Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:23

Москвада Кыргыз элчилигинин алдында пикет болду


Бүгүн 7-апрелде Москвада Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин алдына чогулган кыргызстандык жарандар пикет өткөрүү аракетин жасашты. Аларды милиция кызматкерлери таркатып ала келген ураандарын жайдырбай кармап, өздөрүнө айып пул салды. “Азаттыктын” кабарчысы алардын кай бирлери менен жолукту.

Элчиликтин капталында турушкан 20 чакты жигиттер өздөрүнүн талаптарын билдирди:

Кубаныч: - Оппозиция тараптабыз. Элдин баары куурап жашап атышат. Бул жерде документтерибизди тактоо да кыйын. Консульствого келсек дайыма жабык. Документтерди дурустап жасата албайбыз.

- Москвага келип калышыңарга эмне себеп болду?

Кубаныч: - Кыргызстанда өнөр жай жок. Кытайдан товар тартып келип аны кайра сатуу болот. Бардык жерде атаандаштык. Товар чайкатайын десең аны өнүктүрүү кыйын. Ошондуктан элдин баары бул жакка акча тапканы келип атышат. Жашообузду оңдойлу деп.

- Элдин жашоо-тиричилиги оңолуш үчүн эмне кылыш керек?

Аскар: - Бул жерден акча таап алган күндө деле Кыргызстанда жыргап жашай албайбыз. Ошондуктан Кыргызстандагы жашоо-турмушту оңдош керек. Ошондон кийин гана биз бул жактан барабыз. Азыр биз бул жактан тапкан акчаларбыз ал жакта суудай жерге сиңип жок болууда. Бул жакка келишибиз баарыдан мурда бир мүмкүнчүлүк таап саал да болсо торолуп кетели дегенбиз. Өсөлү өнөлү деп келгенбиз, бирок Кыргызстанда азыркыдай шарт турганда өсүп-өнө албайбыз.

-Бул жерден акча таап алып арып анан ал жакта иш ачып дүркүрөп өсө бергениңиз эмне үчүн болбойт?

Аскар: - Мен өз ишканамды ачайын десем тапкан акчам жалаң чиновниктерге пара берүүгө кетет. Документ алыш үчүн жыйырма бешине кол койдуруп чыгышым керек. Ошолордун баарына төлөшүм керек. Ошондон кийин электр кубатына акы төлөө кымбат, сууга төлөө, жашоо-тиричиликке төлөө кымбат. Анан кантип аларга жетет?

- Азыркы бийлик же Бакиевди жактагандар жааты барбы деген суроо да койду.

Данияр: - Бакиевди жактаган эч ким жок. Кыргызстандан келгендер арасынан бирөө да чыкпайт. Биздин экономика эми торолуп келатат. Кыргызстан элин бага албай атат. Кайра эл чиновниктерди багып атат. Бул жерден он миң рубл, беш миң рубл айлыгын жөнөтөт. А бул жерде деле бизге документтерди жардам бергени менен аны акчага жазашат.

- Кыргызстан оңолуп кетиш үчүн эмне керек?

Данияр: - Аны билбейм. Бакиевдин өзү жакшылык кылып аткандыр, бирок чиновниктери жеп атат. Элди талап-тоногонун токтотпосо эл оңолбойт. Мына ГЭС куруп оңоду өзүбүздөн свет чыгып атат, бирок светибиз маал-маалы менен өчөт, кымбаттады да. Бакиев баары жокту кылганы менен электр тармагын кармагандар аларды кымбататып атат да.

Аскар: - Элдин баары ызы-чуу болуп атпайбы. Акаев деле бийликке келдгенде айткан Кыргызстанды Швейцарияга айлантам беш миллион элимди жөн эле багып алам деп. Бакиев келгенде деле ошентип айтты, беш миллион үчүн баары бар байлыгыбыз бар, мамлекетибиздин кендери жетет элимди жөн эле багып алам деп. Бирок элди баккан эч ким жок. Кайра эл ошол чиновниктерди багып атат. Ошонун дартынан кыргыздар Казакстан талаалары менен Орусия жеринде тентип жүрбөйбү. Кордуктун баарын көрүп атышпайбы. Жегендер ошол Бакиевдин үй-бүлөсү болуп атпайбы. Болгон байлыкты басып алып, мамлекеттик мүлктөрдү арзан баа менен сатып атат. Түдүк электрди үч миллон долларга сатып ийди. Чыгыш электрди сатып атат. Ушунун баары ачык айтканда убакыт келди дегенди билдирет. Адамдар оңолмоюн бийлик маңызы эч качан оңолбойт.

P.S. Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Раимкул Аттокуров "Азаттыкка" элчиликтин алдында болгон пикетти мыйзамсыз деп билдирди.

XS
SM
MD
LG