиптир. Анда ар кандай сүрөттөр жана жалган маалымат камтылган кат бар экен. Булар эми үй-бүлөмдү бузууга аракет кылып жатышат.

Бирок Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Илгиз Талипов Талгат Алановдун айткандарын кетке кагып, ага карата кызматтык куугунтук, коркутуу болбогонун айтты:

- Алановго эч ким тоскоолдук кылган жок. Коркутуу да болгон жок. Ал коррупция менен күрөшөм десе күрөшсүн. Бирок анын тартиби бар да. Биз - аскер кызматкерибиз.

Сотко кайрылган беш чек арачы эгерде мыйзам алар тарапта болуп, коюлган 500 миң сом кенемте төлөнсө, аны Лейлекте окко учкан чек арачынын үй-бүлөсүнө жана Баткендин Көк-Таш айылындагы окуяга катышкан чек арачыларга жардам иретинде берерин айтышты.

Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин алгачкы жыйынында «коррупция менен күрөшчүлөр өздөрү ага малынып турат» деп мамлекеттик органдарды кескин сынга алган жайы бар.

- Коррупцияга малынгандарга өз элин, мамлекетин, ишин саткандар катары караш керек. Буларга биздин арабызда жүрө албай тургандай, эл душманы катары мамиле кылуу зарыл, - деген анда Сооронбай Жээнбеков.

Президент ошондой эле элди бир канча жолу коррупция менен күрөшүүгө да чакырган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Виза маселеси, АКШ-Кыргызстан алакасы

Кыргызстан менен АКШнын туулары.

АКШга барууга чектөө киргизилиши мүмкүн экени айтылган мамлекеттердин арасында Кыргызстандын да аты аталып жатышына өкмөттүн чет өлкөгө чыгуучу биометрикалык паспортту даярдап бере албай жатканы себеп болушу ыктымал. Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги ушундай билдирүү жасады.

ТИМдин божомолу

23-январда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу «Кошмо Штаттар кыргыз жарандарына визалык чектөө киргизгени жатканы жөнүндөгү маалыматты тастыктаган жок» деп билдирди. Айдарбеков элчини 22-январда министрликке чакырып, бул маселени талкуулаган. Тышкы саясий мекеменин башчысы Айдарбеков жарандары АКШга киришине чектөө коюлушу мүмкүн болгон мамлекеттердин тизмесине Кыргызстандын кирип калышын биометрикалык паспорт менен байланыштырды:

Чыңгыз Айдарбеков.
Чыңгыз Айдарбеков.

- Биздеги маалымат боюнча бул сунушту АКШнын укук коргоо органдары киргизген. 2017-жылы Кошмо Штаттардын президенти биометрикалык паспорт бербеген өлкөлөрдүн жарандарын киргизүүнү 2020-жылдан тартып чектөө тууралуу мыйзам кабыл алган. КМШ мамлекеттеринен биометрикалык паспорт бербеген өлкөлөрдүн бири - Кыргызстан.

Паспорт маселеси

Министр кыргыз өкмөтү чет өлкөгө чыгууну каалаган жарандарына биометрикалык паспорт жасап бере албай жатканынын объективдүү себептери бар экенин кошумчалап, визалык чектөө тууралуу чечим кабыл алганда АКШ ушул жагдайга көңүл бурарына үмүттөнөрүн айтты.

2019-жылы Кыргызстанда биометриялык паспортторго бланк даярдоо боюнча өткөрүлгөн тендер боюнча чыр чыгып, жогорку кызмат адамдарына кылмыш иши козголгон. Азырынча биометриялык паспорт берүү качан башталары белгисиз.

Кыргыз эксперттери АКШ Кыргызстандын жарандарына чектөө киргизиши мүмкүн болгон жагдайдын бир нече себептерин айтып жатышат. Башкача айтканда бул маселе жасалма кыргыз паспортунун жайылышы, мыйзамсыз миграция, эки өлкөнүн алакасы сыяктуу маселелерди күн тартибине чыгарды. Тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Аскар Бешимов абалга мындай баа берди:

- Бул ишенич артпаган өлкөлөрдүн арасына киргенибиздин фактысы. Эми буга эки себеп бар. Биринчиси - өзүбүздүн ички маселебизде, паспорт чыгарууда. Азыр аны ким гана колдонбойт? Кайсы мамлекет биздин паспортко ишенет? Эми виза боюнча чектөөнү жалаң эле АКШ колдонгон жок. Азыр Кытайга барыш да тозок болуп калды. Экинчи маселе - 2015-жылы АКШ менен бир тараптуу келишимди бузганбыз. Азыр Борбор Азиядан Кыргызстандын президенти гана АКШга иш сапары менен барган жок. Европа өлкөлөрү менен да ошондой эле салкын мамилени байкасак болот.

Дегеле АКШ соңку жылдары кыргыз жарандарына виза берүүдөн баш тарткан учурлар көбөйдү. Мамлекеттик департамент КМШ өлкөлөрүндөгү иммиграциялык эмес виза берүү четке кагылган учурлардын соңку көрсөткүчүндө Кыргызстанда экинчи орунда турат. 2019-жылы Өзбекстанда элчиликке кайрылгандардын 68,06% виза ала албай калган. Ал эми Кыргызстанда арыздардын 67,75% четке кагылган. Маселен, мындан жети жыл мурун (2013-жыл) АКШга виза алыш үчүн кайрылгандардын 75% канааттандырылган.

