Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:53

Медведевдин Украинага иш сапарынын жыйынтыктары


Орусия башчысы Дмитрий Медведев эки күндүк иш сапары менен Киевде болуп, Украинанын президенти Виктор Янукович менен жолугуп, кургак жердеги чекти ажыратуу, ошондой эле орусиялык-украиндик алаканы алдыга жылдырууну көздөгөн келишимдерге кол коюшту.

Орусиялык жетекчи Дмитрий Медведев иш сапары учурунда Украинанын Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) кошулушун каалай турганын билдирди. Ал уюмга Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан кирет. Алар биргелешкен аскерий машыгууларды өткөрүп жана акыры бир тынчтык орнотуу тобун түзүү кебин куруп келишет.

Мындай кептин шаанилүү жагы – Януковичтен мурдагы Украин президенти Виктор Ющенко алаканы Батыш менен жакшыртып Орусия менен оолак саясат жүргүзүп келген. Ошондо эки өлкө ачык эле араздашып, кайсы бир маселелерде, маселен, көгүлтүр отун баасы жана НАТОго Украинанын мүчө болуп өтүүсү боюнча, ал тургай, жакалашканга чейин барып калышкан.

Аймактар партиясынын лидери, Кремл жеринен колдоого алып келаткан Виктор Янукович бийликке келгени Орусия жетекчилиги алаканы оңдоп жиберүү максатта Киев менен тез байланышканга өткөн. Анын бир жемиши 21-апрелде Харьков шаарында түзүлгөн келишим.

Анын негизинде орусиялык Кара деңиз флоту чейрек кылым Украинага караштуу суу аймагынын үстүндө кала бермекчи. Анын акысына Маскөө украиндерге газды баасын ылдыйлатып сатмак болду. Ошондуктан Киевге орусиялык жетекчинин келип кетүүсү улуттук деңгээлде коркунуч туудурат деген Юлия Тимошенконун пикирин Times гезити басып чыкты. Баса, Медведевдин келишин утурлап оппозиция уюштурганы аткан митингге бийлик уруксат бербей койгон.

Дагы бир сунушту – эки өлкөнүн газ тейлөөчү ишканаларын кошууну саал алдыраакта В.Путин киргизген. Д.Медведев ал маселени козгой сүйлөдү:

- “Газпром” туруктуу украиналык “Нафтогаз” менен байланышта. Азыр кандайдыр бир биргелешкен долбоор иштеп чыгуу боюнча акылдашып атабыз.

Бирок Украиналык президент В.Янукович оппозиция сынын эске алып, аны кийинкиге жылдырган. Оппозиция эгерде “Нафтогаз” өз алдынча иштөөдөн калса анда өлкөнүн 19 жылдык эгемендүүлүгүнө шек келет дейт. Маселен, оппозиция өкүмөт башчысы Сергей Соболев:

- Анда биздин өлкө экономикалык мүмкүнчүлүгүнө чет мамлекеттин өз ишканасы же биргелешкен компаниясы аркалуу түздөн-түз таасир этүү башталат, - дейт.

Ал эми Киевдин чукул арада Шериктештик жаатына кошулуу-коюусу боюнча Киевдеги глобалдык стратегиялык институттун деректири Вадим Карасевдин божомолу төмөнкүдөй:

- Эки өлкө ортосунда алыш-бериш болушу мүмкүн, ал эми Бажылык союзга кошулуу эртелик кылат. Азыр баарыдан мурда Маскөө менен кыйла сууп калган алаканы оңоо болуп атат, ошондуктан Якукович эми кайрадан Европаны карай кыңкаят, - дейт.

Канткенде да эки өлкө алакасы оңоло элек экендигин “Перспектива” борборунун эксперти Павел Рудяков айткан. Анын баасында Украина менен Орусия кызматташуу деңгээли Маскөө жана Анкара ымаласынан кыйла төмөн турат. Эмне дегенде РАО “Газпром” менен НАК “Нафтогаз” бириккенде Орусия кыйла көп акча чыгымдаган “Түштүк агым” кууру салынмак эмес. Ал эми Киевдин таарынычы да дал ошол “Түштүк агым” жана “Түндүк агым” кууру болууда. Эмне дегенде алар Украин жерин айлантып салынууда.

XS
SM
MD
LG