Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:07

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму чочко тумоосунун пандемиясын жарыялады


Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Маргарет Чан Женевадагы пресс-конференцияда, 11-июнь, 2009-жыл
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Маргарет Чан Женевадагы пресс-конференцияда, 11-июнь, 2009-жыл

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму чочко тумоосунун коркунуч деңгээлин 6-тепкичке көтөрүп, пандемияны расмий жарыялады. Эми өкмөттөр илдеттин мындан аркы жайылышын алдын алуу чараларын күч алдырып, H1N1 вирусуна каршы вакцинаны чыгаруу иштери ыкчамдатылууга тийиш.

Жума күнү Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Женевадагы баш кеңсесинде чукул жыйын өткөрүлүп, адистер H1N1 вирусунун же чочко тумоосунун жайылышы пандемия деңгээлине жеткенин ырасташты.

- Колдогу маалыматтарга жана эксперттердин баасына таянып, сасык тумоонун пандемиясын жарыялоо үчүн илимий критерий жетиштүү деп таптык. Пандемия коркунучунун деңгээлин эң жогорку 6-тепкичке көтөрүүнү чечтим, - деп билдирди уюмдун башкы директору доктор Маргарет Чан.

Сөз болгон вирус март айында Америкадан тарап, Европа, Азия, Австралияны каптады. Уюмдун маалыматына ылайык, чочко тумоосуна 74 өлкөдө 28 миң 774 адам кабылып, 144 киши көз жумду.

Буга чейин акыркы жолу пандемия 1968-жылы Гонконг сасык тумоосуна байланыштуу жарыяланган. Ал оорудан 1 миллионго жакын адам каза тапкан. Кадыресе сасык тумоо жылына 250 миң-500 миң кишинин өмүрүн алып кетет.

Чан чочко тумоосунун учурлары азайганы байкалган өлкөлөрдү анын 2-толкуну мурункудан оор болушу мүмкүн деп, андай ыктымалдыкты эстен чыгарбоого үндөдү.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өкүлдөрү бул жолу пандемия өз убагында, оорунун жайылышы башталаары менен байкалганын белгилешти.

Бирок бул – вирустун бул түрүнө каршы вакцина колдо бар дегенди билдирбейт.
Окумуштуулар вакцина сентябрь айында гана даяр болушу мүмкүн деп ырасташууда.

Чочко тумоосунун 2-толкуну менен катар анын ар кандай түрлөрүнө да даяр туруш керек, - деп белгиледи доктор Чан. Бирок азырынча вирустун мутациясы же өзгөрүлүшү байкала элек:

- Кечээки жыйында сасык тумоонун учурлары көп катталган өлкөлөрдөн алынган маалыматтар талкууланды. Аларга караганда вирус азырынча стабилдүү. Жана анализдер көргөзгөндөй, ар башка өлкөлөрдө табылган вирус бири бирине абдан окшош. Бирок маселе туура коюлуп жатат, биз анын өзгөрүлүшүнө жакындан байкоо салып турушубуз керек.

XS
SM
MD
LG