AКШнын бийлиги виза эмне үчүн берилбегенин түшүндүрбөйт. Активист Мирсулжан Намазаалы мунун бир себеби катары мыйзамсыз жүргөн кишилердин көбөйүп жатканы менен байланыштырды:

Мирсулжан Намазаалы.
Мирсулжан Намазаалы.

- Виза берүүдөн баш тартуунун пайыздык үлүшү көбөйүп кетти. Кыргызстандан ар кандай делегациялар менен барып, АКШда калып калгандар абдан көп. Андан тышкары паспортубуз жайылып кетти. Кылмышкерлер колдонуп жүрөт.

Борбор Азия өлкөлөрүндөгү окуялар боюнча аналитика жазган «Eurasianet» сайты Кыргызстанда АКШнын «кара тизмесине» түшүп калуунун коркунучтарынын себептерин талдаган. Анда «Кыргыздар АКШда чын эле коркунуч жаратабы?» деген суроого Кыргызстандын Сирияда жүргөн жарандары боюнча статистиканы, расмий органдардын маалыматын келтирген. Ошондой эле оңду-солду тараган кыргыз паспорту жөнүндө жазып, Түркияда киши колдуу болгон кытайлык ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмүнө шектүү катары кармалгандардын жанынан Кыргызстандын паспорту табылганын мисалга тарткан. Басылма эки өлкөнүн алакасындагы жагдайга токтолуп, АКШнын аскер базасынын чыгарылышын, бир тараптуу кызматташтыкты токтотуудагы Орусиянын таасирин белгилеген.

АКШ-Кыргызстан алакасы

Кыргызстан менен АКШнын өкмөттөрүнүн кызматташтыгы тууралуу келишимге 1993-жылы 19-майда Вашингтондо кол коюлган. Бул документти кыргыз өкмөтү 2015-жылдын 21-июлунда бир тараптуу денонсациялаган. Жаңы келишим даярдалып жатканы бир жылдан бери айтылууда, бирок ага кол коюла элек.

Парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин мүчөсү, депутат Абдывахап Нурбаев бийлик кызматташтык боюнча жаңы келишимдерди эртелеп иштеп чыгышы керек экенин белгиледи. Ал Кыргызстан АКШ менен алакасын бекемдөөгө ынтызарлыгын көрсөтүшү керек деп эсептейт.

Абдывахап Нурбаев.
Абдывахап Нурбаев.

- Эң башкысы - биздин жөнөкөй элге зыяны тийбеши керек, - деди ал. - Алдын-ала сүйлөшүү жүргүзүп, Тышкы иштер министрлиги себептерин аныктап диалогго барышы зарыл. Анткени АКШда мүмкүнчүлүк көп, күчтүү окуу жайлары бар. Балдардын ал жакка барышына тоскоол болуп калат.

Кыргызстанда АКШга иштеш үчүн кандай гана жол менен болбосун барууга аракет кылган жаштардын катары калыңдап барат. Муну Интернеттеги АКШга виза ачып берүүнү сунуш кылган жарнамалардан байкаса болот. Буга байланыштуу Кыргызстанда виза алмакчы болуп ири акчасын алдатып калгандар көп кездешет.

21-январда the «Wall Street Journal», «the New York Times» жана «Politico» басылмалары Ак үйдөгү өз булактарына таянып, Кыргызстан менен Беларустун жарандарына Кошмо Штаттарга барууга чектөө киргизилиши мүмкүн экенин жазышты. Маалыматка ылайык, жаңы тизмеге ошондой эле Бирма, Эритрея, Нигерия, Судан жана Танзания кириши ыктымал. Жарыяланган макалаларда «бирок бул мамлекеттердин бардык жарандарына Америкага кирүүгө тыюу салынат дегенди билдирбейт» деп жазылган. «Politico» белгилегендей, чектөөлөр балким жогорку даражалуу расмий өкүлдөргө же айрым бир визалардын түрүнө киргизилет.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Элибиз эс алганды үйрөнө баштады

Элибиз эс алганды үйрөнө баштады
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:46 0:00

Бектин “бакыт кушу”

Бектин “бакыт кушу”
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:09 0:00

Кыргыз келиндеринин ыйы

Иллюстрациялык сүрөт.

Айрым кыргыз кыз-келиндеринин турмуштан тарткан азабы жөнүндө акын Шайлообек Дүйшеевдин ой толгоосу.

Булактын көзүнө окшоп бүлкүлдөгөн,

Буюмдай бурчтан бурчка түртүлбөгөн.

«Дүйнөдө бакты-таалай канча болсо,

Ошонун баары менин мүлкүм» деген.

Атамдын ардагы элем,

Апамдын эркеси элем,

Айылдын бир кызы элем үлпүлдөгөн.

Кыргыздын кыз сыйлаган салтын улап,

Кыргыздын кыз сыйлаган баркын улап,

Кылымдан кылым кезген наркын улап,

Кысылбай эркин өскөн кыз элем мен,

Кызгалдак кездерим-ай, алтын убак!..

Аялуу сыры бардай айтылбаган,

Алтындай тээ тереңде жалтылдаган

«Ааламда канча жыргал, кубанч болсо,

Ошонун баары өзүм» деп шаңкылдаган,

Атамдын кымбаты элем,

Апамдын сырдашы элем,

Айылдын бир кызы элем жаркылдаган.

Атакем Ай өңдөнүп,

Апакем Күн өңдөнүп,

Айланып күнү-түнү жүрөр эле,

Ажайып максаттарга сүрөр эле,

Басса да, турса дагы тегеренип,

Бактылуу болушумду тилер эле.

