Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:55

Тажикстандын борборунда мургаптык кыргыз кыздын сөөгү табылды


Сүрөттө: Бактыгүл Карыбек кызы, Тажикстандын Тоолуу Бадакшан облусундагы Мургап районунан келген студент кыз.
Сүрөттө: Бактыгүл Карыбек кызы, Тажикстандын Тоолуу Бадакшан облусундагы Мургап районунан келген студент кыз.

Тажикстандын борбору Дүйшөмбүдө кыргыз улутундагы 18 жашар студент кыз белгисиз жагдайда каза болду. Анын сөөгү 3-апрель күнү өзү окуган университеттин жанынан табылган. Тергөөчүлөрдүн алдын-ала жоромолуна караганда, Мургаптан келген кыз өз жанын өзү кыйган болушу ыктымал.

18-жаштагы Бактыгүл Карыбек кызы Тажикстандын Тоолуу Бадакшан облусундагы кыргыздар жашаган айтылуу Мургап районунан. Ал былтыр сентябрь айында президенттин алыскы райондордогу кыздарга багытталган атайын программасынын алкагында Дүйшөмбү шаарына келип, Тажикстан улуттук университетинде окуй баштайт.

Жыл айланбай, биринчи курстагы Бактыгүлдүн жансыз денесин 3-апрель күнү таңда өзү окуган окуу жайдын имаратынын жанынан табышты.

Окуя болгон жерге келишкен Тажикстандын ички иштер министрлигинин кызматкерлери башкы версия катары "кыз имараттын үчүнчү кабатынан боюн таштаган болушу мүмкүн" деген жоромолду айтууда. Анткени, дешет алар, маркум сөөгүн текшерүүгө алганда күч колдонуунун же зордук-зомбулуктун издери байкалган эмес.

Тажикстанда учурда бул окуя көп талкууланып, эгер киши колдуу болбосо, анда студент кыздын мындай кадамга барышына эмне себепчи болду экен? деген суроого жооп изделүүдө.
Ал абдан акырын сүйлөп, тынч жүргөн кыз эле. Малохат Файзуллаева.


Жоромолдордун биринде маркум кыздын алыскы элеттик аймактан шаарга былтыр эле келгени, жакыр жашаганы, ар дайым карызга акча суроого мажбур болгону, тажикче жакшы билбегени, теңтуштарынан обочо калганы айтылат.

Бактыгүлдүн группа боюнча жетекчиси, физика факультетинин орун басар деканы Малохат Файзуллаеванын сүрөттөөсүнө караганда, Бактыгүл абдан жоош, көп сүйлөбөгөн кыз эле:

- Мен анын эч качан арызданганын уккан эмесмин. Башка кыздардан сурагандай андан да ар-дайым жашоо-турмушун сурап турчумун. Кандайдыр бир проблемаңар болсо айткыла дечүмүн. Ал "баары жакшы" деп жооп берчү. Өзбекче «хаммасы йакшы» деп койчу. Ал абдан акырын сүйлөп, тынч жүргөн кыз эле.

Тажикстандын Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Махмадулло Асадуллоев бул окуя тууралуу «Азаттыкка» буларды айтты.

- Күбөлөрдүн көрсөтмөсүнө, биздин алдын-ала иликтөөлөрүбүзгө жана медико-криминалисттик экспертизага караганда, кыздын денесинде зордук-зомбулуктун издери байкалбайт.

Бактыгүлдүн окуусу күндүзгү саат 12ге чамалай башталчу. Бирок ошол каргашалуу күнү ал окуусуна эрте келген. Эртең менен китепканада, андан кийин сабакта болгон кыз саат 15:00дө университеттен чыгып кеткен.

Ошол боюнча кайда кеткени белгисиз кыздын жансыз денеси эртеси таң эрте окуу жайдын жанынан табылган.

Ал жашаган атайын алыскы элеттик райондордон келген кыздарга арналган «Сервар» жатаканасынын жетекчиси Бозгүл Дотходоева «Азаттыктын» суроолоруна жооп берүүдөн баш тартты.

Бактыгүлдүн группалашы Межгона аттуу кыздын айтымында, алар өз ара өзбекче сүйлөшүп, көбүнчө сабак тууралуу аңгемелешишчү.

- Биз дос болуп калганбыз. Ал менден көпчүлүк учурда окуу жөнүндө гана сурачу. Биз өзбекче сүйлөшчүбүз. Мен ага тажикче үйрөнгөнүнө жардам берчүмүн.

«Азаттык»: - Ал ооручу эмес беле?

Межгона: - Жок. Мен анын ден-соолугу жакшы эмес экенин байкаганым жок. Антип деле өзү айтчу эмес. Ал сабакта ар дайым бир адам менен отурчу эмес. Дайыма улам башка адамдар менен отуруп калчу.
Биз өзбекче сүйлөшчүбүз. Мен ага тажикче үйрөнгөнүнө жардам берчүмүн. Межгона.

Дүйшөмбү шаарындагы белгилүү психолог адис Нафиса Муродованын айтымында, алыскы райондордон байтакты шаарга келген жаш кыздар алгачкы бир канча айда өздөрүн чүнчүткөн олуттуу психологиялык жагдайга (стресске) кабылышат.

Шаар турмушуна көнө албай, көбү абдан түнт болуп, айрымдары көпчүлүктөн бөлүнүп калышат.

Анын пикиринде, ата-энесинин колунан жаңы чыккан ошондой жаштар шаардын катаал жашоосуна чыдабай кетиши да мүмкүн:

- Балким бул кыздын мүнөзү өзгөчө болгондур. Ушундай адамдар да болот. Алар коомго тез аралаша алышпайт. Абдан эле уялчаак болушат. Алардын өзүн-өзү баалаоосу төмөн. Андыктан, алардын жанында эрки күчтүү бирөө болушу керек.

Ошондой эле анын айтымында, жаштар оңой эле бири-бирин, теңтуштарын шылдың кыла беришет. Өзү араң жүргөн адамга бул өтө катуу тиейт.

- Анын үстүнө биздин маданиятта психологго баруу салты калыптанган эмес, - дейт Муродова.

Учурда бул ишти Дүйшөмбү шаарындагы райондук прокуратура иликтеп жатат.

Тергөөчүлөр кыздын киши колдуу болушу мүмкүн деген версияны ыктымалдан четтетип, акыркы планга чыгарып жатышат. Андыктан алар "бул кайгылуу окуя - маркум кыздын тегине карап жасалган кылмыш иши болушу күмөндүү" дешет.

XS
SM
MD
LG