Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:54

Судан: президентти камоо чечими укук коргоочулардын чечекейин чеч кылды


Судандын президенти ал-Башир
Судандын президенти ал-Башир

Эл аралык Кылмыш сотунун Судан президентин камакка алуу тууралуу буйрук бериши бүт дүйнө боюнча укук коргоочулардын чечекейин чеч кылды.

Брюсселде жайгашкан Эл аралык кризис тобу ордерди "Судан үчүн бурулуш көз ирмем" деп бааласа, Лондондогу Эл аралык Мунапыс уюму согуш кылмыштары жана адамзатына каршы кылмыштары үчүн айыпталган ал-Баширди сотко дароо багынып берүүгө чакырды. Бирок алгачкы сүйүнүчкө карабастан, укук коргоочу адистер ал-Баширди сот алдына алып келүү жакын арада боло койуучу оңой иш эмес экендигин моюнга алышууда.

Эл аралык кылмыш сотунун камакка алуу буйругунда Судандын президенти ал-Башир согуш кылмыштары, адамзатына каршы кылмыштары, киши өлтүрүү, күч менен көчүрүү жана башка кылмыштар боюнча сот алдында жооп берүүгө тийиш экендиги айтылат. Бирок сот ал-Баширге геноцид боюнча айып койууга жетиштүү негиз таба албагандыгын маалымдады.

Гаагадагы пресс-конференцияда Эл аралык Кылмыш сотунун маалымат катчысы Лорен Блероң ал-Баширдин президент экендиги аны сот жообуна тартылууда арачылап кала албай тургандыгын билдирди:

– Бул Эл аралык Кылмыш сотунун бийликте отурган мамлекет башчысын камакка алууга биринчи жолу буйрук бериши. Омор ал-Баширдин учурда мамлекет башчысы экендиги аны кылмыштары үчүн жооп берүү милдетинен куткара албайт, Эл аралык кылмыш сотунун алдында соттолуудан кол тийбестик ыйгарбайт.

Гаагадагы Эл аралык Кылмыш соту согуш кылмыштары боюнча дүйнөдөгү алгачкы туруктуу иштеген сот катары 2002-жылы түзүлгөн.

Ал-Башир соттун буйругун орундабай тургандыгын билдирди. Ал эми Судан өкмөтү буйрукту иште ашырууда кызматташпай тургандыгын айтууда. Эл аралык соттун өз буйругун аткарууга мандаты жок. Бирок шектүү кылмышкерлер Кылмыш сотуна кошулган 100дөн ашык өлкөнүн аймагында камакка алынышы мүмкүн. Судан бул тизмеде жок.

Буйруктун мындай чектөөлөрүнө карабастан, укук короочу "Хьюман Райтс Уотч" уюмунун эл аралык акыйкаттык программасынын директору Ричард Диккер буйруктун чыгарылышына жогору баа берди:

– Бул карапайым тургундарды массалык кырууну, зордуктоону коркутуунун же согуштун куралу катары колдонууну, бүтүндөй жамааттарды улуту үчүн күч менен көчүрүүнү айыптоо болуп саналат. Бул маанилүү көз ирмем, биз бүгүн уккан Кылмыш сотунун чечими чынында да эбегейсиз масштабдагы жетишкендик.

"Дарфурду сактайлы" деп аталган коалициянын байланыш кызматкери Ниемат Ахмадинин ишениминде, сот өкүмү Судандын Дарфур өрөөнүндө болгон кылмыштарга эл аралык коомчулук көңүл кош карабай тургандыгын айгинеледи:

– Бул чечим азаптан дале башы арыла элек биздин элдин нааразылыгын пастатып, алсыздык сезиминен арылтат. Абал оң жагына чечилээрине үмүт жок болчу, азыр эми алар акыйкаттык калыбына келиши мүмкүн экендигине ишенип калышты.

Бириккен Улуттардын эсебинде, Дарфурдагы жаңжалда 2003-жылдан бери 300 миңдей кишинин өмүрү кыйылып, 3 миллионго чукулу үй-жайын таштап тентип калды.

Ал-Башир Эл аралык Кылмыш сотунун айыптоосун четке кагып, колунан келсе, аларды сот аркылуу төгүндөмөк экендигин айткан. Соттун өкүмү жарыяланаардын алдында ал сот чечиминин ага эч кандай ысык-суугу жок экендигин жарыялаган. Ал эми сот чечими белгилүү болгондон кийин Судан президенти чет элдик 10 ири гумжардам уюмга өлкөдөн чыгып кетүүгө буйруду. Жардам агенттиктери Суданда иштөө лицензиясынан айрылса, 10 миңдеген жарды судандыктардын абалы дагы оорломокчу.

XS
SM
MD
LG