Ай, Күнүм толук кезде,

Аккан суу, күлгөн жылдар март экенин,

Айыпсыз балалыктын салты экенин,

Анда мен кайдан билдим күндөрүм той,

Аз калган жылдар майрам, айт экенин?

Анда мен кайдан билдим,

Бак-таалай эгиз эмес, жалкы экенин,

Басчу жол – ашуу, белес, кайкы экенин,

Жашоонун бир тарабы майрам болсо,

Жашоонун бир тарабы калп экенин?

Аттиң-ай,

Кайдан билдим, мен бейбактын

Маңдайы тайкы экенин?

Эсимде:

- Кымбатым! Алтыным! - деп жалынганы,

Кылычтай кындан кынга чабылганы.

Кыргыздын бир жигитин таптым го деп,

Кыялым кыян болуп агылганы...

Тагдырдын тартуу кылган ордосу эле,

Таарынсам ой-боюма койбочу эле.

Балдардын арасынан тандап сүйдүм,

Бактылуу болдум го деп ойлочу элем.

Баш коштук, калың келип, мата келип,

Бапырап ата келип, апа келип.

Жакшылык калкыбыздын тилеги го,

Жашырбай бар-болгонун чача берип,

Көпчүлүк көлкүп-чалкып кеткен эле,

- Көшөгөң көгөрсүн! - деп бата берип.

- Жаша! - деп,

Жалган дүйнө сайрап турду,

- Жаша! - деп,

Жакын достор жайнап турду.

- Жашайбыз! - дедим, - мен да элдей болуп,

Жаманга ыраа көрөбөй бар бактымды.

А бирок,

Аз жыл өтпөй ак батаны,

Алганым,

Арак менен алмаштырды.

Баягы,

Жакшы үмүттөр талкаланып,

Батирин көрүнгөндүн аркаладык.

Жашадык,

Ишибиз жок иштегенге,

Жан бактык,

Ит сыяктуу калкаланып.

А күйөөм баш көтөрбөй иче берди,

Ичкени ичкен сайын кайталанып.

Мен аны түпсүз шордон чыгарам деп,

Канча ирет чуркабадым аркан алып...

- Ичпегин, - дедим ага, -

Ичкилик канчаларды бузуп жатат?

- Иштегин, - дедим ага, -

Жок дегенде дунганга малай болуп,

Уйгурдун тамын салып,

Күрттөрдүн бастырмасын жамай коюп.

Кайнатам канча урушту,

Кайненем боздоп канча жашын төктү!

- Атаңдын канын ичкир,

Канымды ич! - деп канча сөктү!

Уккан жок,

Акыл айткан сөздөрдөн качып турчу,

Арак жолдош бирөөлөр үйгө келсе,

Араңжан жатканда да атып турчу.

Ошондой бир күн эле солуп турган,

Ооруксуп ай-күнүмө толуп тургам.

Кууп чыкты ал эшикке чачтан алып,

Кудай-ай, мени кимге жолуктурган?

Көгала койдой союп, көпкө жаттым,

Көң-кыктын арасында тоңуп турган.

Жашырдым, бирок кылган курмандыгын,

Жашырдым, тепкиге алып ургандыгын.

Жанымды кыйгым келди кээ бирде мен,

Жаш төгүп, боздоп акты курган жылым...

Шамалдын үнү чыкса ыркыраган,

Жүрөгүм ток тийгендей зыркыраган,

Аялдын үнү бизде чыркыраган,

Арактын жыты бизде буркураган.

Алтындын тунугундай үй-бүлө элек,

Азыр биз айнек болдук быркыраган.

Айла жок,

Жанды жанга соога кылып,

Ага иш жок,

Мен көчөдө көр-жер сатып,

Акырын жашап жаттык соода кылып.

Тагдырдан тайгаланып, арга кетип,

Тапканым эптеп-септеп нанга жетип,

Баламдын бүтөй албай кийимдерин,

Базардан баар издеп айла кетип,

Буулугуп башым катат, биле албастан

Бул турмуш баратканын кайда кетип.

Түрүм бош, ооп турган шайымды алып,

Түн ката келип үйгө нанымды алып,

Кир-когун жууй салайын балдардын деп,

Жаңы эле турганымда самынды алып,

Акшыйган көзү менен карады да,

Ал менин жей баштады жанымды алып:

- КТРдын «Коломтосу», молдо айтты, - дейт, -

- Катын деген көчөгө чыкпаш керек,

Катын деген жылбастан үйгө олтуруп,

Шарият жолун көздөй ыкташ керек.

Этеги кыска көйнөк кийип алып,

Эркектердин напсисин бузбаш керек!

- «Көчөгө чыккан катын бузулат» деп,

«Көрүнгөн эркек ага тушугат» деп,

«Катындар үйгө олтуруп бала баксын,

Катындан көчөдөгү,

Кайдагы жин-шайтандын жыты урат» деп,

Карегин жыртып тешкен,

Бүтүк көз молдо айтты, - дейт...

- Кана айтчы,

Сага канчоо тийишти? - дейт,-

- Саныңдан кармап, канчоо күлүштү? - дейт.

- Чыныңды айт,

Азыр мууздап сала электе,

Канчоосу сени менен жүрүштү? - дейт.

«О, Кудай!

Көркоо турмуш, көргө кир-ай,

Күн келер болду бекен өңгө бир-ай!

Так ошол былжыраган телең менен,

Так ошол молдоң менен жерге кир-ай!

О, Кудай!

Сен, кайдасың?

Дарегиңди айтсаң мен жөнөр элем,

Көл кылып көз жашымды төгөр элем!

