Уфада өткөн кезексиз курултайда 16-июлда Мамлекеттик Думадагы “Бирдиктүү Орусия” фракциясы сунуштаган төрт талапкердин ичинен Рүстөм Хамидовду жумуриятка жетекчи катары бекитүү маселесин колго салды. Алдыңкы күнү Орусия президенти Дмитрий Медведев Сочиде жүрүп, ошол жерге барган Муртаза Рахимовду кабыл алып, анын кызматынан мөөнөтүнөн мурда кетүү тууралуу арызына кол койгон.
Хамитовдун талапкердигин Орусия президенти Дмитрий Медведев сунуштаган. Башкырстандын мурдагы президенти, жумуриятты 1990-жылдан тарта башкарып келген Муртаза Рахимов ордун мөөнөтү бүтө электе бошотуп бере тургандыгын билдирген. Рүстөм Хамитов буга дейре «Русгидро» компаниясынын менежери болуп иштеп келген.
Саясий талдоочулардын баамында, Волга боюнда жумурияттар буга дейре Кремлге атаандаш болгонун, Татарстан менен Башкырстан федералдык бийликке таасири мындан ары азаярын, ошентип кыйла жылдар Кремлге жемин жедирбей келген Муртаза Рахимовдун доору ушуну менен аяктаганын айтышууда.
Орусияда экономикада болсун, саясатта болсун ал эки лидер оозунан чыккан кеп жерде калчу эмес, эми ал болбойт. Кремль мындан ары бардык аймактарына куду акимчилик менен сүйлөшкөндөй, ал жумурияттар менен өз оюна келгендей бийлик жүргүзө алат – кеп ушунда деп эсептейт серепчилер.
Ушул жазда “Бирдиктүү Орусия” партиясына карата Рахимов катуу сын айтып, ошондон соң Путин ага далысын салгандай. Мамлекеттик сыналгы Муртаза Рахимовдун баласын паракорчулукка тиешеси бар деп сындаган. Ошондон улам талдоочулар Кремль Башкырстандын мурдагы жетекчисинин артынан түшөт деп айтышат.
Орусиялык саясий серепчи Михаил Виноградовдун баамында, азыр бир нече жылдан бери элин былк эттирбей камап жаткан режимди талкалоого жол ачылды:
- Рахимовдун авторитардык режиминин тагдыры эми чечилет. Аны чырмалуу боодон бошотобу жана андай жагдай эми келген жетекчилерге жагабы – бул жакында билинет.
Татарстандын башчысы Минтимер Шаймиев менен Башкырстандын лидери Муртаза Рахимовдун кызматтан кетиши ушул жайда Орусиянын саясий майданындагы эң олуттуу окуя болгонун талдоочулар белгилешүүдө.
Рахимовдун тандаган кардлары дегинкиси иштин көзүн билген, бирок жетекчинин көзүн караган кишилер болгонун башкырстандык саясий талдоочу Альберт Мифтахов айтат:
- Парламентти Рахимов өзү тандаткан. Бирок анын көзүн карагандардан эмес, эмне дегенде Рахимовго берилип иштейт деген түшүнүк бизде жок.
Рүстөм Хамитов 55 жашта. Ал “Русгидро” компаниясына чейин Башкырстандын Айлана чөйрөнү коргоо министрлигин жетектеген, ага чейин жумурияттагы федералдык башкы көзөмөлдөөчү болгон.