Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:41

Швецияда ашынган оңчулдар парламентке келди


"Швециянын Демократтары" партиясынын лидери Жимми Акессон жеңишке кубанып турган чагы
"Швециянын Демократтары" партиясынын лидери Жимми Акессон жеңишке кубанып турган чагы

Швецияда ашынган оңчулдар алгачкы жолу парламент орундарын жеңип алды. "Швеция Демократтары" партиясы мусулмандарды эң чоң тышкы коркунуч катары сүрөттөп, үгүт кампаниясын мигранттарга каршы платформада жүргүзүп келди.

Жимми Акессон башында турган "Швециянын Демократтары" партиясы төрт проценттик чектен өтүп, парламентте 20 чакты мандат жеңди. Муну менен алгачкы жолу парламентке өткөн ультра оңчулдар бийликтеги партия менен өкмөт түзүү мүмкүнчүлүгүнө да ээ болушту.

Премьер-министр Фредерик Райнфелддин коалициясы 349 орундуу парламенттин 173 мандатын жеңди. Бирок анын төрт партиядан турган бирикмеси абсолюттук көпчүлүккө жетише алган жок.

Акессон анын партиясы эми Швециянын саясий турмушуна таасир эте алат деп билдирди:

- Биз жоопкерчиликти алууга даярбыз жана башка партиялар да өлкөнүн тагдыры үчүн жооп берүүгө даяр деп ойлоймун. Жакынкы жумаларда жаңы өкмөт куралат жана биздин партия парламентте олуттуу позицияга ээ болот деп ишенем.

Бирок Райнфелд ашынган оңчулдар менен коалиция түзүү планы жок экенин дароо эле билдирди:

- Жыйынтык биз каалагандай болгон жок. Так айтуу азыр дагы эрте. Бирок мен жана альянс боюнча шериктерибиз шайлоо кампаниясы маалында берген убадаларыбыздан тайбайбыз. Швецияны шайлоону жеңген блок башкарат. Элдин эркине ылайык, бул – биздин Альянс.

Солчул-борборчул социал-демократтар бул шайлоодо утулушка учурады. Алар Жашылдар партиясы менен коалицияга биригип ат салышкан. Социал-демократтар соңку 78 жылда өлкөнү 65 жыл бою башкарып келишкен.

Өкмөт башчы анын коалициясы ашынган оңчулдарга караганда Жашылдар партиясы менен мунаса табууга даяр деди.

Үгүт кампаниясынын жүрүшүндө Райнфелд шайлоочулар “Швецияны жакшы көрүшсө” келгиндерге каршы болгон партияларга добуш бербөөгө тийиш деп кайталап келди.

Акессон иммиграциянын деңгээлин 90 процентке азайтууга үндөп, мусулмандарды экинчи дүйнөлүк согуштан бери Швецияга эң чоң коркунуч туудурган күч катары сүрөттөөдө. Айтмакчы, анын партиясы мындан төрт жыл мурун добуштардын үч пайызын алган.

Европанын бир катар башка өлкөлөрүндө да келгиндерге каршы саясатты жактаган улутчулдар соңку кездери чоң ийгиликке жетишкенин байкаса болот. Июнда Голландияда мурда тогуз эле мандаты бар Гирт Уайлдерстин партиясы 24 орун жеңип алды. Уайлдерс Куранга, жаңы мечиттерди курууга тыюу салуу, жоолук салынып жүргөн аялдарды айыпка жыгуу, мусулмандардын Голландияга иммиграциясын чектөө өңдүү сунуштары менен белгилүү. Дания менен Норвегияда мусулман өлкөлөрдөн көчүп келген иммигранттардын саны көбөйгөн сайын улутчул партиялардын популярдуулугу өсүүдө.

Эң кызыгы, Скандинавиянын бул эки өлкөсүндө келгиндерге каршы саясат күчөтүлгөн сайын иммигранттар кошуна Швецияга агылышты. Бул өз кезегинде иммигранттарга каршы программалары менен белгилүү болгон саясатчылардын турумдарынын бекемделишине алып келди.

XS
SM
MD
LG