Молдонун, ошол тележурналистин

Кыздары мендей болуп тепкиленип,

Эттери бычак менен кескиленип.

Күйөөсү күндө келип жиндиленип,

Күн сайын менин денем тилгиленип.

Балдары ачка болуп ыйлап турса,

Балакет турмуш күндө кыйнап турса,

Ушинтип айткандарын көрөр элем!

О, Кудай!

Кыргыздын мына ушундай айбан уулун тыя албасаң,

Аял деген аты бар Энелерди,

Зордогон, кордогонду тыя албасаң?

Мен шордуу туулган белем ылай үчүн?

Айтчы анда, айтчы Кудай,

Анда сен,

Айтчы кимдин Кудайысың???

Көчөдө көр-жер сатып, чаң жыттанган,

Көлчүксүз, какшып калган сай жыттанган,

Ким карайт, о шоркелдей, катыныңды,

Көркү жок, адам эмес, мал жыттанган?

Кешиги кедейгенден толкуп жүргөн,

Кейпинен кетип сасып, борсуп жүргөн.

Азыраак акча тапса «алып кетет» деп,

Ар күнү милийсадан коркуп жүргөн.

Ким тийет, о шоркелдей, катыныңа,

Жок издеп жолбун иттей жортуп жүргөн?

Сен иштеп,

Бала-чакаң ток болгондо,

Куураган очогубуз от болгондо.

Ушинтип мен көчөдө турат белем,

Кайгыбыз, капабыз да жок болгондо?»

Дегенде,

Муштумубу, өтүгүбү,

Алай-дүлөй ал мага атырылып,

Кан түтөктөп мурдумдан, улуп-уңшуп,

Жерде жаттым кийиздей сапырылып.

- Мен сени деп ойлобо катын алган,

Мен сени буюм өңдүү сатып алгам!

Өлтүрсөм-койсом дагы өзүм билем,

Башыңды биротоло ачып алгам! -

Деп менин бычак такап жүрөгүмө,

Денемди калтыратып илебине.

Боздогон балдарына карабастан,

Так салды тилип туруп билегиме...

Билбеймин,

Кандай тагдыр күтүп турат?

Атасы кечиккенде, безгек болуп,

Уул-кызым калч-калч этип үшүп турат.

Мен эми сойсо сойсун, ылжып келип,

Балдарга бычак шилтеп ийеби деп,

Жүрөгүм өзүнчө эле түшүп турат.

Билбеймин,

Кандай жандар түзүк турат?

Ал мас болуп чаң салып келген күнү,

Жашоодон үмүтүмдү үзүп турат.

Мени өлтүрсө мейли эле,

Өзү өз кызын,

Балээ кылып ийеби ал айбан деп,

Жүрөгүм өзүнчө эле түшүп турат.

Кыргыздар айланайын, айткылачы,

Молдоңор коргобосо,

Акүйүң, Көк үйүң коргобосо,

Кимдер коргойт?

Мен өңдүү кор болгондор,

Жалгыз эмес,

Мен бармын Нарында да, Таласта да,

Түштүктүн ар бир айыл жериндемин.

Мен деген Көлдө, Чүйдө, Кеминдемин.

Кыргыздар айланайын, айткылачы,

Кимдер коргойт?

Кыргыздын көз алдыңда,

Кырылып бара жаткан келиндерин?!

(Автордун пикири «Азаттыктын» көз карашын билдирбейт)

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

ЕАЭБдин кызыгынан кыйынчылыгы көп

Иллюстрациялык сүрөт.

Акыркы күндөрү Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) алкагында Орусия менен Беларустун мунайга байланышкан мамилелери, казак-кыргыз чек арасындагы кырдаал бул уюмдун тегерегиндеги талкууга кайрадан жем таштады.

ЕАЭБ эмне үчүн интеграциялык кызматташтыктын үлгүсүн көргөзө албай жатат?

«Арай көз чарай» талкуусуна Евразия Экономикалык Биримдиги (ЕАЭБ) боюнча кыргыз өкмөтүнүн өкүлү Алмаз Сазбаков жана экономика боюнча эркин эксперт Кайрат Итибаев катышты.

«Азаттык»: - Алмаз мырза, Кыргызстан ЕАЭБге киргенине беш жыл болду. Андан бери Кыргызстандын уюмдагы мамлекеттер менен болгон интеграциялык алакасында эмне өзгөрдү?

Алмаз Сазбаков.
Алмаз Сазбаков.

Алмаз Сазбаков: - Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө болгонуна 4,5 жылдан ашып калды. Албетте, «Бул убакыт ичинде биздин өлкө эмне пайда тапты?» деген суроо коомчулук үчүн маанилүү. Биз бул маселени дайыма талдап турабыз.

Биринчиден, Кыргызстан бул уюмга мүчө болгону макроэкономикалык туруктуулукка жетише алдык. Мурдагы жылдары экономикабыздын жалпы өсүшү 3,6% түзсө, 2019-жылдын жыйынтыгы менен бул көрсөткүч 4,5% түздү. ЕАЭБдеги мамлекеттердин арасында инфляция Кыргызстанда эң төмөнкү деңгээлде, б.а. 3, 7% түздү. Акыркы төрт жылдын жыйынтыгын алсак Кыргызстандагы инфляция 3,4% ашкан жок.

Экинчиден, Кыргызстандын ЕАЭБге кирген мамлекеттерде иштеп жаткан мекендештерибиздин статустары өзгөргөнү жакшы натыйжаларды берүүдө. Мигранттарга болгон талаптар, шарттар бир топ жеңилдеди. Расмий маалыматтарда Орусиянын аймагында 700 миң, расмий эмес булактарда 1 миллиондон ашык мекендешибиз эмгектенип жатканы айтылып жүрөт.

Мурда биздин жердештер көбүнчө кара жумуштарда иштешсе, азыр ири компанияларда башкалардай эле укукта иштеген жаштарыбыз көбөйүүдө. Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болгону үчүн жакшы кызматтарга, жумуштарга орношуп жаткандар аз эмес. Акыркы жылдары мигранттардан которулуп келген акчанын суммасы да көбөйүп калды. Былтыр 2,5 миллиард доллардын тегерегине жетти. Бул да ЕАЭБдин натыйжасы десек болот.

Үчүнчүдөн, Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөрүнө болгон экспортунун көлөмү 12% арбыды. Айыл чарба азыктары, сүт азыктары жана тигүү тармагынын товарлары жакшы экспорттолууда.

«Азаттык»: - Кайрат мырза, акыркы күндөрү кыргыз-казак чек арасындагы узун кезек автоунаалардын турушу, казак тараптан коюлган эрежелер канчалык ЕАЭБдин талаптарына шайкеш келет? Же ага каршы аракеттер болуп жатабы? Же жүктү катуу текшергенге кыргыз тарап өзү күнөөлүүбү?

Кайрат Итибаев.
Кайрат Итибаев.

Кайрат Итибаев: - Экономикалык интеграциянын: жеңилдик берген мөөнөт, эркин соода аймагы, Бажы биримдиги, жалпы рынок жана экономикалык биримдик деген тепкичтери бар. Экономикалык биримдиктен жогору жагы – бул саясий интеграция. Тилекке каршы, «экономикалык биримдик» дегенибиз менен, атына заты жарашпай жатат. Биз жөнөкөй эле эркин соода аймагын түзө албай жатабыз. Москвадагы институттар бул багытта иштеп жатышат, бирок жетиштүү деңгээлде болбой жатат.

Мисалы, Кыргызстандын Казакстан менен маселелери болсо, аны чечүүчү арбитраждык же жөнгө салуучу механизмдер, органдар жок. Эгер Минскиде комиссиялар болсо, биз өз маселебиз менен чыгып чечип турат элек. Биздин өлкө көп жоготууларга учурап жатат. «Анын кенемтесин ким төлөйт?» деп маселени кабыргасынан коюп турмакпыз.

Башка өңүттөн алганда Казакстан менен болуп жаткан жагдайды алардын өз кызыкчылыгын коргоо аракети деп түшүнөм. Кыргызстан да өз базарын коргой турган рычагдарын колдонушу керек болчу. Тилекке каршы, андай болбой жатат. Кыргыз өкмөтү «бул маселелерди жакында Алматы шаарында көтөрөбүз, чечебиз» деп жатат, күтүп туралы.

Чек арадагы тыгын айдоочуларды эзди
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:44 0:00

Алмаз Сазбаков: - Чек арадан товарлардын өтүшү боюнча маселени экиге бөлүш керек. Биринчи товарлар - бул үчүнчү өлкөдөн Кыргызстанга келип, Орусияга жана башка өлкөлөргө кете тургандары. Негизинен эл керектөөчү товарлар.

Экинчиси - Кыргызстандан өндүрүлгөн, ЕАЭБ мамлекеттерине сатыла турган товарлар, негизинен айыл чарба азыктары жана жеңил өнөр жай товарлары. Экинчи топтогулар биздин өнөктөш өлкөлөргө эркин эле чыгып жатат, анда маселе жок. Биз күндө кыргыз-казак чек арасына барып мониторинг жүргүзүп турабыз. Учурда 50нүн тегерегинде машине турат. Алардын дээрлик баары биринчи топко кирген эл керектөөчү товарлар.

Казактардын бизге койгон дооматы: Кыргызстан «бул товарлар «Орусияга өтөт» деп, чек арадан өтүп алгандан кийин алардын басымдуу бөлүгү Казакстандын аймагында эле калып жатат, мамлекеттин казынасына салык түшпөй жатат, ошондуктан чек арада көзөмөлдү күчөтүп жатабыз» деп жатышат.

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден көрүңүз)

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Трамптын «виза опузасы» жана кыргыздар

Иллюстрациялык сүрөт.

АКШдагы бир нече маалымат каражаттары президент Трамптын администрациясы жети мамлекеттин, анын ичинде Кыргызстан менен Беларустун да жарандарынын Кошмо Штаттарга киришин чектеши мүмкүн экенин жазып чыгышты. Бул маалымат эки өлкөнүн саясат таануучуларын таң калтырбай койгон жок.

АКШнын президенти Дональд Трамп 22-январда анын администрациясы жарандарына Америкага киришин чектеген мамлекеттердин катарын кеңейтерин ырастады. Бирок ал кайсы өлкөлөр экенин ачык айткан жок.

- Биз бул тизмеге бир нече мамлекетти кошуп жатабыз. Биз коопсуз болушубуз керек. Мамлекетибиз коопсуздукта болушу керек. Силер дүйнөдө эмне болуп жатканын көрүп атасыңар, - деди Трамп Давостогу Дүйнөлүк экономикалык форумда жүргөндө.

Трамп 2017-жылы Ирандын, Ливиянын, Сириянын, Сомалинин, Йемендин, Түндүк Корея жана Венесуэланын жарандарын АКШга киргизүүгө чектөө койгон.

Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

21-январда the «Wall Street Journal», «the New York Times» жана «Politico» басылмалары Ак үйдөгү өз булактарына таянып, Кыргызстан менен Беларустун жарандарына Кошмо Штаттарга барууга чектөө киргизилиши мүмкүн экенин жазышты. Маалыматка ылайык, жаңы тизмеге ошондой эле Бирма, Эритрея, Нигерия, Судан жана Танзания кириши ыктымал. Жарыяланган макалаларда «бирок бул мамлекеттердин бардык жарандарына Америкага кирүүгө тыюу салынат дегенди билдирбейт» деп жазылган. «Politico» белгилегендей, чектөөлөр балким жогорку даражалуу расмий өкүлдөргө же айрым бир визалардын түрүнө киргизилет.

Байкоочулар бул болжолдуу тизмеге кире турган мамлекеттердин арасында Кыргызстан да аталып жатканынын бир нече себептерин айтышууда. Алардын бири - жасалма кыргыз паспортторунун кеңири жайылышы.

Кыргызстандын Кошмо Штаттардагы жана Канададагы мурдагы элчиси Кадыр Токтогулов Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен эмне себептен Кыргызстан бул болжолдуу тизмеге тандалып алынганы түшүнүксүз экенин «Твиттердеги» баракчасына 22-январда жазды. Ал ошондой эле кыргызстандыктарга америкалык виза буга чейин эле аз берилип келгенин белгилеп, так маалымат чыкмайынча күтө туруш керек экенин кошумчалады.

Минскидеги саясат таануучулар да Беларустун аты аталып жатканына айран таң. Алардын бири Артем Шрайбман Ак үй Беларусту айрым коопсуздук беренелерине байланыштуу автоматтык түрдө ушул тизмеге киргизүүнү көздөгөн деген пикирде. Ал балким бул сунушту Ак үй Мамлекеттик департамент менен макулдашкан эмес деп ойлойт. Анткени, саясат таануучунун айтымында, кийинки убакта Вашингтон Беларус менен алакасын жакшыртууга аракет кылып келет. Ал тургай мамлекеттик катчы Майк Помпео Беларуска 4-январда барууну көздөп жаткан. Бирок АКШ менен Ирандын алакасы курчуп кеткенин байланыштуу Минскиге барышын кийинкиге жылдырган. Эми Помпео Беларуска февралдын башында барышы мүмкүн экени белгилүү болду.

Чындыгында эле, Трамптын администрациясынын жогорку даражалуу өкүлү 22-январда «Reuters» агенттигине билдиргендей, коопсуздук боюнча Вашингтондун талабын аткарбаган мамлекеттердин жарандарынын АКШга киришине чектөө киргизилиши мүмкүн.

Ал эми «Associated Press» агенттиги кабарлагандай, АКШнын Ички иштер министрлиги 200 мамлекеттин коопсуздук боюнча протоколдорун карап чыккан соң андагы талапка жооп бербегендери болжолдуу тизмеге кирген. Мындай талаптарга биометрикалык паспорттордун киргизилиши, терроризм менен күрөштө кызматташуу жана маалымат алмашуу кирет. Ак үйдүн басма сөз катчысынын орун басары Хоган Гидли тизмени кеңейтүү тууралуу администрациянын пландары жөнүндө маалымат берүүдөн баш тартты.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

«Ат-Башы» хабы боюнча талаш күчөдү

Коомчулукта Ат-Башы районуна кытайлык инвестор курары айтылган логистикалык борбордун айланасындагы талаш күч алды. Мурда ага байланыштуу жыйындар Нарында өтсө, 22-январда Бишкекте да болду.

Ат-Башыдагы чек арага жакын аймакта салынуучу логистикалык борборго инвестор болрун билдирген кытайлык ишкер Лю Индин Кыргызстандагы өнөктөшү, ишкер Эмилбек Абдыкадыров бизнесмен Аскар Салымбеков баш болгон коомдук ишмерлер менен бирге басма сөз жыйынын өткөрүп, эл арасында тараган каңшаар кептерге жооп берди.

Абдыкадыров социалдык тармактарда тараган «Кытайга жер сатылды, борбор курулса Кытай жумушчулары каптайт» деген сөздөр жалган экенин белгилеп, кытайлык ишкер менен бардык шарттар ачык сүйлөшүлгөн деп ишендирүүгө аракет кылды:

- «Жерди Кытайга берип салыптыр» деп жатышат. Таптакыр андай эмес. Мамлекет бул жерди «Нарын» эркин экономикалык аймагына бөлүп берген. Алардан биз 49 жылга ижарага алдык. Экинчиден, «ошол жакта кытайлар көп иштейт экен» деп жатышат. Миграция мыйзамы боюнча сырттан келген инвестордун өлкөсүнөн 20% гана жумушчу иштей алат. Мен инвесторго бул мыйзамды айттым, ал «сырттан 5% гана жумушчу келет» деди. Ал жумушчулар адистер болот.

Бул ири долбоорду ишке ашыруучу «Ат-Башы Кыргыз-Кытай эркин соода аймагы» ишканасына кытайлык Лю Ин жана кыргызстандык Эмилбек Абдыкадыров ээлик кылат. Кыргыз ишкеринин айтымында, логистикалык борборду салыш үчүн Лю Ин 280 млн. доллар каражатты түз инвестиция кылат. Башкача айтканда мамлекеттен эч кандай кепилдик келишимдери жок. Ал эми анын курулушун кыргыз ишкери Эмилбек Абдыкадыров жүргүзөт.

Абдыкадыров кытайлык ишкер буга чейин Кыргызстанга инвестиция салганын белгилеп, долбоор ара жолдо калбайт деп ишенерин айтты:

Эмилбек Абдыкадыров.
Эмилбек Абдыкадыров.

- «Эч кандай насыя албайм, өз акчама курам, мен үчүн 280 млн. долларга куруу маселе эмес» деди. «Маселе ушул жакка завод-фабрикаларды тартып келүүдө» деди. Азырын сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

Жыйында 280 млн. доллар каражат логистикалык борборго суу, электр энергиясын жеткирүү, административдик имарат сыяктуу инфратүзүм даярдоого гана жумшалары белгилүү болду.

Эмилбек Абдыкадыров кытайлык ишкер өнөктөшү экөө эл аралык компаниялар менен сүйлөшүп жатканын белгилеп, логистикалык борборго смартфонго айнек салуучу, электромобил кураштырган ишкана сыяктуу ири завод-фабрика салынат деген дымактуу пландарын айтып өттү. Мындан тышкары жергиликтүү ишкерлерди кызматташууга чакырды. Айтор, Абдыкадыров долбоордо экономикалык, экологиялык, миграциялык шарттардын баары иштелип чыкканын айтып жатат.

Ат-Башыда соода терминалынын салынышын колдогондордун бири - белгилүү ишкер Аскар Салымбеков. Салымбеков Ат-Башы бажы төлөмдөрүндө жеңилдиктер каралган эркин экономикалык аймактардын бири экенин эске алып, логистикалык борбордун ушул райондо салынып жатканын кубаттайт. Ишкердин пикиринде мындай шарт логистикалык борбордун иштеп кетишине өбөлгө түзүп, 90% дотацияда отурган облус бюджетине бир топ тыгынчык болот.

- Социалдык тармактарда 200-300 киши жазып койгонуна ишенбейли. Нарында айыл өкмөттөрдүн баары «келсин» деп протокол түзүптүр. Алар да «байке, пикириңерди айткыла» деп чалып атат. Ошон үчүн бул жакта эмгеги сиңген адамдар чогулдук.

Анткен менен курулушка каршы болгондор логистикалык борбор үчүн ижарага берилген жер кийин Кытайга өтүп кетет деп чочулашат.

Жусупбек Кадырбеков - Ат-Башыдагы чек арага жакын аймакка кытайлык ишкердин каржылоосу менен логистикалык борбордун салынышына каршы болгондордун бири. Кадырбеков Ат-Башыда курулушка каршы болгон жергиликтүү тургундар, активисттер арбын экенин айтууда. Ал 280 млн. доллар каражат саларын билдирген кытайлык ишкер менен кыргыз тараптын келишимдери ачык көрсөтүлбөй жатканы ар кандай шектүү ойлорду жаратып жатканын ортого салды:

Жусупбек Кадырбеков
Жусупбек Кадырбеков

- Булар дежур аксакалдардын сөзүн пайдаланганды үйрөнүп алышты. Алардын сөзү менен элдин башын айлантышат. Бүгүнкү жыйын ошондой эле болду. Мен басма сөз жыйынына кирип чыктым. Бул муну менен бүтпөйт. Коомчулук каршы турат.

Коомдук ишмер Чолпонкул Арабаев элдин чочулоосун мыйзам ченемдүү көрүнүш катары баалайт. Арабаев өлкө эгемендүүлүгүндө жергиликтүү эл чет элдик инвестордон оозу күйгөн учурлары көп болгонун эске салып, долбоордун юридикалык келишимдерин кылдат карап чыгууну сунуш кылды. Арабаев ишкер Эмилбек Абдыкадыровго, кыргыз өкмөтүнө кайрылып, логистикалык борборду куруу шарттарын элге түшүндүрүш керек экенин белгиледи:

Чолпонкул Арабаев.
Чолпонкул Арабаев.

- Мага чалып да айтып жатышат. «Жайлоого малды өткөрө албай калат экенбиз, эл жайлоого кандай өтөт?» деп сурап жатышат. Чек ара, бажы бери жылып кетпейби? Ушуну эл да сурап жатат. Эгере чын эле элге пайдасы болсо биз да «бийлик, эл колдоп бериш керек» деп ачык айткандай бололу. Эмил мырза, сиз ушулардын баарын ачык айтсаңыз туура болот.

2000-жылдардын башынан бери эле жергиликтүү бийлик Ат-Башыга соода терминалы салынарын билдирип, инвестор издеп келет. Учурда логистикалык борборду салууга бел байлаган инвесторлордун акчасы канча жылда актайт, ишке кирсе мамлекеттик казынага канча салык төгө алат? Ушул сыяктуу экономикалык негиздемелер айтыла элек.

13-январда Ат-Башы району менен Кытайдын чектеш аймагына соода-логистикалык борбордун курулушуна каршы жыйын өткөн. Жергиликтүү эл катышкан бул жыйында «логистикалык борбор курулса, кытай жарандары чек арага жакын аймактарды ээлеп алат» деген сөздөрдү айтышкан. Кыргыз өкмөтү муну суу кечпеген ушак катары баалап, кайсы бир күчтөр чагым уюштурушу мүмкүн деген болчу.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

«Казак» менен милициянын тиреши

«Казак» деген каймана аты бар Умар Маратов. Сүрөт Ош шаардык милициясынан алынган.

Умар Маратовдун жактоочусу Динара Турдуматова басма сөз жыйынын өткөрдү.

21-январда жалпыга маалымдоо каражаттарында Ош шаардык милициясынын кызматкерин кылмыштуу топтун мүчөсү, юшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары Ички иштер министрлигинин тизмесинде турган Умар Маратовдун «Казактын» адвокаты Динара Турдуматова коркутуп жатканы тууралуу маалымат тарады.

Буга жооп катары Турдуматова 22-январда басма сөз жыйынын өткөрүп, тескерисинче аты аталган милиционер анын өзүн кысымга алып жатканын билдирди. ​Турдуматова Нурбек Айтбай уулун «Казактын» атын атап коркутпагананын айтып, кайрадан Айтбай уулу ага карата мыйзамсыз аракеттер жасап келгенинен анын үстүнөн бир канча мекемеге арыз жазганын билдирди:

- Бүгүнкү күндө Айтбай уулу Нурбектин үстүнөн беш кылмыш иши козголуп жатат. Экөө УКМКда, үчөө Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматта (Финансылык полициясы) болуп жатат. Стамбул протоколу боюнча тастыкталып жатат. Соттук-медициналык экспертизанын бүтүндөй комиссиясы кыйноого дуушар болгон деп жыйынтык чыгарып берип жатат.

Мындан тышкары ал аталган милиционер тарабынан Маратов кыйноого дуушар болгонун, бул боюнча да арыз жазылганын белгиледи.

Турдуматованын басма сөз жыйынына журналисттерди топтошуна 21-январдагы онлайн басылмаларына "«Казактын» жактоочусу милиция кызматкерин коркутуп жатат" деген өңдүү маалымат тараганы себеп болду.

Анда оштук милиционердин адвокаты Динара Медетова анын кардарынын ишин карап жатканы айтылган тергөөчү Бексултан Султанбек уулу менен болгон телефон аркылуу сүйлөшүүсү катары сыпатталган аудио жазууну ачыкка чыгарган. Тергөөчү жетекчилик тарабынан ишти кыскартууга тапшырма алганын айткан.

- Мени жеп түшөсүңөр, иштен айдатасыңар, болду, башка эмне? Мен да тоюп бүттүм, чынын айтайынбы? Бирок сотко да кетире албайм муну, - деген телефондогу сүйлөшүүдө тергөөчү Бексултан Султанбек уулунун үнүнө окшош адам.

Ал эми «Казактын» жактоочусу ага коюлуп жаткан күнөөлөрдү дагы бир жолу төгүндөп, ага же анын жакындарына бир нерсе боло турган болсо милиция кызматкери Нурбек Айтбай уулунан көрөрүн айтты:

- Мен расмий кайрылдым. «Эгер мага, туугандарыма бир нерсе боло турган болсо, чагымчыл мүнөздөгү иш-аракеттер болсо, Айтбай уулу Нурбектен көргүлө» деп расмий кайрылып жазып жатам.

Ош ШИИБинин басма сөз катчысы Замир Сыдыков «Азаттыкка» берген интервьюсунда «милиционерди "каралар" менен коркутуп жатышат» деген иш териштирилип жатканын айтты:

Замир Сыдыков.
Замир Сыдыков.

- Ички иликтөө кызматы кечээ берилген маалыматтарды текшериш үчүн башкармалык менен бирге иш алып бара турган болду. Бул жетекчиликтин көзөмөлүндө турат. Милициянын, анын ичинде Ош ШИИБинин позициясы ушундай: ички иштер органдарында кандайдыр бир мыйзам бузуу, тартип бузуу боло турган болсо, сөзсүз түрдө кызматтык жоопкерчиликке тартылыш керек. Албетте, коюлган айыптар далилденсе.

Сыдыков Умар Маратов буга чейин 16 ирет кылмыш жоопкерчилигине тартылганын, анын ичинен 2019-жылы төрт ирет кылмыш иши козголгонун жана ар бир милиция кызматкери коркутууга кабылып турарын да кошумчалады.

- Ар бир милициямын деген кызматкерге коркутуп-үркүтүү болот. Мен 20 жылдан бери органда иштеп келе жатам. Кеминде 10 ирет коркутуу болгон. Бирок мен ишимди таштап, карапайым калктын кызыкчылыгын коргобой коюшум керек эмес да? Мындан ары да уланта беребиз. Коркутуп-үркүтүү болгон, болуп да жатат, мындан ары да боло берет. Бирок органдар андан эч качан коркпош керек, - деди Ош ШИИБинин басма сөз катчысы Замир Сыдыков.

Ал эми улуттук коопсуздук боюнча эксперт Максат Мамытканов милиция кызматкерлери өздөрү да криминал менен соодалашууга барарын болжоп, бирок азыр кылмыштуулук менен күрөшүү татаалдашканын төмөнкүчө түшүндүрдү:

Максат Мамытканов.
Максат Мамытканов.

- Укук коргоо системасы таптакыр, түп-тамыры менен өзгөртүлгөн. Шарттары таптакыр бөлөк болуп калды. Мурункудай криминалдын үстүнөн иш жүргүзгөнгө азыр алар бир ишти башташ үчүн канчалаган кагаздардын баарын толтуруп чыгыш керек. Анан бир арыз түшмөйүнчө жолой албайсың, эч нерсе кыла албайсың, эч нерсе дей албайсың.

Оштогу криминогендик жагдайды кабатырланткан Умар Маратов Оштун мурдагы мэри Айтмамат Кадырбаевдин аталаш иниси Улан Раимбековду сабаган окуяга тиешеси бар деген шек менен 17-январда Ош шаардык милициясы тарабынан кармалып, бир айга камакка алынган. Ал «Женго» деген ат менен таанылган кримтөбөл Кадыр Досоновдун желдети экени айтылган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG